«КЫШ ЧАКЫРЫГЫ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 01.02.2023
  • 0

Кемин районундагы Ак-Түз орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери “Кыш чакырыгы” эл аралык сынакка онлайн катышып, байгелүү орундарга ээ болду.

«КЫШ ЧАКЫРЫГЫ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бийик тоолуу Ак-Түз айылындагы орто мектебинин окуучулары үчүн быйылкы кыш өзгөчө эсте каларлык болууда. Ак-Түз орто мектебинин кружоктук иштеринин жетекчиси Клара Аильчиева, мындай жааган карды сагынып калган балдар өздөрүнүн чыгармачылыгына кышты айкалыштырып, сынакка жигердүү катышкандыгын айтты.

— Азыр тоо этегиндеги айылдарда, айрыкча, Ак-Түзгө окшогон тоо арасындагы айылда сөз менен айтып жеткире албаган сонун учур болуп турат. Балдар эле эмес, чоңдор да канчадан бери калың түшкөн карды көрбөй унута баштаган окшойбуз. Мына жакында эле “Кыш чакырыгы” деген аталыштагы онлайн өткөн эл аралык сынакка биздин балдар да катышып, дараметинин жетишинче кыш кереметин сүрөттөп беришти, — дейт.

Жаңы эле ишке кирген Ак-Түз орто мектебинин директору Бегимай Осмонованын жетекчилиги жана уюштуруусу менен өтүп жаткан бул сынак балдардын чыгармачылык шык-жөндөмүн арттырууда. Балдар кыш мезгилиндеги кооз көрүнүштөрдү чагылдырган ырларды көркөм окуп, сүрөттөрдү тартып, кол өнөрчүлүгүнө да кошуп, чыгармачылык менен изденген аракеттери текке кеткен жок. Алсак, көркөм сүрөт өнөрү боюнча 4-класстын окуучусу Аружан Сейдахметова биринчи орунду, кол өнөрчүлүгүнөн 1-класстын окуучусу Алия Амирова экинчи байгелүү орунду ээлеп, Турцияга жолдомо утуп алып, кубанычтары чексиз болуп турган чагы. Калган активдүү катышуучулар грамоталар, дипломдор менен сыйланышты.

«КЫШ ЧАКЫРЫГЫ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Белгилей кетсек, ушул жана башка сынактарга экинчи, үчүнчү ирет катышып, сыйлыктарга ээ болуп жаткан активдүү окуучулар да жок эмес. Мисалы, 6-класстын окуучусу Элайым Исаева былтыр ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн “Күз жаңырыгы” сынагына инструменталдык аспаптарда ойноо номинациясы боюнча катышып “Дүйнө элинин достугунун” дипломун алса, “Кыш чакырыгы” сынагында көркөм окуу боюнча катышкан. Элайым сыяктуу эле Асема Бактыбекова (көркөм сүрөт өнөрү жана көркөм окуу), Алима Курманбекова да (көркөм сүрөт өнөрү жана инструменталдык аспаптарда ойноо) эки номинация боюнча катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн ар тараптуу сынады. Ал эми 8-класстын окуучулары Асель Сооронбаева жана Асель Исмаилова комуз чертүү номинациясында өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп, угуучулардын купулуна толду.

Мектептин орус тили жана орус адабияты мугалими Эльмира Солтонкулова балдарды көркөм окуу номинациясы боюнча даярдап гана тим болбостон, өзү да көркөм окуп, сынакка катышканы балдарга үлгү болду. Ал окуткан балдар район боюнча эле эмес, облустук деңгээлде да ийгиликтерди жаратып жүрүшкөнүн кошумчалай кетпесек болбос. Эльмира Качкыновнанын мурдагы окуучусу, көркөм окуу боюнча сынактардын бир нече жолку жеңүүчүсү, учурда Москвадагы Геодезия жана картография колледжинде ийгиликтүү окуп жаткан Тилек Аильчиев өзүнүн мектебинин намысын коргоп, сынакка онлайн катышып “Дүйнө элинин достугу” диплому менен сыйланып, мугалимдеринин кубанычын ого бетер арттырды.

«КЫШ ЧАКЫРЫГЫ» ЭЛ АРАЛЫК СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кошумчалай кетсек, бул сынак 2016-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Пандемия учурунда үйдө олтурган балдарды алаксытуу максатын көздөгөндүктөн, 2020-жылдан бери онлайн ыкмасында өткөрүлүп келүүдө.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер