КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

  • 25.02.2020
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун  «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөштөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB)  колдоосу менен уюштурулуп жатат. 2020-жылдын 16-22-февралына чейин билим берүү тармагынын он эки өкүлү Стамбул шаарынын муниципалитеттеринин билим берүүсүнүн мектепке чейинки тутуму менен таанышып келишти.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Бахчелиэвлер

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун  аткаруучу директорунун орун басары Роза Кайыкованын маалыматы боюнча, сапардын максаты – Түркия Республикасынын билим берүү тутуму менен таанышуу, кенже жана наристе курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, бул багытта инновациялык методика менен таанышуу.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

  • 17-февралда Стамбул шаарынын 39 Муниципалитетинин бириндеги – Бахчелиэвлер бир балдар бакчасынын иши менен таанышып жана 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн өткөрүлүүчү демонстрациялык мастер-класстарга катыштык. Делегацияны Түркиянын мектепке чейинки билим берүүсүнүн түзүмү, тутуму, окутуу методикасы өтө кызыктырды, буга балдар бакчасынын жетекчилиги жан дили менен жооп берди. Экинчи күндүн аягында биздин делегация Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) штаб-квартирасына барып, ал жерде  Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзунун (TDBB)  Башкы катчысы Фахри Солак мырза менен жолугуп жана сапарды ушунчалык жогору уюштургандыгы үчүн жана тажрыйба алмашууга катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыгыбызды  билдирдик, — дейт Р.Кайыкова.
  • КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Пендик, Картал

Кийинки күн Пендик муниципалитетинде  үй-бүлөлүк балдар өнүктүрүү борборуна баруу менен башталды. Ал жерде педагогикалык жамаат делегацияны бул долбоор менен тааныштырды жана экскурсия өткөрүлдү. Борбордо балдарды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн, музыка боюнча класстар, лабораториялар, ар түрдүү өнүктүрүүчү оюндар, сүрөт тартуу, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана башкалар бар.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Ошол эле күнү делегация Картал муниципалитетине барып, анда муниципалитеттин жетекчисинин орун басары билим берүү чөйрөсүндөгү ийгиликтери жөнүндө айтып берди. Андан кийин муниципалитетке тиешелүү балдар бакчасынын иши менен таанышып чыгышты. Кечинде топ «Жомок музейине» барып, ал жерде дүйнөлүк белгилүү эски жомок китептер жана жомоктордогу каармандар менен байланышкан ар түрдүү, кызыктуу оюнчуктарды көрүп чыгышты.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Папатия бала бакчасы

Делегация Кучукчекмедже муниципалитетиндеги Папатия балдар бакчасынын иш-аракеттери менен таанышты. Башкаларга салыштырганда бул бала бакча чоң аянтка ээ экен.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

  • Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктору жана кала берсе токочторду бышыруу үчүн мештер бар экен. Ушунун бардыгы балдар бакчасынын директору Булент Идемирдин аркасында болгонун, ал өзүнүн ишин жана балдарды ушунчалык жакшы көргөндүктөн бакчанын шарттарын жакшыртуу үчүн бардыгын жасаарын көрдүк. Анын айтымында, ал 18 жылдан бери бала бакчада эмгектенип келатыптыр. Үч кесиптин ээси: мектепке чейинки билим берүү педагогу, менеджер жана электрик. Ал бала бакчасындагы эркекке таандык бардык иштерди өзү жасаарын айтты. Электр энергиясына тийиштүү иштерди эч кимге жалдырабай эле өзү оңдоп-түздөп алат экен. Ишке кирбей жөн эле жаткан бала бакчанын жер төлөсүн ремонттоп, балдарга ылайыктап бөлмөлөргө бөлүп, жаркыратып салыптыр. Жада калса балдар үчүн оюнчуктарды өзү жасап, кызыктуу программаларды дагы өзү түзөт экен. Бул бала бакчада 16 класста 15-16 баладан билим алышып, жалпы 300 бала камтылган, — дейт Роза айым.

2018-жылы Булент Идемир Кыргызстанга дагы тажрыйба алмашуу боюнча келип, Кыргызстанда балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө арналган форумга катышып жана Бишкектин кээ бир бала бакчалары менен таанышып кеткен.

Адалет бала бакчасы

  • Кийиники күнү топ Бакыркей муниципалитетиндеги аялдар колониясынын аймагында турган Адалет (Адилет) балдар бакчасына барды. Бул өзүнчө түрдөгү кайталангыс долбоор, алардын айтымы боюнча, дүйнөдө мындай балдар бакчасы жок. Бала бакча Адилет жана Билим берүү министрлигинин келишиминин негизинде ачылыптыр. 2 жаштан 6 жашка чейин 12 өлкөнүн жарандарынын балдары менен түрмө кызматкерлеринин балдары кошо тарбияланышат экен. Жалпысынан 58 бала тарбияланат экен. Сабак үч ай бою түрк тилинде окутулат. Искусство, табигый илимдер ж.б.у.с. ийримдерде балдар билим алып, килем токуганды, кондитердик таттууларды жасаганды, кышка керектүү тамак-ашты камдаганды үйрөнүшөт экен. Балдар жаза аткарган мекемеде болгон үчүн, ал жерде тамак жей алышпайт, ошон үчүн бала бакчада үйдө тамак жегендей кылып шарт түзүлгөн. Ар бир экинчи күнү балдар атка минишсе, үчүнчү күнү улуттук бийлерди үйрөнүшөт экен. Ошондой эле шахмат, баскетбол ойноп, бассейнге барып ден соолуктарын чыңдашат. Балдардын социалдашуусу үчүн аларды көп жерге алып чыгышарын адистер айтышты. Энелеринен балдарды эртең менен саат 8.00 сабакка алып келип, кечинде 16.30 бала бакчадан алып кетет, — дейт делегациянын башчысы.

Энелер турган казарма эки кабаттуу, ар бир бөлмөдө экиден аял турат. Ошондуктан балдар энеси менен алты жашка чейин чогуу болот. Энесинин уруксаты жок баланы бир дагы тууганы алып кете албайт. Алты жашка чыкканда туугандары жоктор Балдар үйүнө жөнөтүлөт, ал эми атасы бар балдар үйлөрүнө барып, мектепке киришет. Бул бала бакчанын ачылганына беш жыл болуптур.

  • Балдар түрмө экенин билишет, биз аларга үй деп айтабыз. Билим берүү министрлигинин стандарты менен окутулат. Жаңы ыкмалардын баарын пайдаланып окутабыз. Негизи бала энесиз эркин жүргөнчө, апасы менен чогуу болгону жакшы, – деди бала бакчанын жетекчиси Арзу айым.

Кыргызстандыктар балдар эч нерседен кем болбой багылып жатканына күбө болушту. Түркиядагы колунда бар адамдар аты-жөнүн айтпай эле кайрымдуулук кылып турушат. «Бактылуу планка» деген өзүнчө чакан складда балдарга деп келген белектер, т.а. оюнчуктан баштап кымбат баалуу кийимдер, канцелярдык товарларга чейин сакталып турат.

 Бахчашехир бала бакчасы

Ушул эле күнү делегация Башакшехир муниципалитетиндеги Бахчашехир атындагы бала бакчанын иши менен таанышты.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

  • Бала бакча 1997-жылы ачылган, бакчада 9 группа бар, ар бир группада 20 бала, жалпы 180 бала тарбияланат. Бул бала бакча 2019-жылы сентябрь айында Финляндияда өткөн токой жана фермокультура боюнча конкурста он эң күчтүүлөрдүн арасында болушкан. Булардын принциптери Табият менен чогуу жашоо жана азык-түлүктү, топуракты, көчөттү кантип коргоп жана туура иштетүү.
  • КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Сарыйер

Иш сапардын акыркы күнүндө делегация  Сарыйер муниципалитетиндеги күндүзгү бала бакчага барышты. Сарыйер муниципалитетинде бардыгы жети бала бакча бар.

КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

  • Аз камсыз үй-бүлөлөрдү муниципалитет камсыздайт. Спорт, драма, йога деген сабактарга басым жасалат. Билим берүү министрликтин окуу программасы менен иштейт. Өзгөчөлүгү — тамак-аш кейтеринг түрүндө бала бакчага меню боюнча жеткирилип турат. Программадан тышкары делегация ушул Сарыйэр муниципалитетинде жайгашкан экинчи бала бакчага барып, иш алып баруусу менен таанышты. Бул бала бакчада 3-6 жаштагы 50 бала тарбияланып, аларга жаныбарларды таануу, анатомия деген сабактарга көбүрөөк басым жасалат экен, — дейт Р.Кайыкова.
  • КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Бакчалар дээрлик бири-бирине окшош: бала аз, ар бир сабак ар башка нукта балдарга окутулат, ар бир бала бакчада Ата-Түрктүн өмүр жолун баяндаган бурчтар, сөзсүз түрдө улуттук аспаптардын көрүнүшү жана, албетте, даамдуу түрк чайы менен шириндиктеринин  болушу.

Эсенлер

  • Андан соң топ 500000 адамы бар Эсенлер муниципалитетине жол алышты. Эмма Билтажи атындагы Эне жана бала, Чоң аталар жана неберелер борборлоруна бир көчө жөө басып келдик. Көрсө, бул Балдар көчөсү экен. Бул тарапка бир дагы унаа кирбейт. Балдар эч нерседен коркпой кенен ойношот. Бала бакчада 3-6 жаштагы 50 бала бар. 6-12 жашка чейинки балдар ошол эле борбордун ичиндеги Балдар чыгармачыл борборунда билим алышат. Ушул борбордун ичинде чоң аталар, энелер балдарга келип китеп окушат жана ошону менен бирге муун ортосундагы байланыш күчөйт. Борбордун ичинде мындан тышкары театр, кинозал, китепкана жана үч сааттык чоңдор үчүн окуулар бар. Эне жана бала комплексинин иштегенине алты жыл болуптур. 4-6 жаштагы 400 бала бекер билим алышат. Ар бир тайпада 25 баладан ашпайт. Энелер саат 9-11, 11-13, 14-16 чейин алып келип, ар түрдүү ийримдерге балдарын берип коюп, өздөрү дагы самын жасоо, кондитердик жактан билим алышат экен, — дейт Роза Кайыкова.
  • КЫРГЫЗСТАН-ТҮРКИЯ: МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН ТААНЫШУУ

Ошол эле кечте сапардын катышуучуларына сертификаттарды расмий тапшыруу болуп өттү, ал жерде  сапарды уюштургандыгы үчүн Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун (TDBB) Башкы катчысы Фахри Солакка ыраазычылык билдиришти.

22-февралда делегация Стамбул шаарынын ажайып жерлери менен таанышты. Султан Ахметте, Айя София өндүү кооз жерлерде болуп, кечинде Кыргызстанга жол тартышты.

 Кошумча маалымат: Тажрыйба алмашуу сапары беш жылдан бери Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун (TDBB), Түрк Республикасынын Премьерминистринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ТИКА), Стамбул жана башка шаарлардын муниципалитеттеринин, Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигинин жана билим берүү мекемелеринин колдоосу менен ишке ашып келүүдө. 2015-2020-жылдар аралыгында 60тан ашуун Жайлоо өнүгүү борборлору жана башка долбоорлордун жигердүү катышуучулары, педагогтору, уюштуруучулары жана өнөктөштөр тажрыйба алмашуу сапарына катышып келишүүдө.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер