КЫШКЫ КАНИКУЛДАГЫ КООПСУЗДУК

  • 15.01.2025
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун кышкы каникул убагында окуучулар арасында “Кышкы каникулдагы коопсуздук” боюнча онлайн- сынак жарыяланган. Онлайн-сынак эссе жазуу, сүрөт тартуу боюнча 28-декабрдан – 9-январына чейин иштер кабыл алынып, 10-январда жыйынтыгы чыкты.

КЫШКЫ КАНИКУЛДАГЫ КООПСУЗДУК

Маалыматка ылайык, онлайн сүрөт жана эссе конкурсуна жигердүү катышкан жана жогорку чыгармачылык деңгээлин көрсөтүп, кышкы мезгилде коопсуздук темасы боюнча өз ойлорун Ош облусунун Араван, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунан, ошондой эле Бишкек, Свердлов жана Октябрь, Биринчи май райондорунан 71 бала билдирген.

КЫШКЫ КАНИКУЛДАГЫ КООПСУЗДУК

— Жумуштар өзүнүн оригиналдыгы, жарыктыгы жана терең маани-маңызы менен айырмаланып, жеке жана коомдук коопсуздук маселелерин түшүнүүдө терең көз карашты жана көңүл бурууну көрсөттү. Биз катышуучулардын өз таланттарын көрсөтүп, ушундай маанилүү тема боюнча ойлорун бөлүшкөндүгүнө кубанычтабыз. Бардык катышуучуларды жетишкендиктери менен куттуктайбыз, ал эми жеңүүчүлөрдү — жетишкен сыйлыктар менен! Мындай конкурстар балдардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана коопсуздук маселелерине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна өбөлгө түзөрүнө ишенебиз, — дейт директордун милдетин аткаруучу Н.Боровикова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер