КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ АРБЫН

  • 11.08.2022
  • 0

Өлкөбүздө мектепке чейинки билим берүү программалары жогорку деңгээлде камтылгандыгына карабастан, жаш балдардын толук кандуу мектепке чейинки билим берүү системасына камтылуу мүмкүнчүлүгү жок, ушундан улам алардын жашоосунун эң маанилүү мезгили атайын уюштурулган тарбия процесинен тышкары калыптанууда.

Бул абалдан чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартууну кеңейтүү боюнча максаттуу иштерди улантууда. Өткөн жылы министрлик Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим» долбоорун ишке киргизген. Бул долбоордун багыттарынын бири – мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү: өлкө боюнча 40 миңге жакын баланы камтыган 500 кыска мөөнөттүү бала бакча түзүлөт.
Кыска мөөнөттүү бала бакчалар экономикалык жактан кирешелүү экени талашсыз. Мисалы, Кыргызстанда долбоордук кубаттуулугу 60-100 орундуу бала бакчанын курулушуна 25 миллион сомдон ашык каражат керектелсе, бала бакчанын жетишсиздиги курч болгон айылдарда кыска мөөнөттүү бала бакчаларды уюштуруу үчүн республикалык бюджеттен каржылык каражат бөлүүнүн же жаңы имараттарды куруунун зарылчылыгы жок.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер