Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттер онлайн окууга өттү

  • 20.05.2024
  • 0

Кыргызстанда билим алып жаткан чет элдик студенттер онлайн окууга өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

http://<iframe src=»https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fkutbilim%2Fvideos%2F2799658993543003%2F&show_text=false&width=560&t=0″ width=»560″ height=»314″ style=»border:none;overflow:hidden» scrolling=»no» frameborder=»0″ allowfullscreen=»true» allow=»autoplay; clipboard-write; encrypted-media; picture-in-picture; web-share» allowFullScreen=»true»></iframe>

Анын айтымында, учурда ЖОЖдордун жатаканаларында жашаган студенттердин коопсуздугу биринчи орунда.

«Министрлик чукул жыйын өткөрүп, чет элдик студенттерди бир жумага онлайн окууга өткөрдүк. Учурда алар коопсуз жайда, күнү-түнү милиция кызматкерлери, окуу жайдын жетекчилери өз студенттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Ошондой эле жергиликтүү студенттер, коомдук активисттер, мугалимдер чет элдик студенттерге зарыл каражаттарды алып келип берүүдө», — деди ал.

Расул Абазбек уулу мындай жагымсыз окуядан баарыбыз сабак алуубуз керек деп, өлкөдөн чыгып кетүүгө камынган студенттердин жайкы экзамендерин белгилүү бир мөөнөткө жылдыруу зарылдыгы караларын кошумчалады.

Ал ошондой эле чет элдик студенттерди кабыл алууда квотага чектөө жок. Ар бир студент Кыргызстанда билим алуусу үчүн 3 миң доллардан кем эмес каражат төлөөрүн белгиледи.   

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 28 миң 800 чет элдик студент билим алууда. Анын басымдуу бөлүгүн Индия жана Пакистандан келген студенттер түзөт.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер