КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ КЫЗМАТТАШУУГА УМТУЛУУДА

  • 04.12.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Корея Республикасынын билим берүү министри Ли Джу Хо билим берүү жаатында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ КЫЗМАТТАШУУГА УМТУЛУУДА

Бул меморандум академиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, билим берүү технологиялары жаатында тажрыйба алмашууга, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашырууга шарт түзөт.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ КЫЗМАТТАШУУГА УМТУЛУУДА

Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүгө, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана кесиптик байланыштарды бекемдөөгө олуттуу салым кошот.

Бул документке кол коюу Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын билим берүү тармагында узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка умтулганын тастыктайт.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КОРЕЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДА УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ КЫЗМАТТАШУУГА УМТУЛУУДА

Бөлүшүү

Комментарийлер