КЫРГЫЗСТАН-АЗЕРБАЙЖАН: АЛИ АЛИЕВ – ЭКИ ЭЛДИН ДАНАКЕРИ

  • 23.05.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, Өкмөт аралык жол куруучулардын кеңеши, К.Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа-жол колледжинин уюштуруусунда  өткөн “Унаа жолдордун коопсуздугу” аттуу эл аралык конференциянын алкагында техника илимдеринин доктору, профессор, академик Али Алиевдин ысымында аудитория ачылды. Бул салтанаттуу аземге Кыргызстандагы Азербайжандын  ыйгарым жана укуктуу элчиси Гидаят Оруджев катышып, А.Алиевге арналган мемориалдык тактаны ачты. Ошондой эле эл аралык конференциянын жүрүшүндө Өкмөт аралык жол куруучулардын кеңешинин медалы менен К.Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа-жол колледжинин директору Асылбек Алымкулов сыйланды.

КЫРГЫЗСТАН-АЗЕРБАЙЖАН: АЛИ АЛИЕВ – ЭКИ ЭЛДИН ДАНАКЕРИ

Жогоруда аталган колледждин директору, техника илимдеринин кандидаты Асылбек Алымкуловдун айтымында, 1953-жылы Али Алиев Фрунзедеги өнөр жай техникумунда  (азыркы – К.Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа-жол колледжи) окуп, аны ийгиликтүү аяктаган.

КЫРГЫЗСТАН-АЗЕРБАЙЖАН: АЛИ АЛИЕВ – ЭКИ ЭЛДИН ДАНАКЕРИ

  • Профессор, КМШ жол куруучулардын ардактуу академиги А.Алиевдин балдары “атабыздын аты окуу жайда калсын, студенттерге үлгү болсун” деп бир аудиторияны бөлүп берүүнү суранышкан. Биз бөлүп берген №19 аудиторияга анын балдары толук жаңы эмеректерди коюп, интерактивдүү такта, компьютер менен жабдып беришти. Ошондой эле академиктин жазган китептерин белекке берип, аудиторияны толук ремонттон өткөрүштү. Жалпысынан 600 миң сомдун тегерегинде кетти. Академикти эскерүүгө байланыштуу эл аралык конференцияны уюштурдук. Конференциянын башкы максаты – жол куруу боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүүнү жана үйрөнүүнү, тажрыйба алмашууну көздөдү. КМШ өлкөлөрүнүн баарынан жол куруу боюнча адистер келишти. Биздин колледжде аэродромдорду куруу боюнча адистик бар. АБРдин алкагында 3 млн. жакын заманбап лабораторияларды алганбыз. Биздин балдар заманбап технологиялар аркылуу техниканы башкарууну, көпкө чейин чыдай турган жолдорду кантип салуу боюнча сапаттуу билим алып жатышат, — дейт Асылбек Алымкулов.

Эл аралык конференциянын ачылышына чейин техника илимдеринин доктору, профессор, академик Али Алиевдин ысымындагы аудиториянын кире беришинде ага арналган мемориалдык тактаны Кыргызстандагы Азербайжандын  ыйгарым жана укуктуу элчиси Гидаят Оруджев менен Транспорт жана жол министринин орун басары Бакыт Бердалиев ачышты.

Элчи Гидаят Оруджев өз сөзүндө Билим берүү жана илим,  Транспорт жана жол министрликтерине, колледждин жамаатына терең ыраазычылык билдирди.

  • Али Алиев Кыргызстанда эле эмес, Азербайжанда да аброю бийик. Окумуштуу жана коомдук ишмер катары ал көп иштерди жасап кетти. 2005-жылы Азербайжандын Президенти И.Алиев аны өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы “Шохрат” ордени менен сыйлаган, — деди элчи.

Академиктин өмүр баянына кайрылсак, Алиев Али Муса оглы 1933-жылы 20-майда Батыш Азербайжанда туулган. 1953-жылы Фрунзедеги өнөр жай техникумунун (азыркы – К.Көлбаев атындагы Бишкек автоунаа-жол колледжи)   “Шаар көчөлөрүн жана көпүрөлөрүн куруу” факультетин, ал эми 1965-жылы Азербайжан политехникалык институтун аяктаган. 1953-1955-жылдары инженер-долбоор түзүүчү, Кыргызстандын транспорт министрлигинин алдындагы  “Доринжстрой” трестинин башкы инженери болуп эмгектенген.

— 1950-жылдары анын жигердүү катышуусу менен СССРдеги эң узун Фрунзе — Ош магистралдык унаа трассасы, Нарын дарыясы аркылуу өтчү бир нече көпүрөөлөр, анын ичинде узундугу 99 метр болгон асылма көпүрө жана  2,4 чакырымды түзгөн туннель курулган. 1972-жылы ал Баку шаарында жаңы түзүлгөн “Адистештирилген жол трестинин” башкармасы болуп дайындалган. Өндүрүштүк ишмердүүлүк менен биргеликте А.Алиев илимий изилдөөлөрдү да жүргүзгөн. Ошентип 1973-жылы “Активдештирилген минералдык күкүмдөр менен асфальтбетондорду изилдөө” аттуу темадагы кандидаттык диссертациясын жактаган, ал эми 1984-жылы Москвада “Асфальтбетондун  регенерациясы” темасындагы доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 1999-жылы «AzVirt» азербайжан-немец компаниясын  башкарат. А.Алиев Жогорку аттестациялык комиссиянын илимий кеңешинин мүчөсү болгон. Ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, көптөгөн медалдар жана Азербайжан Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардактуу дипломдору менен сыйланган, — дейт Асылбек Алымкулов.

КЫРГЫЗСТАН-АЗЕРБАЙЖАН: АЛИ АЛИЕВ – ЭКИ ЭЛДИН ДАНАКЕРИ

Айтмакчы, А.Алиев беш патенттин, 18 ойлоп табуулардын ээси, 80 илимий иштердин, монографиялардын, бир усулдук китептин, “Жол-курулуш материалдары” окуу китебинин, “Транспорттук өзөк жолду куруунун негиздери” китебинин, “Унаа жолдорун жана аэродромдордун курулушу” эки томдук китептин автору. 2005-жылы Кыргызстандын Өкмөтүнүн чечими менен Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү эң ири көпүрөөлөрдүн бири “Кыргызстан-Азербайжан достугунун көпүрөсү” деп аталып, анда Али Алиевдин урматына эстелик такта орнотулган.

Кыргызстанда эмгектенүү жаш Али Мусаевичке кесиптик тажрыйба  эле  эмес, ошондой эле чыныгы досторду тартуулады. Алардын ичинде  азербайжандык бир тууганы тууралуу жакшы сөз айткан Чыңгыз Айтматов да  бар деп жазылган анын өмүр баянында.

КЫРГЫЗСТАН-АЗЕРБАЙЖАН: АЛИ АЛИЕВ – ЭКИ ЭЛДИН ДАНАКЕРИ

Ошентип эл аралык конференцияга  Казакстандан, АКШдан, Орусиядан келген адистер бул чакан аземге да күбө болушту.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер