КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ III ОРУНДУ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 18.08.2022
  • 0

Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборунун бөлүм башчысы Руслан Ахметшин “ЖККУга – 30 жыл! Биз бирге күчтүүбүз!” жарыялоо сынагында III орунду багындырды.

18-августта билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборунун бөлүм башчысы Руслан Ахметшинди “ЖККУга – 30 жыл! Биз бирге күчтүүбүз!” сынагында социалдык тармактагы “ЖККУнун тарыхы жана ЖККУнун эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттары” деген темада баяндамасы үчүн III орунду алышы менен куттуктады.
Министр орун басары менен жолугушууда Руслан Ахметшин саясат таануу боюнча магистрдик диссертациясынын темасы да ЖККУнун ролуна арналгандыгын билдирди.
Эскерте кетсек, бул сынак Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 20 жылдыгына арналып өткөрүлгөн.
А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер