КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ВИРУСОЛОГДОРДУН АТАСЫ

  • 06.02.2020
  • 0

Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, Кыргызстандын УИАнын мүчѳ-корреспонденти, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Рысбек Нургазиевге Президенттин Жарлыгы менен “Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы ыйгарылды.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ВИРУСОЛОГДОРДУН АТАСЫ

Кѳрүнүктүү окумуштуу жана ишмер жетекчи Рысбек Нургазиев республикада биринчилерден болуп вирусологдордун мектебин түзүүгө жетишти. Кырк жылдан бери талыкпай, ветеринария илимин ѳнүктүрүүгѳ жана бул багытта заманбап адистерди даярдоого татыктуу салымын кошуп келет.

 

Болочок окумуштуу убагында Москвадагы К.И.Скрябин атындагы Ветеринардык академияны  артыкчылык диплому менен аяктаган. 1983-жылы башкы ветеринардык врач болуп эмгек жолун баштап, эки жылдан кийин Москвадагы  өзү бүткөн окуу жайдын аспирантурасына тапшырып, төрт жылда кандидаттык, он эки жылда доктордук диссертациясын ийгиликтүү  коргоду. 2010-жылы КР Улуттук илимдер академиясына мүчѳ-корреспондент болуп шайланды.

 

  • Мен Рысбек Зарылдыкович менен Москвадагы К.И.Скрябин атындагы Ветеринардык академиядан аспирантуранын күндүзгү бөлүмүндө чогуу окудум. Ал дүйнөгө атагы чыккан вирусолог, академик, ветеринария жана биология илимдеринин доктору, профессор В.Н. Сюриндин мектебинен билим алып, 40-50 аспиранттын ичинен биринчилерден болуп кандидаттык диссертациясын коргоду. Ошол мезгилде эле, Рысбек Зарылдыкович илимге ийне менен кудук казгандай” кылган мамилеси менен башкалардан айырмаланып  көрүнүп турчу. Кийинки жылдары, ал кездеги Айыл чарба институтуна келип, вирусология лабораториясын уюштуруп, натыйжада, Кыргызстанда вирусология мектебин түздү. Кыргыз ветеринария илим изилдөө институтуна келип, Вирусология жана биотехнология борборун уюштуруп, вирусология илимин эл аралык деңгээлге алып чыкты, — дейт Б.Акназаров, Рысбек агайдын студент кезинен бери чогуу жүргөн досу, кесиптеши, Агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы, ветеринария илимдеринин доктору, профессор.

 Учурда республиканын тамак-аш жана биологиялык коопсуздугун камсыз кылуудагы терең молекулярдык-биологиялык жана биотехнологиялык изилдөөлөр Р.Нургазиев түзгөн вирусология жана биотехнология лабораториясында жүргүзүлөт.

Р.Нургазиевдин  илимий ишмердиги Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк илимий коомчулукка дагы таанылып,  анын илимий иштеринин жыйынтыктары эл аралык абройлуу журналдарга жарыяланып келет. Хирша индекси боюнча  айыл чарба тармагындагы илимий  изилдөөлөрү  Кыргызстанда  алдыңкы орунда турат.

 

ЧЫНЫГЫ УСТАТ

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ВИРУСОЛОГДОРДУН АТАСЫ

Рысбек Зарылдыкович ѳзүн да, окуучуларын да ѳжѳрлүк менен иштегенге таптаган үчүн мыкты шакирттерди даярдай алган чыныгы устат болуп калды. «Өлкөнүн  азык-түлүк  жана биологиялык коопсуздугун, малдын саламаттыгын сактоону камсыздоочу ветеринардык дары каражаттарынын биотехнологиясын  өркүндөтүүнүн илимий негизин иштеп чыгуу»,  «Өзгөчө коркунучтуу  жугуштуу ылаңдарга каршы  вакциналык дары каражаттарын  биотехнологиясын өркүндөтүү», «Молекулярдык-генетикалык мүнөздөмө үчүн  Кыргыз Республикасынын аймагында жылкылардын циркуляцияланган ылаңдарын изоляциялоо»  сыяктуу илимий темалардын илимий кеңешчиси. Анын жетекчилигинин алдында буга чейин беш докторлук, 16 кандидаттык диссертация корголсо, учурда   бир докторанты жана он аспиранты менен кызуу иштеп жаткан чагы.

Рысбек Зарылдыкович өзүнүн илимий мектебиндеги окуучулары менен дем алыш күндөрү да иштеп, бүтүндөй эс алуу убактысын лабораторияларда өткөргөн күндөрү да болот. Натыйжада, окуучулары менен биргеликте  шарп, кутурма, кой жана эчкинин күлү, кыргыны ж.б. ылаңдарын гендик деңгээлде, молекулярдык биология ыкмаларын колдонуу менен изилдеп, аларга каршы вакциналар менен диагностикумдарды иштеп чыгып, беш патентке ээ болушту.

  • Биздин жетекчибиздин уюштургучтугу, талапты катуу койгондугу, чечкиндүүлүгү, жигердүү сапаттары биз үчүн өрнөк жана алдыга максат коюуга, ага жетишүүгө дем берет. Мындай сапаттардын негизинде, кыска убакыттын ичинде  отуздай   өзүнүн окуучуларын даярдап чыкты, — дейт биология илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Э.Акматова.

Агайдын дагы бир окуучусу, биология илимдеринин доктору, профессор Н.Жапаралиев дагы КР илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болууга жетишкен.

— Агайдын бардык окуучулары англис тилинде эркин сүйлөшөт, айрымдары бир нече чет тилде да сүйлөй билишет. Устатыбыздын жардамы менен Канада, АКШ, Япония, Германия, Ирландия, Россия, Казакстанда эл аралык деңгээлде таанылган илимий лабораторияларда, борборлордо стажировкадан өтүп келдик. Биз ал жактан үйрөнгөн алдыңкы жетишкендиктерди өзүбүздүн илимий иштерибизде колдонуу менен Кыргызстандын өндүрүшүнө жайылтуудабыз, — дейт шакирти.

 

ИШ БИЛГИ ЖЕТЕКЧИ

Р.Нургазиев өзү жетектеген Агрардык универститетте дагы теория менен практиканын айкалышына тереңден маани берген жетекчи. Эл аралык донорлор жана илимий изилдөө борборлору менен активдүү иш  жүргүзүп, молекулярдык деңгээлде  илимий-изилдөө жүргүзүү үчүн  лабораторияларды түзүп, алар заманбап жабдыктар менен жабдылды. Анын жетекчилиги астында  инновациялык агрардык технопарктын долбоору иштелип чыгып, учурда  айыл чарбасына инновациялык технологияларды жайылтуу, билим берүү, илим жана өндүрүш тармагындагы интеграцияны күчөтүү максатында, Кыргыз-Кытай технопаркын жана Кыргыз-Германия жогорку агротехникалык институтун куруу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат.

 

Кээде убакытты туура пайдалана албай, көп нерсеге жетишпей жаткан учурларда ушундай эмгекчил кишилерди кайсы маалда уктап, кайсы маалда иштеп, кайсы маалда ийгилик жаратат деп таң калып калмайым бар. Анан, албетте, мындай эмгек бааланбай калууга мүмкүн эмес. Рысбек Нургазиев жакында эле Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”  деген ардактуу наамга ээ болду. Окумуштуу агайды эмгек жамааты, шакирттери, кесиптештери менен биргеликте мамлекеттик сыйлыгы менен куттуктап, чың ден соолук, узак өмүр жана илимдеги казган кудугунун тереңдей беришине тилектештигибизди билдиребиз.  

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер