КЫРГЫЗСТАН – МЕНИН МЕКЕНИМ

  • 28.04.2023
  • 0

КЫРГЫЗСТАН – МЕНИН  МЕКЕНИМ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин

“Кыргызстан – менин  Мекеним” эл аралык  фестивалын өткөрүү жөнүндө”

БУЙРУГУ

19.04.2023-ж.,    №2020/1

Кыргыз  Республикасынын Президен- тинин  “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында  Кыргыз Республикасынын  жалпы билим берүү уюмдарынын  жана  мектептен тышкаркы  кошумча билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына, жаш жеткинчектерге жана өспүрүмдөргө жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатуу, маданий-эстетикалык табитин, улуттук жана универсалдык асыл-нарктарга  сугарылган муунду өстүрүү, балдардын аң-сезимине сергек, дени сак жашоо образын сиңирүү, адеп-ахлактыкка, ыймандуулукка тарбиялоо, өз тилин, дилин, ыйман-адебин, тарыхын, руханий дөөлөттөрүн, улуттук баалуулуктарын  арттыруу максатында  буйрук кылам:

  1. 2023-жылдын 26-июнунан 2-июлуна чейин Ысык-Көл облусунун аймагында “Кыргызстан — менин Мекеним” аталышындагы балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагы өткөрүлсүн.
  2. Фестиваль-сынактын Жобосу 1-тиркемеге, уюштуруу комитетинин тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Фестиваль-сынакты уюштуруу жана өткөрүү Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборуна
    (И.К.Балтабаева) жүктөлсүн.
  4. Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери:

— “Кыргызстан — менин Мекеним” аталышындагы балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагынын бекитилген Жобосун  жалпы билим берүү жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарына жеткирилишин камсыздасын;

— фестиваль-сынакка катышуучуларды (ЖККБнын коштоосунда) алып келүү, жеткирүү жана алардын өмүрлөрүнүн коопсуздугуна жооптуу адамдарды даярдоо милдеттендирилсин.

  1. “Кыргызстан — менин Мекеним” балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагынын сметасы бекитилсин.
  2. Бюджеттик саясат жана каржылоону талдоо башкармалыгы (А.К.Баймуратова) бекитилген сметанын негизинде иш-чараны өз убагында каржылоо милдеттендирилсин.
  3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгына (К.К.Акматовго) жүктөлсүн.

Министрдин

орун басары           Т.А.Ашымбаева

1-Тиркеме

 Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаровдун  “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында  “Кыргызстан – менин  Мекеним”  эл аралык  балдардын  чыгармачылык
фестиваль-сынагынын

ЖОБОСУ

Кыргыздын улуттук  музыкалык  аспаптары байыркы замандан тарта элдин жашоосун коштоп, кыйын  учурларда да колдонулуп, бүгүнкү күнгө  чейин жетти. Ата-бабаларыбыз комуз, кыл кыяк, темир комуз, чопо чоор, сыбызгы, шылдырак, добулбас, аса таяк ж.б. аспаптар менен көкүрөктө жаткан сезимдерин, толгонууларын билдирген мааниси терең күүлөрдү жараткан. Обон созуп, жүрөктөн чыккан ырларды дал ушул аспаптардын коштоосунда аткарышкан.

Азыркы  илим менен техника саат сайын өсүп жаткан убакта ар бир атуулдун Мекенге болгон сүйүүсү, өз улуту менен сыймыктануу сезими болуусу  шарт. Ушул шартта Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору  кыргыз элинин баалуулуктары болгон, кылымдан кылымга аздектеп келген каада-салттарын, үрп-адатын, улуттук  фольклордук аспаптардын, улутубуздун улуу мурасы болгон  манас айтуу, дастанчылык өнөрүн  өркүндөтүп, комузда кол ойнотуп, анын  коштоосунда  ырдоо, ыр-бий өнөрлөрүн аздектеп, жаңы калыпка келтирип, жайылтуу иретинде, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы жашаган жаш жеткинчектерди, өспүрүмдөрдү бири-бири менен чыгармачылык аркылуу достоштуруп, Кыргызстанда жашаган ар улуттун  чыгармачылыгы  менен таанышуу  иретинде “Кыргызстан – менин Мекеним” балдардын  чыгармачылык фестиваль-сынагын  өткөрөт.

  1. Уюштуруу жана өткөрүү: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору.
  2. Фестиваль-сынактын негизги максаттары  жана милдеттери:

Балдардын өз тилине, маданиятына, тарыхына  болгон кызыгууну өнүктүрүү жана тарбиялоо;

Таланттуу балдарды  колдоо  жана  аларды  элдин  алдына  чыгарууга  шарт  түзүү;

Республикабыздын  аймактарында  элдик оозеки чыгармаларды аткаруу, манас айтуу,  кыргыздын  улуттук аспаптарында  кол ойноткон жеткинчектерди, жаштарды  колдоо жана эл аралык деңгээлге чыгаруу;

Өсүп келе жаткан муунду, кыргыз элинин  каада-салтын, үрп-адатын, улуттук маданиятын аздектеп, аларга  аяр  мамиле кылып, патриоттук сезимде өстүрүү;

Кыргыз элинин  жана Кыргызстанда жашаган элдердин фольклордук маданиятын  пропагандалап, башка улуттун балдары менен достук мамиле  түзүү, маданий кызматташтыкты өркүндөтүү;

Аткаруучулук  боюнча  тажрыйба алмашуу жана кесиптик  чеберчиликти жогорулатуу.

Фестиваль-сынактын башкы  милдеттеринин  бири балдарга   адеп-ахлактык  тарбия берүүгө, мекенчилдик, атуулдук сезимдерин  өркүндөтүүгө,  алардын  ички  дүйнөсүн руханий  жактан байытууга өбөлгө түзүү.

  1. Фестиваль-сынакты өткөрүү мөөнөтү:

“Кыргызстан – менин Мекеним”  эл аралык балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагы, Ысык-Көлдүн жээгинде, “Ала-Тоо” эс алуучу жайында, 2023-жылдын 26-июнунан  2-июлга чейин өткөрүлөт.

  1. Номинациялар:

- Манас айтуу;

 — Дастан айтуу;

 — Комузчулардын ансамблдери, фольклордук топтор, комуз-соло;

 — Элдик ырдоо комуздун коштоосунда;

 — Элдик бий (кыргыз, дүйнө элдеринин  бийлери);

заманбап бий;

 — Вокал.

  1. Катышуунун шарттары:

Фестивалга  чыгармачылык бий топтору менен, ырчылар, фольклордук  топтор, кыргыздын улуттук  аспаптарында кол ойноткон топтор катыша алат.

 Катышуучулардын жашы: 9 жаштан 17 жашка чейин, бий ансамблдин же фольклордук топтун саны 15 адамдан ашпашы керек.

 Келген катышуучулар жана делегациялар Ысык-Көлдүн “Ала-Тоо” эс алуучу жайына жайгаштырылат.

 Фестивалдын  жүрүшүн  атайын  УЮШТУРУУ-КОМИТЕТИ  өткөрөт.

Катышуу үчүн анкетада  так маалымат  болуусу  зарыл: катышуучулардын тизмеси толук аты-жөнү менен, туулган күнү, жылы, жашаган жери, паспорттун же туулгандыгы жөнүндө  күбөлүктүн  № менен, номинациясы (1-таблица);

Келүүчү бий топтор, бий ансамблдер, фольклордук ансамблдер катышуу үчүн табыштамаларды, анкеталарды так, коллективдин аты-жөнү, кайсы аймактан, канча адам, номинациясы  менен  толук  жазылат;

Катышуу үчүн табыштамалар, тизмелер, уюштуруу комитетине  2023-жылдын  20-майына чейин жиберилет, толук маалымат келгенден кийин гана  ар бир катышуучуга  атайын чакыруу жөнөтүлөт.

  1. Программалык талаптар:

Фестиваль-сынакка   9 жаштан 17 жашка чейин окуучулар катыша алышат.

Фестиваль-сынакка  катышуу  номинациялар боюнча бөлүнөт.

Фестиваль-сынакка  катышуучулардын жаш курактары: 9-10 жашка чейин, 10-13 жашка  чейин,  14-17 жашка  чейинкилер.

  • “Манас айтуу” боюнча номинация — “Манас” эпосунан  бир үзүндү айтылышы керек,  эпизоддун  аталышы, үзүндү 5-7  минутадан  ашпашы керек, облустан 2 окуучуга чейин  манас айтууга катышууга уруксат, артистизм, дикция, актердук  чеберчиликте   көркөм айтылышы, так айтылышы эске  алынат.
  • Дастан айтуу – эркин формада, дастандын аталышы,  5-7  минуталык, облустан 2 окуучуга чейин  дастан айтууга уруксат,  артистизм, дикциясы, комуздун коштоосунда  актердук чеберчиликте  аткарылышы  эске  алынат.
  • Комузчулардын ансамблдери, фольклордук топтор – бир тур менен, эки убакытта өткөрүлөт, 2 чыгарма менен  катышат, ансамблдин аткарган чыгармасы,  ансамбль же топ даярдаган чыгарма же күү элге жайыла элек болушу шарт, экинчи  чыгарма уюштуруу тобу  аткарып берүүнү сунуштайт: “Маш ботой”, “Эргиме”, балдардын музыкалдуулугу, чеберчилик менен аткаруусу, аткаруу  техникасы, чыгарманын узактыгы 3,5 минутадан ашпашы керек, ансамблде  мектеп окуучулар  9 жаштан 17 жашка  чейин болушу  керек, костюм менен, соло комуз менен күү аткаруу, бир облустан 2 окуучунун  катышуусу  шарт, же  бир ансамблден 1 окуучу соло күү  аткаруусу шарт, костюмдун көрктүүлүгү  эске алынат.
  • Комуздун коштоосунда элдик ырдоо – балдардын музыкалдуулугун эске алуу менен бирге, дикциясы, аткаруучулук чеберчилиги эске алынат, чыгармалар патриоттук, жер, эне, Ата-Мекен жөнүндө  темаларды  камтышы керек,  бир  чыгарма  элдик  ыр  аткарылышы шарт.
  • Элдик бий номинациясы (кыргыз, дүйнө элдеринин бийлери) Бир кыргыз улуттук бий, экинчиси дүйнө элдеринин бир бийи аткарылышы керек, бийлер ансамблде аткарылышы  шарт. Бий  ансамблинин курамы 14  адамдан  ашпашы  керек. Жалгыз  бийлеген катышуучулар кабыл алынбайт.
  • Заманбап бий – ансамблде аткаруусу шарт.

Бийлердин чеберчиликте, бир ритмде аткаруучулугу, балдардын музыкалдуулугу, эске  алынат. Ансамблдин курамы 14 окуучудан ашпашы керек.

  • Вокал номинациясы – Эки ыр болушу шарт, кыргызча ыр Ата-Мекен, жер, эне жөнүндө, экинчи ыр расмий тилде: патриоттук теманы  камтышы  керек.
  1. Фестиваль-сынактын калыстар тобу

Фестиваль-сынакка  катышуучулардын программаларын баалоо, компетенттүү  искусство чеберлеринен, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгеги сиңген ишмерлеринен, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисттеринен, алдыңкы мугалимдеринен  турган  калыстар  тобунун  мүчөлөрү   карашат.

Калыстар тобу  укуктуу:

  • ар бир келген коллективди, солистти, ансамблди баалоого;
  • фестиваль-сынактын баш байгесин ыйгарууга;
  • атайын каралган сыйлыкты берүүгө;
  • жетекчилерге ыраазычылык каттарды берүүгө;
  • эч кандай сыйлык бербей коюуга;
  • жобого ылайык келбеген аткаруучуну токтотуп коюуга;
  • ар бир катышуучуну пикир алмашуу жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алууга;
  • калыстар тобунун чечими сынак бүтөөрү менен каралып, токтом кабыл алынат, кийин кайрадан каралбайт.
  1. Жалпы түшүнүктөр

“Кыргызстан – менин Мекеним” эл аралык балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагы  2023-жылдын 26-июнунан 2-июлуна  чейин, Кыргыз Республикасынын көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде “Ала-Тоо” эс алуучу жайында өтөт. Фестиваль-сынакка Кыргыз Республикасындагы чыгармачылык  борборлордун, жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары, хореографиялык, вокалдык, фольклордук студиялардын, комуз ансамблдеринин окуучулары, өз алдынча түзүлгөн  ансамблдер, топтор катыша алышат. Атайын окуу жайда, музыкалык мектептерде окуган катышуучулар  кабыл алынбайт.

  1. Фестивалдын программасы:

Фестиваль-сынактын  катышуучуларын 6 унутулгус  чыгармачылык күн күтөт: чыгармачылык коллективдердин сынактык, концерттик  программалары, коноктордун программасы, Семенов жана Григорьев  капчыгайына саякат, Ысык-Көлдүн жээгине теплоход  аркылуу саякат жасоо, спорттук мелдештер, ар кандай эстафеталар.

  1. Башка шарттар:

Фестиваль-сынакка катышуу үчүн табыштамалар 2023-жылдын 20-майына  чейин жөнөтүлүшү керек.

Фестиваль-сынакка катышуучулардын  жатаканага жана тамакка  кеткен чыгымдары  жиберүүчү тараптын эсебинен камсыздалат.

Делегациялар келген, кеткен күндү так белгилеп, балдардын коопсуздугун  сактап келүүсү шарт.

Катышуучулар тарабынан  берилген  өздүк  жана башка маалыматтар так жана чын болуусу зарыл.

Биздин дарек:Сурап-билүү телефондору:

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 197,

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору.

 

(0312) 66-19-64,
(0312) 62-35-77,

Е-mail: [email protected]

[email protected]

Whats App: (0555)-13-04-44, (0509)-58-55-88

1-таблица

“Кыргызстан – менин ­ Мекеним” Эл аралык
балдардын чыгармачылык    фестиваль-сынагына
катышууга

ТАБЫШТАМАСЫ

  1. Республика, область, район_______________________

____________________________________________

  1. Коллективдин (ансамблдин) аты: _________________
  2. Коллективди (ансамблди) жиберген уюм:_____________
  3. Коллективдин жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү: ________________________________________________
  4. Дареги, телефон, е-mail:__________________________
  5. Делегациянын курамы: кыз: ______, эркек: ______ Жалпы саны:____
  6. Делегациянын жаш курактары:__________________
  7. Номинация: ________________________________________________ Делегациянын келген күнү: _____________________________________
  8. Делегациянын толук тизмеси:
№1. Катышуучунун аты- жөнүТуулган күнүНоминациясы

Бөлүшүү

Комментарийлер