КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: КЕЛЕЧЕКТҮҮ КЕЛИШИМДЕР   

  • 04.04.2019
  • 0

27-мартта Бишкекте өткөн Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун Биринчи форумунда Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайы Россиянын бир катар жогорку окуу жайлары менен эки өлкөнүн илим жана билим берүүсүндөгү карым-катнашты өнүктүрүү, эл аралык, гуманитардык, социалдык, интеллектуалдык, маданий, руханий чөйрөдөгү алакаларды чыңдоо максатында сексенге жакын кызматташуу меморандумуна, келишимдерге, макулдашууларга  кол коюшту. 

Бул форум Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ичинен Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик университети, Ош техникалык университети жана Кыргыз-Орус Славян университети үчүн өзгөчө жемиштүү болду. Себеби бул окуу жайлар алтыдан он үчкө чейинки кызматташуу документтерине кол коюшуп, жаңы өнөктөштөрүнүн санын кеңейтишти. Мисалы, Ош мамлекеттик университети тогуз кызматташуу келишимине, эки меморандумга, эки макулдашууга кол койсо, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети дагы эки меморандумга, сегиз макулдашууга, үч келишимге кол койду. Ал келишимдерге ылайык, эми КМТУ М.В.Ломонов атындагы Москва мамлекеттик университети менен Математикалык илимий-билим берүү борборун түзөт. Алтай мамлекеттик университети менен түзүлгөн меморандумга ылайык академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү, биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кызматташса, Д.Ф.Усинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтика мамлекеттик техникалык университети менен  эки келишимдин негизинде студенттер жана окутуучулар менен академиялык алмашуу механизмдерин, бакалавр үчүн биргелешкен билим берүү программаларын  түзүү боюнча кызматташат. “Куба мамлекеттик технологиялык университети” Федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү мекемеси, Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык, Новосибирск мамлекеттик техникалык, Урал федералдык университеттери менен дагы тыгыз кызматташып, академиялык алмашуу, кош дипломдуулук программасын жүзөгө ашыруу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эл аралык конференцияларды өткөрүү, илимди өнүктүрүү концепциясын биргеликте иштеп чыгуу, он-лайн, конок лекцияларды уюштуруу,  долбоорлор менен иштөө,  китепкана материалдары, илимий басылмалар менен алмашуу, спорт, маданият ж.б. багытта иш алып барат.

 

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: КЕЛЕЧЕКТҮҮ КЕЛИШИМДЕР   

Элүүдөн ашык жож менен иштешкен университет

Буга чейин Россиянын элүүдөн ашык жогорку окуу жайы менен кызматташып келе жаткан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети бул жолу дагы алты – Алтай мамлекеттик университети, Оренбург мамлекеттик университети, Кубань мамлекеттик техникалык университети,  Москва агротехникалык университети, Д.Ф.Усинов атындагы “ВОЕНМЕХ” Балтика мамлекеттик техникалык университети жана Санкт-Петербург механика жана оптика  маалыматтык технологиялар  изилдөө университети менен кызматташуу документине кол койду.

  • Биздин университет учурда элүүдөн ашык россиялык жождор менен биринчиси — адистерди даярдоо, экинчиси — адистердин квалификациясын жогорулатуу, үчүнчүсү – илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен программаларды иштеп чыгуу боюнча иштешип келе жатабыз. Бүгүнкү күндө Москвадагы курулуш университети, Жол куруу университети, Санкт-Петербург университети менен бакалавр программасы боюнча 2+2, 3+1, магистратура боюнча 1+1 программасы менен иштешип жатабыз. Биздин студенттер эки жыл бул жакта окушса, калган эки жылын өнөктөш университеттерде окушат. Өнөктөш тараптардын студенттери дагы эки жылын бизден окуп жатышат. Аларга кош диплом берилет. Дипломдорун он-лайн режиминде жакташат, — дейт ректор Акынбек Абдыкалыков.

Бул университет  ШКУ Университетинде IT технология адистиги боюнча магистратуранын 1+1 программасын ишке ашырган Кыргызстандагы башкы университет болуп эсептелет. Москвадагы, Санкт-Петербургдагы, Новосибирскдеги мамлекеттик университеттер менен бул багытта биргелешкен окуу программасын иштеп чыккан. Университеттин магистранттары бир жылын Кыргызстанда окушса, экинчи жылын Москвадан окушат. Россиянын үч окуу жайынын магистранттары дагы экинчи жылын КМКТжАУдан улантышууда.

— Биздин студенттерди өнөктөш университеттер РФ федералдык бюджетинин эсебинен окутуп жатышат. Мындай жетишкендик Кыргызстан боюнча эки эле жождо, т.а. бизде анан КМТУда бар. Бакалавр программасы боюнча 3-4-курсун өнөктөш университеттерден окуган студенттер ошол жакта магистратурада калып жатышат. Алардын дагы чыгымын Россия тарап төлөйт. Ал тургай стажировкага барган окутуучуларга дагы беш миңден 10 миң рублга чейин стипендия төлөп беришет. Өнөктөштөрдүн окутуучулары дагы бизге келип лекция окуп жатышат. Келишим боюнча алардын чыгымдарын биз төлөп беришибиз керек болчу. Бирок алар бизге колдоо болсун деп чыгымдарын өздөрү көтөрүшүүдө, — дейт А.Абдыкалыков.

 

КМУ биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзөт

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: КЕЛЕЧЕКТҮҮ КЕЛИШИМДЕР   

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Форумда Россиянын сегиз окуу жайы —  Алтай мамлекеттик университети (тарых,  кыргыз филологиясы), Нижегородск мамлекеттик университети (физика, математика жана информатика), Байкал мамлекеттик университети (журналистика, география, филология, туризм), Мари мамлекеттик университети (орус тили жана адабияты,  педагогикалык билим берүү), Москва педагогикалык мамлекеттик университети (педагогикалык билим берүү, орус тили жана адабияты), Владимир мамлекеттик университети (экономика жана менеджмент), Сибирь федералдык  университети (экология, биология жана химия), Ульянов мамлекеттик университети (педагогика, психология) менен академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү, программаларды иштеп чыгуу боюнча кызматташат.

Бул окуу жай дагы 2010-жылдан бери Россиянын 31 окуу жайы менен кызматташуу келишимине кол коюп, тыгыз кызматташып келет. Бир катар университеттер менен аймактык форумдарды, конок лекцияларды, семинарларды өткөрүшкөн. КМУнун профессордук-окутуучулук курамы жетекчилиги менен 2014-жылы Якутияда өткөн эл аралык конференцияга катышып, баяндама окуп келишкен. Москва мамлекеттик лингвистикалык университети менен 2010-жылы түзүлгөн келишимге ылайык жыл сайын окуу жайдын 3-4 магистранты жана аспиранты түрдүү багыттар боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатып турат. Акыркы эки жылда университеттин элүүдөн ашык окутуучусу илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга, тил көнүктүрүүчү стажировкаларга катышуу менен кесиптик чеберчилигин жогорулатышты. Бир катар магистранттар кош диплом программасы боюнча Россиянын жождорунан магистрдик иштерин жакташты.

 

Кыргызстан жождорунун

ассоциациясынын келишимдери

КЫРГЫЗСТАН – РОССИЯ: КЕЛЕЧЕКТҮҮ КЕЛИШИМДЕР   

Форумда Кыргызстандын жождорунун ассоциациясы менен Россиянын ректорлор кеңешинин ортосунда дагы кызматташуу келишимине кол коюлду. А.Мусаев менен В.Садовничий кол койгон макулдашууда жогорку билим берүү, илим  жаатында кызматташуу, коомдук жашоого ЖОЖдорду тартуу, социалдык мааниси бар эл аралык долбоорлорду уюштуруу сыяктуу бир катар аткарыла турган иштер каралган. Бул макулдашууда каралган максаттар биргелешкен форумдар, конференциялар, семинарлар, жумушчу жолугушуулар, маалыматтык-аналитикалык материалдарды басып чыгаруу сыяктуу иш-чаралар аркылуу ишке ашырылат.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”    

Бөлүшүү

Комментарийлер