КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 09.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова “Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу” аттуу биринчи Кыргыз-Россия аялдар форумуна кыргыз делегациясынын катышуусунун алкагында Россиянын билим берүү министринин орун басары, статс-катчысы Андрей Корнеев менен жолугушту.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибинин маселелерин, анын ичинде студенттер жана окутуучулар арасында педагогикалык багыттар боюнча алмашуу программаларын, ошондой эле Россия тараптан Кыргыз Республикасынын аймагында тогуз жалпы билим берүү уюмун куруу боюнча мурда жетишилген эки тараптуу макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер