Кыргызстан-Россия билим жарманкеси
- 19.08.2024
- 0
Бүгүн Ысык-Көлдө «Дельфин» пансионатында Россия менен Кыргызстандын билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктеринин жарманкеси башталды. Иш-чара Кыргызстандын педагогдорунун август кеңешмесинин алкагында өтүүдө.
Жарманкеге Орусиядан Россия Федерациясынын Президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков, Агартуу министринин биринчи орун басары Александр Бугаев, Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петрова баш болгон жүз элүүгө жакын киши келип, катышууда.
«Биз бүгүн билим берүү аркылуу достукту бекемдеп, мамилебизди тереңдетишибиз керек», — деди Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева жармаңкенин ачылышында.
Эки күнгө созулган бул жармаңкеде эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө, мастер-класстар өтүп, “Технологиялык лидерликке жетишүүдөгү билим берүүнүн орду”, “Педагогикалык кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү инновациялар” жана “Билим берүү процессиндеги санарип чечимдер” деген секцияларда кызуу талкуулар болот.
Кыргызстандын билим берүү тармагы масштабдуу өзгөрүү алдында турганда, мугалимдердин салтка айланган Август конференциясынын мындай масштабдуу иш-чаралар менен өтүп жатканы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени азыр республикада билим берүү тармагын жаңылоо максатында олуттуу иштер жүрүүдө. Жыл башында “Алтын Казык” жаңы мамлекеттик программасы кабыл алынып, мектептик билим берүүнү он эки жылдыкка өткөрүү аракети көрүлүүдө. Аны этап-этабы менен киргизүү боюнча концепция да кабыл алынды. Ага өтсө Кыргызстан дүйнөлүк билим берүү системасына аралашып, ыңгайлашат. Андыктан бизге азыр өз казаныбызда өзүбүз кайнай бербей Россия, Казакстан, Сингапур сыяктуу билим берүү тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып, өзүбүзгө ыңгайлаштырып алып колдонгонубуз туура. Себеби биздин билим берүүнүн азыркы абалы заман талаптарына жооп бербейт. Бул эч кимге жашыруун эмес. Анын үстүнө азыр билим берүүгө болгон коомдун талаптары, окуучулардын мамилеси өзгөрүп, технологиялар да тез өнүгүүдө. Мындай жагдайлар мугалимдерден да жаңычыл ой жүгүртүүнү, инновациялык мамилелерди жана ыкмаларды колдонууну талап кылат.
Андыктан бул жармаңке Кыргызстандын билим берүү тутумунун алдында турган көптөгөн суроолордун чечилишине чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Себеби иш-чарада окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү, табият таануу предметтерин окутуу, кошумча билим берүү программаларын өздөштүрүү, жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу, технологияга негизделген компетенцияларды өнүктүрүүдө мектеп-университет өнөктөштүгүн ишке ашыруу, STEM билим берүүнү жолго коюу, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдоо, орус-кыргыз мектептери үчүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү, көп тилдүү билим берүү, “Орус мугалими чет өлкөдө” гуманитардык долбоорун ишке ашыруу сыяктуу бир катар темалар талкууланат. Алардын арасында студенттердин илимий потенциалын ачуу, Россиянын ЖОЖдорунда квота менен окутуу, жаштар жана студенттик туризм программаларын ишке ашыруу сыяктуу маселелер да бар.
— Албетте, интеграция биздин менталитетти, маданий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алат. Жармаңкебиз бири-бирибиз менен таанышууга, достошууга, тажрыйба алмашууга гана эмес, биргелешкен окуу-методикалык иш-чаралардын, кошумча, мектепке чейинки жана мектептик билим берүү үчүн кадрларды даярдоо деңгээлинде, билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кол коюла турган келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берди, — деди билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө.
Ал эми Россия Федерациясынын Президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн тогуз мектепти куруу келишими ишке ашырылат. Жакынкы арада арада Бишкекте, Баткенде жана Ысык-Көлдө үч мектепти курууга старт берилет деди.
«Кыргыз-Орус Славян университетинде жаңы кампус курулат. Буюрса, 2030-жылы жаңы облик менен лидерлик позицияга ээ болгон кампус колдонууга берилет», — деп кошумчалады.
ЭМНЕ ҮЧҮН РОССИЯ
Жогоруда айтылгандай, Кыргызстан азыр билим берүүдө сапатка жетүү үчүн куштун кош канаты сыяктуу Россия менен Кембридждин тажрыйбаларын алып, кыргыз менталитетине тууралап колдонууну максат кылып жатат. Мисалы, Кембриджден Сингапурда даярдалган STEAM багытындагы дүйнөлүк сапаттагы окуу китептерин алсак, Россиядан билим берүүнүн бардык баскычындагы алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүүдөбүз. Анткени биздин билим берүү чөйрөбүз, документтерибиз, жоболорубуз жана мыйзамдарыбыз Россия менен үндөш. Себеби Россия Кыргызстандын эң башкы саясий, аскердик, экономикалык, билим берүүдөгү союздашы катары бир жолдо. Башкача айтканда, эки мамлекет бири бирин жөлөп-таяп, эриш-аркак өнүгө турган өлкөлөр. Учурда эки мамлекет тең билим берүү системасын заманбап талаптарга жана чакырыктарга жооп бере тургандай модернизациялоого олуттуу аракеттерди көрүүдө. Бирок Россия бизден алда канча алдыда экендигин моюнга алышыбыз керек.
Ал тургай коңшу Казакстан да бизден бир топ эле алдыга кеткен. Азыр биз жаңы киргизебиз деп жаткан билим берүүдөгү ваучердик каржылоо системасын алар бизден мурда киргизип баштаган. Бул багытта тажрыйбасы мол адистердин жоон тобу эки күн мурун көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде кыргызстандык кесиптешери менен бул системаны киргизүүнүн сырлары менен бөлүшүштү.
Кыргызстан үчүн ваучердик модель таптакыр жаңы көрүнүш. Ошондуктан азыркы учурда алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп карап жаткан чагы. Билим берүү жана илим министрлиги балдардын жеке менчик жана үй-бүлөлүк бала бакчаларга баруу көрсөткүчүн көтөрүү үчүн жалпы 1000 ваучердик орун чыгарууну пландоодо.
Андан сырткары эки күн бою Сингапурдан келген адистер PISA эл аралык баалоосуна даярдануу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, улуттук тренерлерди окутту. Ал үчүн Кыргызстандын түштүгүнөн 40, түндүгүнөн 40 улуттук тренер тандалды. Математика боюнча өзүнчө бир топ иш алып барса, физика, химия, биология боюнча улуттук тренерлер бир топто окутулду. Бул тренерлер сентябрдан баштап жети ай бою жер-жерлерде математика, физика, химия, биология мугалимдерин окутушат. Алгач бир жума бир топ үчүн окуу болот, кийинки жумада окуткан мугалимдеринин сабактарына катышып, үйрөнгөнүн сабакта колдонуп жатканына байкоо жүргүзөт. Ошол эле учурда булардын ишине, ишинин сапатына райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери мониторинг кылат.
— PISA эл аралык баалоосунда Сингапур мамлекети бардык багыттар боюнча биринчи орунда. Аларда PISAга даярданууда Serebry окутуу платформасы абдан жакшы жардам берет. Бул платформада жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү да колдонулат. Башкача айтканда, мугалим бул платформада балдар менен иштейт. Эгерде бала берилген тапшырмаларды аткарууда кыйналып жаткан болсо, анда ал балага жардамга келет: тапшырмалар боюнча жооптордун варианттарын берет, тапшырманы бөлүктөргө бөлөт, жөнөкөйлөтөт ж.б. Эң жакшысы – окуучулар менен иштөө бүткөндө, ар бир окуучу кайсы багытта жакшы иштей тургандыгы, эмнеден кыйналары, эмнелерге көңүл буруу керектиги боюнча анализ кылып берет. Мугалим ага таянып окуучулар менен иштейт. Бул платформанын мүмкүнчүлүктөрү эми Кыргызстанда да колдонулат, — дейт Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токомаметов.
Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде алты күнгө созулган мына ушундай билим форуму республикалык жана эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана масштабдуу трансформацияны ишке ашыруу максатын көздөйт. Кыргыз педагогдору үчүн мындай тажрыйба алмашуу абдан зарыл. Себеби баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстан кийинки жылы PISA сынагына катышат. Анда 15 жаштагы окуучулардын турмуштук (функционалдык) сабатын: мектепте алган билимин иш жүзүндө колдонуу жөндөмүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашап кетүүгө даярдыгын баалайт.
Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер