КЫРГЫЗСТАНДЫН ПЕДАГОГДОРУ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯДА

  • 02.05.2023
  • 0

Бүгүн, 2-майда КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептик билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, жогорку окуу жайлардын педагогика багытында сабак берген окутуучулары, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү Алматыда ишин баштаган “Эне тилдин негизиндеги көп тилдүү билим берүү: сапатты жана социалдык интеграцияны камсыз кылуунун багыты” аталышындагы көп тилдүү билим берүү боюнча эл аралык конференцияга катышууда.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПЕДАГОГДОРУ КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯДА

Конференцияга КМШ өлкөлөрүнүн, Монголия, Нидерландия, Эстония, Молдова жана Грузиянын 70тен ашуун педагогдору, эксперттери келишти.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүүнүн ар түрдүү аспектилери боюнча тажрыйба алмашып, көп тилдүү билим берүү программаларын пландаштыруу, ишке киргизүү жана баалоо, эне тилди жана экинчи тилди окутуунун методикасы, предметти жана тилди интеграциялоо аркылуу окутуу ж.б. темаларды талкуулайт.

Ошондой эле мектептердин, ЖОЖдордун жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борборлорунун аймактык тармагынын мүчөлөрү катары эне тилге негизделген көп тилдүү билим берүү жаатында мындан аркы кызматташуунун механизмдерин талкуулашат.

Мындан сырткары катышуучулар Алматы шаарындагы уйгур, казак жана орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге жана Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетине барып, мугалимдерди даярдоо тажрыйбасы менен таанышат.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2-майдан 6-майга чейин өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер