КЫРГЫЗГА КЫМБАТ 40 ТОМДУК

  • 28.12.2023
  • 0

КЫРГЫЗГА КЫМБАТ 40 ТОМДУК

21-декабрда Кыргыз мамлекеттик улуттук Тарых музейинде Байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз тарыхы, мурасы, кыргыз элинин нарк-насили, салт-санаасы, санжырасы, рухий маданияты, адабияты жана башка кызыктуу материалдар камтылган 40 томдон турган “Кыргыздар” аттуу китептин бет ачары  өттү. Бул кыргыз үчүн баалуу тарыхый китептердин авторлору жана түзүүчүлөрү  Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов менен саясат таануу  илимдеринин доктору, жазуучу, коомдук ишмер Каныбек Иманалиев.

Иш-чара төлгө кылынып, Манас театрынын манасчыларынын “Манас” дастанынан үзүндүлөрдү айтуусу менен башталды.

Китептин бет ачарына Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төргасы Каныбек Осмоналиев, Президентин кеңешчиси Медетбек Букуев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Эл Баатырлары, жазуучулар, тарыхчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери катышты.

Байыртадан кыргыз эли өзүнүн карт тарыхында түрк дүйнөсүнүн көчмөн цивилизациясынын туу башында туруп, бай маданиятты түптөп, көптөгөн руханий эстеликтерди жараткан. Анын башатында дүйнөдө көлөмү жагынан да, көркөмдүгү жагынан да теңдешсиз “Манас” эпосу турат. Ар бир кыргыз жараны аны менен чексиз сыймыктанат. Улуу дастанда улуттук бардык асыл нарктарыбыз, дөөлөттөрүбүз, баалуулуктарыбыз, анын ичинде, эл-жерибизди чексиз сүйүү, ага кызмат кылуу, адам ариетин бекем тутуу, ата жолун улантуу салты кеңири чагылдырылган. Руханий мурастардын аркасы менен улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ата-энени ардактоо, жакшыга жанашып, жамандан алыс болуу, ак-караны ылгай билүү, ак бата алып, агарып-көгөрүү сыяктуу нарк-насилибиз, карыялык каадалар, мырзалык сапаттар, аялзатынын аруулугу менен адеби бизге – бүгүнкү урпактарга жетип отурганы ушул 40 томдуктун өзөгүн түзгөн.

«Келерки жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Бул тарыхый окуя өз убагында биз сыяктуу чакан эл үчүн эң чоң жетишкендик болгон. Ошондуктан бул 100 жылдык маараке глобалдашуу мезгилинде биз сыймыктанар ири ийгилигибиз болору талашсыз. Колубуздагы кырк томдук антология улуттук-мамлекеттик улуу мааракебизге баалуу белек
болмокчу.

Бул антологиянын жыйырма томун мааниси терең, мазмуну кенен улуттук адабиятыбыз түзсө, дагы жыйырма томун тарыхыбыз, этнографиябыз менен этнопедагогикабыз түзөт. Адабият бөлүгү “Улуу сөз” деп аталган элдик оозеки чыгармачылыктан башталып, учурдагы адабияттын жаңы үлгүлөрүнө чейин камтып турат. Бүгүнкү күндө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ал үчүн кызыктуу китеп менен камсыз кылуу, аба-суудай зар болуп турган кезде “Манас” дастанынын, кенже эпосторубуздун, уламыш-жомокторубуздун, акындар поэзиясы менен профессионал адабиятыбыздын, улуттук балдар адабиятынын эң мыкты үлгүлөрүн камсыз кылган бул баалуу топтом мектеп китепканаларында окумдуу китептердин бирине айланары шексиз.

40 томдук бул эмгек муундар ортосуна өзгөчө көпүрө болуп, ар бир кыргыз жаранына бабаларынын басып өткөн тарыхын гана эстетпестен, жаркын келечек курууга багыт болуп берет деп ишенем.

Ата-бабаларыбыз сапарга чыгарда, “жакшы ниетти жолдош кыл” деп бата тилек кылышчу экен. Аны сыңары, илгери үмүт менен жарык көрүп жаткан “Кыргыздар” аттуу тарыхый 40 томдук антологиябыздын сапары байсалдуу болсун. Ак жол тилейм», — деп китептин баш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров ак тилегин билдирген.

Чынында эле көчмөн даанышман бабаларыбыз жүрөктө сөз багышкан. Акыл, нарк, ыр, дастан, оозеки чыгармалары, макал-лакаптары менен жаштарга таалим-тарбия берип, көркөм дүйнөнү, сулуулукту баалап келишкен. Мына биздин бактыбыз жана сыймыгыбыз ушундай болсо керек, элибиз асыл жерден деп бекеринен айтылган эмес. Мындан 30 жыл мурун, 1993-жылы Кеңеш Жусупов агайыбыздын демилгеси жана жетекчилиги менен элибиздин санжырасына, тарыхына, мурастарына арналган “Кыргыздар” деген алгачкы китеп чыккан. Махмуд Кашгаринин, Василий Бартольддун, Лев Гумилевдун, Талып Молдонун жана башка улуу ойчулдардын түрк тилдерине, тарыхыбызга жана этнографияга арналган эмгектеринин үзүндүсү экинчи томго киргизилген. Ошол эле жылы үчүнчү тому да жарык көргөн. “Кыргыздар” китебинин төртүнчү тому байыркы санжырадан баштап кытайлык кыргыздарга, кытайлык кыргыздардын тарыхый мурастарына жана салттарына арналган болчу. Ал эми ошол серия беш томдук менен бүткөн. Кийин Кеңеш Жусупов агай, Каныбек Иманалиев жана Жылдыз Бакашева дагы кошулуп, он томду чыгарып, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бет ачары өткөрүлгөн.

– Кеңеш агай кыргыздын карт тарыхын барктап, ошого сереп салып, ошол карт тарыхка толгонуп,бабаларыбыз нечен кылымдарды кечиргенин, элдин тилин, жазмасын, эстелигин, салтын, руханий маданиятын, элдин оозеки бай чыгармачылыгын абдан мыкты билгендиги үчүн 40 томдук жаралып отурат. Тарыхый учурларда чеги жок жөө баскан бабаларыбыз жөнүндөгү кырк томдук сөзсүз түрдө кыргыз элибиздин бир эстетикалык дүйнөсүн байыткан эң бир куттуу табылга десек болот. Ал эми авторлор чыныгы мекенчилдиктин үлгүсүн көрсөткөн чыныгы жарандык эрдик жаратышты деп ардактап белгилеп кетким келет. Себеби 40 томдукта байыркы кытай тарыхчысы Сыма Цяндын тарыхый жазмаларынан тартып, X жана XIII кылымдардагы фарси булактарындагы, орто жана XIX кылымдардагы Фергана, Кашкар, Кытай, ар кайсы мезгилдердеги Европа булактарындагы кыргыздар жөнүндө бардык маалыматтар чогулуп, ошону менен бирге Радловдун, Бартольддун, Гумилевдун, Абрамзон сыяктуу дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын жана андан кийинки Ата Мекенге кызмат кылган жергиликтүү жана чет элдик тарыхчылардын, этнографтардын эмгектери, элибиздин эски урууларынын санжыралары, салттары, нарк-насилдери, тарыхый белгилүү инсандардын, эл башчыларынын ишмердиги, ошондой эле күүлөрдүн да тарыхтары, элдик оозеки чыгармалар, акындар, манасчылар, өнөрчүлөр, акылмандар, чечендер, жазуучулар, окумуштуулар жана дагы башка материалдык жана рухий байлыктардын, көрүнүштөрдүн тарыхы тууралуу маалыматтар кирди. Ошону менен бирге кытайлык кыргыздардын салт-санаасы жана мурастары да кеңири камтылды. Бул жагынан алганда 40 томдук кыргыз элинин кеңейтилген энциклопедиясы десек да болот. Мунун коомдук жана руханий мааниси абдан зор. 40 томдук элибиздин тарыхы, этнографиялык байлыктар тууралуу бир базалык серия, кенч десек жаңылбайбыз. Бул жөнүндө сөзсүз түрдө биздин жаштарыбыз, келечекте өнүгүп келе жаткан муундарыбыз, окумуштууларыбыздын илимий эмгектеринин маңызы, өзөгү, пайдубалы болуп берет деген ойдобуз.

Бул фундаменталдуу энциклопедиянын бет ачары Улуттук тарых музейинде өтүп жатканы өзүнчө бир символикалуу, себеби Улуттук тарыхый музейде байыркы кыргыздын бүгүнкү күнгө чейинки бардык тарыхы камтылган. Мына он жылдын ичинде талыкпай эмгектенип, көөнөргүс бир монументалдуу серияны түзгөн, чыныгы жаратмандыгын көрсөткөн Кеңеш Жусупов жана Каныбек Иманалиев агайларыбызга, ошондой эле 40 томдукту түзүүгө катышкан башка авторлорго ыраазычылыгыбызды билдиребиз,–деди иш-чараны ачып жатып Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашева.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик катчы сөз сүйлөп, тарыхый китептин баалуулугун баса белгилеп, мындай деди:

-Кары-жашы дебей жалпы кыргызды, ал түгүл бешиктеги баланы да сүйүнткөн жакшы кабар болуп отурат. “Кыргыздар” 40 том болуп чыкты.

Залда кеп дегенде кербенге жүктөп алып кете берген, сөз дегенде аттан түшүп суу кечкен адамдар отурат, жада калса жалга колу жеткен баласын дагы үйрөткөн, керегеге шылтап, келинге кеп таштаган, уукка шылтап уулга сөз баштаган, түндүгү бийик, түшкөн нуру ыйык, көч үстүндө төрөлүп, ат үстүндө жүргөн элдин наркы, салты –бизге түркүк, өзөк. Биз көп учурда жаштар тигил же бул жакка ооп жатканда эмне менен туруштук бере алабыз деп түйшөлөбүз, бир дагы мыйзамдын, милициянын күчү жетпейт, Биз элибизди наркыбызга, салтыбызга сугарсак, ким экенибизди билсек, керегеси теңге теңелип, нарк-салтыбызды, тарых-таржымалын билген эл эч кимге моюн бербейт. Беш миң кишинин алдында сүйлөп, беш кишинин кулагына кирсе, бул –жеңиш. Намыстанбай, уялбай наркыбыздагы сөздөрдү көтөрүп чыгыш керек. Бул китептин чыгышы аябай оор, түйшүктүү болду. Кеңеш аганын “алтымышка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал” деген макалдын көркүн Каныбек инибиз чыгарды. Ээрчишип, жетелешип жүрүп, зор иш бүткөрүштү. Көп адамдардын наркы, эмгеги ушул 40 томдукка кирди. Тирикарак балдар чыкса, бул эмгек уланып кете берет. Ушундай терең тарыхы бар элге эч кимдин күчү жетпейт. Мына ушундай тарыхый окуяны кубанып, баарыбыз чогулуп, төлгө кылып отурабыз. Кыргыз кырк урууга бөлүнгөн деп эмес, кыргыз кырк урууга бириккен деп айткан бабалар. Ушундай эмгек жараткан Кеңеш агага, Каныбек инибизге жана башка авторлорго терең таазим. Ушундай китептерибиз көп болсо экен, -деп ыраазычылыгын билдирди мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

— Сөз кылып жаткан 40 томдукта миңден ашык залкар инсандардын эмгектери чогултулуп, бааланып, бүгүн китептин бет ачарына күбө болуп жатабыз. Бул 40 томдуктун баш сөзүн жакшы тилек, жакшы ой менен мындан ары ийгилик болсун деп Президентибиз Садыр Нургожоевич жазып берген. Андан сырткары, бул жерде Бартольддон, Бернштамдан баштап ушул күндүн жаш акындарына чейинкилердин эмгектери камтылган экен. Бул чынында өтө чоң жана зор эмгек, түзгөндөрдүн башында турган Кеңеш Жусупов агайга рахмат дешибиз керек.

Экинчиден, эмдиги жылы Кара -Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөнүн 100 жылдыгы болот. Бул жүз жылдыкка 40 томдук жакшы белек болот деп ойлойм. Эң негизгиси, жалпы бир сөз менен айта турган болсо, биримдикке, ынтымакка чакырган 40 томдукка ийгилик болсун, — деди Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев.

-Ушул 40 томду менин иш бөлмөмө алып келгенде кыргызымдын тарыхы абдан терең экенин байкадым, кыргыздын келечеги кең экенине ынандым. Мага Каныбек иним алып келип, белек кылды. Мен үчүн, кыргыз эли үчүн баа жеткис байлык деп билем, — деди Кыргыз Эл Баатыры Миталип Мамытов.

Бул кыргыз тарыхын чогулткан ар бир авторго, аракет, мээнет кылгандарга ыраазычылыгын билдирип жана алар элибизге чоң белек кылганын, Кыргыз эл жазуучуларынан алгачкылардан болуп Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргыз Эл Баатыры болгонун, андан кийин да жазуучу, акындардан Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Бексултан Жакиевге Кыргыз Эл баатыры наамы ыйгарылганын, 40 томдуктун автору Кеңеш Жусуповду Кыргыз Эл Баатырдыгына сунуштап, демилге көтөрүп, колдоорун билдирди,- Кыргыз Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов.

— Бул түбөлүк көөнөрбөс эмгек. “Кыргыздар” аттуу китептин ичинде кылымдарды карыткан тарыхы сакталып турат. Ушулардын баарын чогултуп, иретке келтирип, кайрадан чаңын аарчып, көз майын коротуп элибизге мурас кылып берген биздин Эл жазуучубуз Кеңеш агай, Каныбек агай сиздерге рахмат. Сөз менен ар кандай нерселер менен алышып аткан мезгилде түбөлүктүүлүк үчүн, тоодой салмак үчүн, тарых үчүн, келечек үчүн, тамыр үчүн үзүрлүү эмгектерди чыгарып, элге жеткирүүгө берип жаткан сиздердей адамдарды көзү тирүүсүндө баалашыбыз керек. Жан дүйнөбүздүн азыгы боло турган, тарыхыбыздын таржымалы боло турган, тиреги боло турган, улуулугу боло турган, керегеси боло турган, түндүгү боло турган кыргыздардын 40 томдугу кыргыздардын кылым карыткан урпактарына жетсин, — деди Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо.

— Кандай жакшы кабар. Биздин муунда, мурдагыларда ушундай эмгекти эңсесе керек. Ошол тилегибиз бүгүн кабыл болуп турат. Уккан кулагың, көргөн көзүң сүйүнөт. Илгери Москвада Пушкиндин эстелигин ачып аткан мезгилде орустун да бир ойчул жазуучусу Федор Михайлович Достоевский мындай деп айткан экен “Пушкин – биз үчүн баары!”. Ошондон улам Пушкинге айтылгандай, бүгүнкү биздин 40 томдугубуз “Кыргыздар үчүн–баары!” десек жаңылбайбыз. Совет доорунан берки 100 жыл аралыгында “Эркин-Тоо” гезитинен баштап эсептесек, дүйнөлүк адабиятка Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов сыяктуу классиктерди бердик. Ошол классиктердин чегинде Кеңеш агабызды 80 кырдуу, бир сырдуу энциклопедист деп айтсак болот, — деди Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов.

— 2005-жылы кытайлык Тарбагатай кыргыздарына барып калдык. Алар чыгышы Монголия, түндүгү Сибирь менен кошулган жерде жашайт. Болгону ал жерде 3000 кыргыз бар экен. Аларды кыргыз дегенин изилдеп барсам, сүйлөгөнү казакча экен. Туткан дини Будизм экен, кыргызча билишпейт, мусулманчылыкта жок. Бир жума жүрүп, “силер өзүңөрдү ким деп эсептейсиңер?”- десем, алар: “биз кыргызбыз” дешти. “Эмне үчүн өзүңөрдү кыргыздар деп эсептейсиңер?”- десем, алар: “биздин тарыхыбыз бай, басып өткөн жолубуз бай. Бул тегеректеги элге караганда, биздин тарыхыбыз терең” дешти. Мына ошондуктан тил дагы бул жакта кийинки планда калды. Тарбагатайлык кыргыздардын мисалында этностун негизги сакталышынын негизги себебин анын этникалык аң-сезими, тарыхый эс тутуму түзөт экен. Эгер биз түбөлүктүү эл болобуз десек, миллиарддаган элдер менен бирге жашайбыз десек тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Бүгүнкү күндө биздин этникалык аң-сезимибизди бекемдей турган тарыхый китептер нарктан мурун дагы, территориядан мурун дагы эң биринчи биздин улуттук аң-сезимибизди бекемдей турган нерсе. Ошондуктан бул 40 томдуктун мааниси өтө чоң. Кеңеш агай, Каныбек иним чоң ишти жасадыңар. Силер маданият үчүн гана эмес, элдин тарыхы үчүн бул баа жеткис китепти жараттыңар. Ушул китеп элибиздин түбөлүктүү болушуна чоң салым кошот деп терең ишенем, — деди тарых илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү Абылабек Асанканов.

— Кытайдын улуулугу дүйнөдө миң томдук тарыхы бар байыркы эл болгонунда турат. Ошондуктан кыргыздын тарыхын 100 томдукка жеткиришибиз керек. Муну окуган адам 1000 жыл жашагандай сезимде болушу зарыл. Кеңеш байкенин бир эле сөз менен эмгегин айткым келет, орустун улуу композитору Глинка “биз композиторлор обон жаратпайбыз. Элдин эле ырдаган обондорун, ырларын нотага түшүрүп коебуз” деген экен. Ошондуктан 99 пайыз эмгек Кеңеш агайдыкы. 30 миңдей баракка 9 миллион сөздү, ошонун ар бирин калем сап менен жазып чыкты, бул империя. Кыргызда эки “императорду” билем, бирөө–миллион сөздү оозеки айткан Саякбай Каралаев. экинчиси–Кеңеш агай. 9 миллион оозеки сөздү кагазга түшүрүп жазды. Кеңеш агайдын айтканын кылып жүрүп, ушундай эмгектер жаралды. Мага жаш кезинде жазып бүтпөй калгандарын айтып берди. Шабдан баатырды жаз деди, мен жаздым. Тагай бийди жаз  деди, аны да жаздым. Дагы бир сырды айтты, аны да жазып жатам. Кеңеш агай сөзгө да өтө бекем, сакадай бою сары алтын адам. Быйыл жылдын башында сыркоолоп калыптыр. Мени чакырып, 40 томдук чыкпай калат го деди. Жок, андай дебеңиз деп, дем берип, шыктандырдым. Эмдиги жылы да 5 томдук кошуп чыгарганы жатабыз, дагы 3-4 жыл кармап, ден соолугу жакшы болуп турса, 50 томдугун чыгарып, 90 жылдыгын белгилейбиз деп тилек кылам, — деди китептин авторлорунун бири, саясий илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев.

— Каныбек экөөбүз тең, биргелешип иштей баштаганыбызга 34 жыл болуптур. Мына акыры 40 томдукту көрүп жатасыздар. Бул дагы кыргыз маданиятынын бир жаңылыгы деп ойлойм. Кыргыздардын биринчи 20 томдугуна кыргыздардын байыркы тарыхы, маданияты көбүрөөк киргизилген. Ал эми экинчи 20 томдугуна кыргыз адабияты, агартуучулук багытта иштер жүрдү. Китеп чыгаруунун мээнетин, түйшүгүн сиздер жакшы билесиздер. Көбүңөр китеп чыгардыңар, мындай чоңураак китепти чыгаруунун көп мээнети да, кубанычы да бар, бирок түйшүгү арбын. Эгерде дагы терең изилдесек кыргыздардын 40 томдугунан да көбүрөөк маалыматтар болот го деп ойлойм. Мендеги бир өкүнүчтү айткым келет. Кыргыздар жөнүндөгү бир маалыматты Кытайдагы кыргыздардан уккам. Алар Кытайдын жазмаларында, эски тарыхый булактарында маалыматтар бар экенин айтышкан. Бирок бизде уруксаат берилбей жатат, алар өкмөт тарабынан кат жазып уруксат алыш керек,- дешкен. Астанада казактын бир жазуучусу менен жолугуп калдым. Ал: “ Кытайдагы эски жазма булактардан казактар тууралуу 14 том маалыматтарды чогултуп келдим”,–деди. Мен “ошол маалыматтарда казактар деп жазылганбы?” деп сурасам, ал: “казактар жөнүндө маалымат жок, ал учурда казактарды кыргыздар деп атаган экен”,–деди. “Ал эми кыргыздарды эмне деп атаган экен?” деп сурасам, тиги: “кыргыздарды бууруттар деген экен”,–деди. Бул абдан өкүнүчтүү. Алар ошол 14 томду кайсы китепке чыгарды мен билген жокмун. Угушума караганда казактар 100 томдук китеп чыгарган экен, бирок, мен аны да көргөн жокмун.

Ошондуктан бул китеп чыгаруунун түйшүгү, мээнети арбын. Кыргыздар жөнүндө биз жакшы сөз угуп келе жатабыз. Ушул китепти чыгарууга материалдык жардам берген президентибиз Садыр Жапаровго ыраазычылык айтмакмын. Ушундай жолугушуулар жаштарга таасир этип, кубанып бирдикте, ынтымакта тосуп турган күндөр алдыда көп болсун, — деди Кыргыз эл жазуучусу, китептин автору Кеңеш Жусупов.

-Уюткулуу кыргыз элинин тарыхы менен маданияты өтө бай жана байыркы экендигин Ата Журттун гана окумуштуулары эмес, дүйнөлүк алкактагы белгилүү илимпоздор, басма сөз, илимий эмгектеринде тастыкташты.

Чынында абай салып карасак, 20 жылдан бери мекенибиздин тарыхчылары, изилдөөчүлөрү жана тарыхка, маданиятка, илим-билимге кызыккан мекенчил инсандар элге, жаштарга пайдалуу, кызыктуу китептерди басмадан чыгарып жатышат. Бул элибиздин маданиятын, рухун жана духун көтөрүүгө жакшы жөрөлгө. Муну техникалык цивилизация, интеграция доорунда улуттук маданияттын ажарын, кутун таза сактап калууга жана бийик көтөрүүгө жасалган атуулдук аракет деп түшүнөбүз. Буюрса социалдык-экономикалык абалыбыз оңолсо, жакынкы жылдарда илим-билим жана маданият тармагы жаңы өзгөрүүлөргө, интеллектуалдуу, эстетикалык өсүүлөргө жетишери шексиз.

Басмадан жарык көргөн “Кыргыздар” деген 20 томдукта улутубуздун байыркы тарыхына, салтына, маданиятына, руханий мурасына, улуу инсандардын өмүрүнө байланышкан изилдөөлөрдү, илимий популярдуу очерктерди жазышкан Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн илимпоздорунун, маданият өкүлдөрүнүн эмгектери топтолгон.

Айрыкча китепке таңсык болуп турган жаштарыбызга, алар өткөндөгү бабалардын дүйнөсүн, рухий маданиятын, мурасын түшүнсүн, бапестесин деген максатта жыйнакты кошумчалап, кайрадан басмадан чыгарууну ылайык көрдүк. Бүгүнкү күндө илимдин, маданияттын кайсы тармагында болсун, дайыма элдин рухун байыткан өтө зор салым кошкон, келечекке керектүү ар кандай эмгектерди дайыма колдоого алып турушубуз өтө маанилүү маселе.

Кылымдардан кылымдарга улуу мурас катары уланып келген көөнөрбөс көркөм дөөлөттөрүбүздү, нарк-насилибизди, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап жана келечек муундарга өткөрүп берүү баарыбыздын атуулдук милдетибиз, — деп “Сөз алды” жазышкан китептин авторлору Кеңеш Жусупов жана Каныбек Иманалиев.

–Кыргыз жөнүндө кайсы жерде жакшы сөз айтылса, ошонун баары ушул китепте. Кеңеш агай эч убакта жаман сөз айтпайт, жаман ойлобойт. Ушул китепте Кеңеш агайдын мүнөзү бар. Бул китептин батасы тийсе Кеңеш агайга тийсин, катасы болсо менден көрүңүздөр, себеби мен корректордой эле кызмат кылдым,-деп агынан жарылды Каныбек Иманалиев.

— Бүгүнкү иш-чарага чоң маани беришибиз керек. Кытайда биздин заманга чейинки 2000 жылдар арасындагы кол жазмалар бар. Ошол жактан кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар экени тууралуу маалыматтарды угуп жүрөбүз. Тарыхый сонун китептерибизди кийинки муун үчүн жакшы сакташыбыз керек. Кийинки 3000 жылдан кийин да урпактарыбыз окуш керек. Өзүнчө бир бункерге катып коюшубуз зарыл, — деди китептин чыгышына демөөрчү болгондордун бири, коомдук ишмер Аскар Салымбеков.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агай да бул китептердин баалуулугун баса белгилеп, 40 томдукка кирген белгилүү инсандар тууралуу кино тасмаларды дагы тартуу керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төргасы Каныбек Осмоналиев, Кыргыз эл жазуучулары Абдиламит Матисаков, Меңди Мамазаирова, балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев жана башкалар каалоо-тилектерин, сунуш-пикирлерин айтып, авторлорго ыраазычылык билдиришти.

Иш-чаранын аягында “Кыргыздар” аттуу 40 томдукка чыгармалары, материалдары кирген айрым акын, жазуучуларга, окумуштууларга, илимий жана коомдук ишмерлерге сертификаттар тапшырылып, 40 томдук белек кылынды.

Кабыл Макешов,
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Бөлүшүү

Комментарийлер