КЫРГЫЗСТАН ТОО ТУРИЗМИ БОЮНЧА ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛДЫ

  • 21.12.2017
  • 0

Кыргызстан Орто Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп тоо туризм тармагындагы ири эл аралык уюмга (IFMGA) толук кандуу мүчө болуп кирди. Бул тууралуу  Кыргызстандын тоо гиддер ассоциациясынын вице-президенти Павел Воробьев 19-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди.

 

КЫРГЫЗСТАН ТОО ТУРИЗМИ БОЮНЧА ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛДЫ

IFMGA – тоо туризми боюнча дүйнөлүк ири уюм болуп эсептелет. Бул уюмга окуялуу (приключенческий) туризм боюнча сапаттуу кызмат көрсөткөн жана коопсуздукту камсыздай алган Түштүк Америкадагы бир катар мамлекеттер менен бирге Канада, АКШ, Жаңы Зеландия, Непал сыяктуу 24 бийик тоолуу мамлекет мүчө болуп кирген. Учурда  дүйнө боюнча аталган уюмдун дипломуна ээ болгон 6000 ашык  гид бар. Уюмдун 25-мүчөсү болуп Кыргызстан ушул жылдын 1-декабрында катталды. Мындай ийгиликке жетүү үчүн Кыргызстандын тоо гиддеринин ассоциациясы он жылдан ашуун аракет кылып, дүйнөлүк стандартка туура келген тоо гиддерин даярдап чыкты. IFMGAнын стандарттары боюнча Орто Азия жана мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттер үчүн тоо гиддерин даярдоочу атайын мектеп ачкан. 2008-жылдан бери Mammut компаниясынын, Швейцариянын өкмөтүнүн каржылык жана Швейцария-Британия Тоо гиддеринин ассоциациясынын техникалык колдоосу менен үч этапта 21 кесипкөй адис даярдап чыгарды. Алардын бардыгы IFMGAнын аттестациясынан ийгиликтүү өтүшүп, федерациянын дүйнөлүк деңгээлде таанылган дипломуна ээ болушту. Учурда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Латвия, Украина, Түркиядан келген дагы 21 адис даярдалууда.

IFMGA Кыргызстандын тоо гиддеринин ассоциациясын мүчөлүккө кабыл алардан мурда уюмдун ишмердүүлүгүн беш жолу, бүтүрүүчүлөрүнүн даярдыгын үч жолу текшерүүдөн өткөргөн.

 Кесипкөй адистердин жоктугунан тоо туризми аксап келген

Республикада  туризм чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн Өкмөт тарабынан 2020-жылга чейинки программа иштелип чыккан. Анда туристтик индустрияны өнүктүрүү үчүн кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги негизги маселелердин бири катарында каралып, тоо гиддерин даярдоо зарылдыгы сунушталган. Анткени мамлекетте атайын даярдыктан өткөн тоо гиддери жок болгондуктан, окуялуу туризм өнүкпөй келген. Туризмдин бул түрү өтө кооптуу болгондуктан туристтер гиддердин коштоосу менен гана тоолорго  чыгышат. Андыктан алар көптөгөн техникалык маршруттарды, ак кар, көк муз баскан аска-зоолорго чыгуунун жолдорун, биринчи жардам көрсөткөндү билген, атайын даярдыгы бар гиддерди талап кылышат. Бирок тилекке каршы, буга чейин республикада туризм тармагында адистерди даярдап келген 15 жогорку, эки орто кесиптик окуу жайында жана 21 кесиптик лицейдин ичинен бирөөндө дагы кесип көй гиддер даярдалган эмес.

Кыргызстандын тоо гиддеринин ассоциациясы он жыл мурун бул ишти колго алып, Тоо гиддеринин ассоциацияларынын эл аралык федерациясы тарабынан иштелип чыккан билим берүүнүн стандартынын негизинде атайын стандарт иштеп чыгып, билим берүү ишмердигин жүргүзүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алып, Кыргызстанда даярдалган адистиктердин тизмесине тоо гиди деген адистикти киргизүүгө жетишти.

Бул мектепте кесип көй гидди даярдоо үчүн үч жылдык убакыт керектелет. Талап жана тартип күчтүү болгондуктан, окууга тапшыргандардын көбү чыдабай кетип калышат. Мисалы, биринчи этапта отузга жакын адам документин тапшырса, анын болгону жетөө аягына чейин чыккан.

Мектепке кабыл алууда талапкердин саламаттыгына, дене түзүлүшүнө жана спорттук даярдыгына көңүл бөлүнөт. Анткени алгачкы эки жылдын күз айларында эки жума бою бийик тоого чыкканды үйрөнүшөт. Жазында болсо дагы эки жума тоо лыжасын тепкенге жана ски-тур деп аталган жөө жүрүшкө чыгышат. Андан экзаменди ийгиликтүү тапшыргандарга тажрыйба топтоо үчүн  бир жыл берилет. Акырында күзүндө он күн альпинизм боюнча, жазында он күн тоо лыжасы боюнча жыйынтыктоочу экзамен тапшырышат. Ушундай сынактардан ийгиликтүү өткөндөргө гана тийиштүү дипломдор ыйгарылат.

 Туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө

КЫРГЫЗСТАН ТОО ТУРИЗМИ БОЮНЧА ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛДЫ

Кыргызстан дүйнөдөгү жогорку туристтик потенциалга ээ болгон мамлекеттердин бири. Мамлекеттин аймагынын 94% тоолор ээлейт. Алардын 70% бийик тоолор. Деңиз деңгээлинен жети миң метр бийик болгон дүйнөгө белгилүү Жеңиш (7439 м.), Ленин (7134 м.) жана Хан-Тенгри (6995 м.) чокулары, дагы алты миң метр бийиктиктеги 14 чоку бар. Дүйнөлүк масштабдагы ажайып жай катары белгилүү эң узун «Эңилчек»  мөңгүсү, дүйнөнүн эң чоң жана эң терең бийик тоолуу көлдөрүнүн бири болуп саналган Ысык-Көлдөн сырткары 1922 көл, 40 миңден ашык дарыя бар. Мына ушундай кереметтер окуялуу туризмди сүйүүчүлөрдү өзүнө тартып, жылдан жылга туристтердин санын өстүрүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, 2010-жылдан 2014-жылга чейин шериктеш өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 75,4%дан 86,1%га чейин өскөн. Негизинен Казакстандан (70,1%), Россиядан (15,7%), Өзбекстандан (4,4%), Түркиядан (1,2%), Кытайдан (1%), Германиядан (0,5%) жана АКШдан (0,5%) келишет. Кыргызстандын тоо гиддеринин ассоциациясынын жетекчилигинин айтымында, тоо гиддеринин дүйнөлүк деңгээлде таанылышы менен туристтердин саны мындан дагы көбөйөт. Бул биринчиден, тоо туризминин дүйнөлүк рыногунда Кыргызстандын атаандаштыгын жогорулатса, экинчиден, кышкы туризмде гана эмес жайкы туризмде дагы туристтердин санын көбөйтөт.

  • Тийиштүү даярдыктан өткөн мектептин бүтүрүүчүлөрү бизге келген туристтерге гана эмес дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде профессионалдуу деңгээлде кызмат көрсөтө алышат. Албетте, бул туристтерди өзүнө тартат. Мисалы, канадалык тоо туристтери үч мамлекетти тандай турган болсо, эми сөзсүз түрдө Кыргызстанды тандашат. Анткени биздин мамлекет дүйнөдөгү толук кандуу профессионалдуу тоо гиддери бар мамлекеттердин катарына кошулду. Эми бизге келе турган туристтерге башка мамлекеттен профессионалдуу гидди жалдаштын кереги жок. Бул болсо экстремал-туристтер үчүн абдан ыңгайлуу. Белгилүү болгондой, туристтер жалгыздап келишпейт, — дейт Павел Воробьев.

Туристтердин көбөйүшү жеке тоо гиддерине гана эмес, мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө дагы пайда алып келет. Анткени мейманканалар, тамактануучу жайлар, айдоочулар, кыскасы, туристтерди тейлөөчү бардык жайлар кышы-жайы тынымсыз иштеп, элдин жашоо-шартынын жакшырышына мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Владимир Комиссаровдун айтымында, эң негизгиси — жаштардын тоо спортуна болгон кызыгуусун арттырат. Анткени эми Кыргызстанда гиддер эң көп акча тапкан адистердин катарына кошулат. Бул адистердин туристтерге көрсөткөн бир жолку кызматы кеминде эле миң доллар болот, кышында андан да көп. Ошондо бир гид бир айда бир жолу туристтерге кызмат көрсөткөн гид, бир жылда 12 миң доллар табат. Бул жергиликтүү эл үчүн эң жогорку киреше болуп эсептелет.

Кыргызстандын тоо гиддеринин ассоциациясы тууралуу

Кыргызстандын тоо гиддеринин ассоциациясы натыйжасыз бир канча аракеттерден кийин Владимир Комисаровдун демилгеси менен 2007-жылы түзүлгөн. 2008-жылдан баштап Тоо гиддеринин мектеби иштеп баштаган. 2009-жылы биринчи жолу IFMGAнын текшерүүсүнөн өтүп, анын жыйынтыгы менен 2010-жылы мүчөлүккө талапкер болуп катталган.

Мектеп жаңы ачылганда мамлекетте тийиштүү адистер жок болгондуктан Европа, Швейцария, Улуу Британиядан адистер келип окутушкан. 2012-жылдан баштап мектепте Европадан стажировкадан өтүп келген жергиликтүү эксперттер иштеп башташкан. 2011-жылы биринчи агым, 2013-жылы экинчи агым бүткөн. Бул эки агымдын бүтүрүүчүлөрүн европалык эксперттер даярдаган. Жергиликтүү эксперттер даярдаган үчүнчү агым 2015-жылы окуусун аяктаган.

IFMGA 2013-жылкы текшерүүсүндө Ассоциация менен мектептин ишмердүүлүгүн гана баалабастан, жергиликтүү окутуучулардын дагы кесиптик деңгээлин анализдеген. Ошондон кийин гана ассоциацияга финалдык текшерүүдөн өтүүгө укук берилген. Уюмдун чечүүчү  кароодон өтүшүнө USAIDдин Бизнести өнүктүрүү боюнча долбоору демөөрчүлүк кылган.

Азыр ассоциация туруктуу уюм катары иш алып барууда. Уюмдун өзүнүн уставы, кеңеши, техникалык комиссиясы бар. Гиддердин этикалык кодекси менен окуялардын техникалык регламенти иштелип чыккан. Учурда ассоциациянын жети:  Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Украина, Түркия, Латвия мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн турган 39 мүчөсү бар.

Алгачкы карлыгачтардын ийгилиги

Кыргызстандын алгачкы кесип көй гиддери ушул жылдын кыш айларында республикадагы эң бийик деп эсептелген Хан-Тенгри чокуcун багындырышкан. Алардын эрдиги 2017-жылдагы эң чоң бийиктикти багындырган команда катары бааланып, «Хрустальный пик» сыйлыгы менен сыйланды. Бул сыйлык мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттердин альпинисттеринин эң жогорку сыйлыгы болуп саналат.

Ушул эле команда келе жаткан жылдын январь айында коңшу мамлекеттердин эң бийик чокуларын багындырууга даярдык көрүп жатышат. Бирок акча каражаты жетишсиз болуп жаткандыктан учурда демөөрчүлөрдү издешүүдө. Эгерде тийиштүү каражат табылып калса, дүйнөнү дагы бир жолу таңкалдырууга күчтөрү жетерин айтышууда.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Бөлүшүү

Комментарийлер