КЫСКА МӨӨНӨТТӨГҮ, БИРОК КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ БАЛА БАКЧАЛАР

  • 02.03.2018
  • 0

КЫСКА МӨӨНӨТТӨГҮ, БИРОК КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ БАЛА БАКЧАЛАР

 

Даткайым быйыл үч жарым жашта. Ал айылдагы кыска мөөнөттүү бала бакчага барат. Апасы Самудинова Элизанын айтуусунда кызы аз убактын ичинде түстөрдү, жаныбарларды айырмалап калды. Бир канча ырларды жатка айтып, ырдай да билет.

Жогорудагыдай  ийгиликке жетишкендердин арасында Даткайым жалгыз эмес.   Биз буга 27-февралда Кочкор районуна барганыбызда  күбө болдук. Кайда караба жанылык артынан жаныланган адамдар!  Дүйнөлүк Банк каржылаган Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» долбоорунун координатору Исаева Александра бизди, борбордук жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн, агартуу айдынындагы ушундай жаны саамалык менен дыкат тааныштырды.

— Кыска мөөнөттүү бала бакчалар көп чыгымды талап кылбайт. Ысык тамак, уктоочу бөлмө менен камсыз кылуунун зарылдыгы жок. Бөбөктөр мында үч саат болуп, сүрөт тартканды, жөнөкөй сандарды, айрым тамгаларды айырмалап айтканды үйрөнүшүп, интерактивдүү оюндарды ойношот. Жаз-күз мезгилинде талаа жумуштары менен алек болгон ата-энелерге бул ынгайлуу. Экинчиден, айыл жериндеги шарт шаардан башкача. Бөбөктөрдүн чоң аталары, чоң энелери, байке-эжелери бар. Бирок атайын убакыт бөлүп, баланы окууга үйрөткөндөр сейрек.  Биз кенже балдарды мектепке даярдаган ушундай билим берүү мекемелерин  Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда ачып жатабыз.  Алыскы Чаткалда жетөө курулган. Көпчүлүгү мектеп астында иштейт, — дейт долбоордун координатору.

Пресс-турдун жүрүшүндө биз, журналисттер, долбоор алкагында аткарылган бир топ иштерге  байкоо салып, чын дилден кубандык.

КЫСКА МӨӨНӨТТӨГҮ, БИРОК КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ БАЛА БАКЧАЛАР

 

— Сиздер көрүп турган бала бакча мурун мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен имарат болчу. Жергиликтүү жамааттын, Айыл өкмөтүнүн колдоосу менен кайтарып алдык. Ремонт иштерине бир миллион эки жүз мин сомдон ашуун акча кетти. Акчаны стимгранттын эсебинен алдык. Азыр эки топто 60 бала бар. Балдар ата-энелеринин коштоосунда күнүнө үч сааттан билим-тарбия алып кетишет, — дейт Кочкор районундагы Бостонов атындагы орто мектебинин алдында ачылган кыска мөөнөттүү бала бакчанын директору Сулайманова Асыл.

Ушундай эле өзгөрүүлөрдү биз райондогу Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин алдындагы кыска мөөнөттүү «Татына» бала бакчасынан көрө алдык. Балдар үчүн мында бардык шарттар түзүлгөн. Кенже курактагы балдардын кызыгуусун жараткан, аларды китеп окууга кызыктырган ар кандай аталыштагы түстүү китептер, биг-буктар китеп текчелерине катар коюлуптур. Ушул китептердин бирин колдонуп, балдарга жомок айтып жаткан тарбиячынын сабагына байкоо салып, ичибизден ыраазы болдук.

Жакында эле Түркия Республикасына тажрыйба алмашуу сапарына барып келген «Баатыр эне» Перизат Багышова жетектеген райондогу «Баластан-нуру» балдар бакчасына да баш бактык. Бул балдар мекемеси 110 балага ылайыкташкан. Учурда кыска мөөнөттүү «Наристе» жана «Балалык» топторунда 23төн бала тарбияланат. Бакчада баш-аягы беш тарбиячы эмгектенет экен.

— Түркияда балдар бакчаларынын ачылганына он беш жылдай эле болуптур. Бирок ийгиликтери тан калтырат. Бирине бири окшошпогон бала бакчалар! Арасында мамлекет камсыздаганы, жеке менчиги, кайсыл бир фонддорго тиешелүүсү, диний багыттагысы, батыштын гуманисттик педагогикасынын үлгүсүндө иштегени да бар. Баарынын окшош жагы – негизинен кыска мөөнөттүү бала бакчалар экен. Аларды көрүп, биз дагы туура багытта бара жатыппыз деген ишеничте келдим,- дейт Перизат Багышова.

КЫСКА МӨӨНӨТТӨГҮ, БИРОК КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ БАЛА БАКЧАЛАР

 

Бул күнкү пресс-турдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева бүгүнкү иш-чара тууралуу өз ойлору менен бөлүштү. Министрдин сөзүнө караганда республикада мектепке чейинки билим берүүнүн тарыхында 2010-жыл чон бурулуш жылдардан болуптур. Анткени, ага чейин республика боюнча 900гө жетпеген балдар бакчалары болсо, учурда алардын саны 1296га жетиптир. Булардан сырткары, 2012-жылдагы Кыргыз өкмөтүнүн балдар мекемелерине барбаган балдарды мектепке даярдоо тууралуу токтомунун негизинде 2015-жылдан бери Дүйнөлүк Банктын каржылык колдоосунда 480 сааттык «Наристе» программасы иштеп, 7055 тарбиячы даярдыктан өтүшкөн. Министрдин пикиринде 6-7 жаштагы балдарды мектептик окутууга даярдоо ишин колго алган «Наристе» программасы мектеп жашына чейинки балдарды дене, акыл-эс, туюм, асылзаадалык жактан жетилтүүнүн эн мыкты мектеби болуп калды. Андан аркы сөзүндө министр мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоого багытталган жаны демилгеге токтолду.

— ПИЗАнын иликтөөлөрүндө балдарды эн эле жаштайынан окутуу алардын кийинки өсүп-өнүгүүсүнө зор таасир этет экен. Ошон үчүн биз бул ишке зор маани берип жатабыз. Алыскы тоолуу райондордун аймактарында көпчүлүк балдар мектепке даярдык ишине муктаж болчу. Учурда  Айыл өкмөттөрүнүн демилгесин колдоп, Дүйнөлүк Банктын каржылык колдоосунда 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарды мектепке даярдоо ишин жүргүзгөн «Балалык» программасын ишке ашырып жатабыз. Программанын алкагында республиканын бийик тоолуу  аймактарында 2017-жылдын сентябрь айынан тартып 120 кыска мөөнөттүү (3-сааттык) бала бакчалар ачыла баштады. Алар бала бакчалары жок же бала бакчаларынын саны чектелген республиканын алыскы аймактарында жайгашып, 10 минге жакын балдарды камтыйт. Балдар менен иштөөгө 310 тарбиячы жана 120 бала бакча жетекчилери атайын окуудан өтүп, жаныдан ачылган бул кыска мөөнөттүү бала бакчалардын баары зарыл эмеректер, окуу-методикалык, көрсөтмө куралдар, оюн аянтчалары менен камсыз болушту. Бүгүн өзүнөр көргөндөй, программа боюнча ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин, коомчулуктун пикири абдан жакшы. Башкысы, кыска мөөнөттүү бала бакчаларда тарбия алып жаткан наристелердин кубанычы тоодой экен, -деди өз сөзүн жыйынтыктап Гүлмира Каримовна.

А. Алибеков

Бөлүшүү

Комментарийлер