КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЛУТТУК МОДЕЛИНЕ ЖЕТИШЕ ЭЛЕК

  • 24.05.2023
  • 0

Бишкекте 23-май күнү “EdNet” билим берүү жаатында таанылган сапатты кепилдөө агенттиги менен Билим берүү демилгелерин колдоо фонду өткөгөн тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары жана экс-депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, окуу жайлардын жетекчилери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, билим берүү тармагынын алдыңкы эксперттери катышты.

КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЛУТТУК МОДЕЛИНЕ ЖЕТИШЕ ЭЛЕК

Иш-чаранын спикерлери белгилегендей, билим берүү тармагын реформалоонун зарылдыгы эбак жаралган. Ал 30 жылдан бери жүргүзүлүп келген жана азыр да жүргүзүлүп жатат. Ага карабай Кыргызстан жалпы жана кесиптик билим берүү системасын натыйжалуу башкарууга жана жарандардын сапаттуу билим алуу боюнча конституциялык укуктарын толук ишке ашырууга мүмкүндүк берген билим берүү системасынын туруктуу моделине жете элек.

 

Билим берүүнүн үч баскычын — мектепке чейинки, жалпы жана кесиптик билим берүүнү карап чыгып, катышуучулар билим берүү ишинин бардык этаптарында чечилбеген маселелер жана көйгөйлөр бар экендигин баса белгилешти.

 

Кыргызстан билим берүүнүн улуттук моделине жетише элек. Учурдагы система – советтик билим берүүнүн негизинде Болонья түрүндөгү дагы башка системаларды камтып калган. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептер менен бирге Түркия, Улуу Британия, Россия жана башка мамлекеттер тарабынан каржыланган ар кандай программалар жана стандарттар менен жалпы билим берүү мекемелери иштейт.

 

Учурдагы кырдаалдын талылуу жери — билим берүү тармагындагы ашыкча бюрократизация маселеси. Эгерде жогорку билим берүү системасында аккредитация зарыл деп таанылса, анда базалык билимге (мектепке) карата пикирлер ар башка болушу ыктымал. Бир катар эксперттер мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларды аккредитациялоону жоюп, бирок жеке менчик мектептерге, өзгөчө чет элдик каржылоо менен иштеп жаткандар үчүн сактап калуу зарыл деп эсептешет.

 

Тегерек столдо окуучуларга бөлүнгөн мамлекеттик каржылоонун  үлүшү жана аны жогорку окуу жайына көчүрүү (ваучер же бюджеттик каржылоо стандарты) маселеси кызуу талкууланды.

 

Бирок эксперттер тарабынан сунушталган окуучуларды каржылоо системасын ишке ашыруу же ар бир студентке окуу жайын тандоо укугу билим берүү мекемелери тарабынан кабыл алынат жана деталдуу изилдөөнү талап кылат.

 

Мектептер толук каржыланбай жаткандыгына байланыштуу ата-энелерден акча чогултуу маселеси дагы эле курч бойдон калууда. Бул маселени мыйзамдуу жана ачык-айкын жүргүзүү механизмдери иштелип чыгышы керек.

 

Билим берүү тармагын реформалоодо искусство чөйрөсүндөгү билим берүү мекемелери да көңүл сыртында калып жатат. Алар белгисиз себептерден улам азыркы «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамда көрсөтүлбөй калган жана кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринин тизмесине кирбей калган.

 

Бул маселелер чечилиши керек, анткени жогорку сапаттагы билим берүүнү талап кылган экономикалык жана социалдык программаларды сабаттуу адамдар гана ишке ашыра алат.

 

Тегерек столдун катышуучулары көйгөйлөрдү белгилеп, билим берүү тармагындагы алгылыктуу демилгелерди илгерилетүүгө, биргелешип аракеттенүүгө жана улуттук өзгөчөлүктөр менен башка  мамлекеттердин билим берүү тармагындагы прогрессивдүү тажрыйбасын айкалыштыруу аркылуу Кыргызстандын билим берүү системасын түзүүгө чечкиндүү кадамдар керек экендигин белгилешти. Андан сырткары, буга чейин мамлекет тарабынан гана чечилип келген билим берүү маселелерин коомчулук менен кесипкөй эксперттердин ачык талкуулай баштаганы да маанилүү.

КЫРГЫЗСТАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН УЛУТТУК МОДЕЛИНЕ ЖЕТИШЕ ЭЛЕК

Бөлүшүү

Комментарийлер