КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАРДЫН ТАИЛАНДДАГЫ АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДАГЫ ЖЕҢИШТЕРИ

  • 07.02.2024
  • 0

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАРДЫН ТАИЛАНДДАГЫ   АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДАГЫ ЖЕҢИШТЕРИ

Кыргызстандык жаш сууда сүзүүчүлөр 2-4-февраль күндөрү  Бангкок шаарында (Таиланд ) өткөн “AOSI Bangkok 2024” мектеп окуучулары арасындагы Азия чемпионатынан 40ка жакын түрдүү номинациядагы медалдарды жеңип, күйөрмандарды кубантып, абдан олжолуу кайтып келишти.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Евгений Петрашов машыктырган Михаил Хегай ийгиликтерди жаратып,  Азия чемпионатында сегиз алтын жана эки күмүш медаль утуп, келечегинен үмүткөр кылып койду.  Кошумчалай кетсек, Михаил Хегай экинчи жыл катары менен 9-11 жаш  курактагы жеткинчектер арасында мыкты спортчу деп табылган.

16 жаштагы Амир Кыдырмаев адистердин көңүлүн буруп, Азия чемпионатынын төрт алтын, эки күмүш медалынын ээси болду. Анын машыктыруучусу Александр Слепченко. Амир 16-17 жаштагы уландар арасында мыкты спортчулардын ичинен экинчи болду.

Ал эми Айдаралиева Айымкыз (машыктыруучусу Елена Лещенко) Азия биринчилигинде  эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалга ээ болуп, 12-15 жаштагылар арасында Азиядагы мыкты спортчулардын арасынан үчүнчү орунду ээледи.

Жаш сууда сүзүүчүлөр Адам Назарбеков, Никита Паренко, Александр Мазниченко, Михаил Хегай 4х50 сүзүү боюнча эстафетада марага биринчи келишип, командалык эсепте 1-орунду камсыз кылышты.

Ошондой эле Кыргызстандын мектеп окуучуларынын  командасына байгелүү орундарды, күмүш жана коло байгелерди  Рус Кристина, София Петрашова, Владимир Тананушко, Санжар Мусаев, Даниел Насрединов, Раянна Колпак, Алина Бекназарова, Дениз Акматбаева да жеңип беришти.

Таиланд өлкөсүндө өткөн мектеп окуучулары арасындагы Азия чемпионатында машыктыруучулар Евгений Петрашов, Александр Слепченко, Александр Ступкин, Денис Подкидышев, Александр Заваринский, Елена Лещенконун шакирттери айырмаланып, Кыргызстанды Азия аймагына тааныта алышты.

Мелдешке жалпысынан Таиланд, Индия, Филиппиндер, Малайзия, Шри-Ланка, Лаос, Монголия, Камбоджа, Кыргызстан, Бангладеш, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн 300гө жакын суучулдар катышты.

 Бул Азия чемпионатындагы ийгиликтер Кыргызстанда сууда сүзүү спорту өнүгүп , келечекте мыкты спортчулар таалим-тарбия алып жатканынан кабар берет.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер