КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ГЕРМАНИЯДА ОКУТУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 22.09.2022
  • 0

2022-жылдын 22-сентябрында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык иш менен камсыз кылуу агенттигинин делегациясы менен жолугушту. Анда министрдин орун басары кыргызстандык адистерди Германияда ишке орноштуруу маселелерин талкуулады.

Германиянын Эмгек жана социалдык иштер боюнча федералдык министрлигинин Европалык жана эл аралык ишке орноштуруу жана социалдык саясат департаментинин директору Карстен Штендер Кыргызстандан кадрларды тартуу аракеттери боюнча маалымат берди.

Ал эми Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Өмүрбек Текебаев Германияда медициналык адистерди окутуу мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

Министрдин орун басары ГФРнын делегациясына ыраазычылыгын билдирип, башка кесиптер боюнча да окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени көтөрдү. ГФРнын өкүлдөрү Германиянын окуу жайларынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыгына көмөктөшүү жөнүндө билдиришти.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Германия делегациясынын курамында Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттигинин Эл аралык департаментинин жетекчисинин орун басары Михаел ван де Каммен жана Саксониянын Федералдык иш менен камсыз кылуу агенттигинин аймактык дирекциясынын башчысы Клаус-Питер Ханзен катышты. (НМ)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер