КЫРГЫЗДЫН БИР ЖҮРӨГҮ, БИР МЕКЕНИ БАР

  • 30.08.2019
  • 0

Чет жерде иштеген мекендештерибизди көрүп, азыркы жаштардын көбүнүн бул жашоодогу башкы максаты эптеп эле Кыргызстандан кетүү болуп калды. ” Мынтип отурса, жакынкы аралыкта Кыргызстанда жалаң кары-картаңдар калабы?”деп да коркосуң.

Чикаголук апалардын кубанычы жана арманы

Америкадагы кыргыздардын эң чоң жамааты —  Чикаго шаарында. Мындан тогуз жыл илгери мен   ушул шаарда болгонумда, диаспора жетекчилери үч жарым миңдей кыргызстандыктар бар экенин айтышты эле. Андан бери бир топ убакыт өтсө да мен  ара чолодо Ютубга кирип, чикаголук боордоштордон кабар алып турам.

Мыскал апа: — Эли абдан сыпайы экен. Жылмайып гана турушат. Бирөө-бирөөгө катуу айтпайт. Коомдук транспортто да, көчөдө да ушундай сыпайгерчилик.  Биринчи жолу келгенимде, аэропорттон элдин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон мамилесин көрүп таң калгам.

Сонунбүбү апа: — Балдарымдын кенжеси 20 жылдан бери ушул жерде. Үч баласы бар. Төртүнчүсүн күтүп жатышат. Бир неберем Американын атуулу. Азыр армияда. Дагы бир уулумдун бул жакта жашаганына 5-6 жыл болду. Үч ай мурун ортончу уулум  да үй-бүлөсү менен мында көчүп келди.

Гүлбара эже: — Беш жылдык  виза менен үчүнчү жолу келип жатам. Алгач бул  жердеги жашоону көрүп, “Эмнеге биз ушундай жашай албайбыз?” деп ооруп калгам. Бирок… “Туулган жердин топурагы алтын” деп кыргыздар бекеринен айтпаптыр. Өзүбүздүн сууну сагындым. Балам бир топ акчага желим бөтөлкөдөгү сууну сатып келиптир. Ичсем, таптакыр биздикине окшобойт. Ушундай өкүнүчтөмүн. ..Бул жактын жашоосун көргөн жаштар кайра мекенине кетпейт. Балдардын тили англис тилинде чыгып жатат. Биз дагы бир-эки жолу келербиз. Анан келгенге шайыбыз да жетпей калат.” Кыргыз ушинтип чачылып кетеби?” деп корком. Чоңдорубуз ушуну ойлошор бекен?..

Жаркын апа: Америкага келип өзүмө максат койгонду үйрөндүм. Жумасына үч жолу фитнеске барып машыгып, ден соолугумду чыңдайм. Кыргызстанда биз, апалар, алтымышка чыксак эле, “Болду!” дейт экенбиз. Америкада 80-90догу абышка-кемпирлер да антишпейт. Баары спорт менен машыгып, активдүү өмүр сүрүшөт. Мен учурда кызымдын эки уулун карайм. Кичүүсү таптакыр эле америкалык болуп калыптыр. Кыргызча сүйлөтүп койдум. Агасы экөө мектепте окушат. Мына жазгандарын көрсөңөр: “Менин көчөм”,”Менин шаарым”, Менин штатым”, Менин президентим” деп дубалга илип коюшкан.

Айылдын нанын сагынган Орусиядагы мигрант кыргыздар

“Эй Россия, Россия, бир боор энем,

Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен!”  деп Алыкул жөн жерден ырдабаптыр. Ушу күндө Орусия  миллионго чукул кыргызстандыктарды былк этпей  өз бооруна батырды. Угушубузча жылына Орусияга жумуш издеп 80 миң кыргызстандык келет экен. Бул албетте, биздин бийликтегилер үчүн ойлоно турган маселе. Мамлекеттин экономикасын оңдоп, жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзбөсөк, Орусияга көп жагынан байланып каларыбыз бышык.

Жумуш издеп баргандардын баары эле жумуш таап, жакшы жашап кетти дегенден алыспыз. Мисалы, 2017-жылы 2180 мигрант маянасын албай калган. Бул тиешелүү уюмдарга арыз менен кайрылгандардын гана саны. Канчасы келишимсиз иштеп жатат, аны бир кудайдын өзү билет.

Америкадай эле Орусиядагы кыргыздар чоң-чоң шаарларда жамаат-жамаат болуп турушат.

-Күнүнө үч орус менен сүйлөшсөм сүйлөшөм. Калганы кыргыздар. Жумушта да, кафеде да ошондой, -дейт Москвада эмгектенген Ильяс Шабданбек уулу.

Кыргыздын тың кыз-жигиттери орустардын көзгө басар шаарында өз бизнесин ачып алышкан. Арасында ресторан, кафе, кинотеатр,  сулуулук салондорун, спорт клубдарын иштеткендери да аз эмес.

— Негизи Кыргызстанда жашаганга не жетсин! Өткөндө айылдан нан берип жиберишиптир. Ошону жыттап алып, мектеп жашындагы кызым: “ Апа, карасаңыз, Кыргызстан жыттанып жатат!”деп баарыбызды ыйлатты, — дейт Москвадагы сулуулук салонунун ээси Амангүл Маратова.

Айыл нанын сагынгандардын бири – Байдылда Борбукеев. Ал — Тюмендеги кыргыз жамаатынын өкүлү. Айтуусунда 15 миң рубль  пенсия алат. Турмуштун айынан 2005-жылы ал жакка барган. Үч баласы мында төрөлдү.

-”Жашоо шартыбызды оңдойлу, укуктук жактан кор болбойлу” деп Тюмендеги 11 миң кыргызстандыктын миңдейи Орусия жарандыгын алганбыз. Кээ бирлер бизди “саткын” дешет. Кайдагы саткын! Жарандыгың жок болсо, тапкан акчаңдын 30% ошол өлкөгө калат. Жарандыгың болсо, айлыгыңдан 13% гана кармалат, -дейт орус жараны болуп алган боордошубуз.

Дагы бир мурунку мигрант Сапар байке учурда борборубузда таксист болуп иштейт. Ал алты жыл  Новосибирск шаарында иштеп келди.

— Ал жакта элде акча көп экен, таксист болуп иштеген жакшы болчу. Көпчүлүк тааныштарым Орусия жарандыгын алып жатканын көрүп, мен деле ошентейин дедим. Бирок дитим барбады. “Өз өлкөмдөн баш тартамын” деп толгон кагаздарга кол коет экенсиң. Ошону көрүп, Мекенимден  айрылчудай болдум. Кой дедим да, баса бердим, -деди ал.

Албетте, бөтөн жерде, чоочун элде акча таап, оокат кылыш оңой эмес. Анын да өзүнө жараша түйшүгү бар.

— Өз мекенин сүйүү, туулган жерин эңсөө – бул ыймандын талабы. Ар адам өз жерин, өз элин, өз тилин жакшы көрөт, — деп айтты мечит имамы Ильяз Абдувалиев.

Сөз эмес бекен! Өз үйүбүздө жүрүп биз “Киндик кан тамган жерди” сагынуу дегенди түк билбейт экенбиз.  Ал эми дүйнөнүн төрт тарабында жүргөн кыргыздын эсинде, кыял-чабытында басса-турса ак калпактуу Ала-Тоонун элеси кетпейт тура!..

— Кыргызстанда экономикалык абал жакшыруу жолуна түшсө, баарыбыз кайтып келмекбиз. Орусияда ата-энеси менен жүргөн он миңдеген жаш балдар Ата Мекенинен алыс болуп калды. Канчасы зомбулукка кабылууда, — дейт Толкунбек Акматов аттуу мигрант.

Мекенчил болуу эски көз карашбы?

Союз доорунда жашап калгандар билет, СССРде мекенчилдикке башкача карашчу. Азыр ойлосом, а кезде мекенчилдикке тарбиялоонун кынтыксыз системасы бар экен.  Мектеп босогосун аттаган балдар “октябрят” болушса, кийинчерээк “ пионер” аталып, кызыл жагоо тагынышчу. Менин  пионерге, комсомолго кабыл алынганым азыр да эсимде.  Эки учурда тең жүрөгүм толкуган. Эми азыркы жаштардан сурайын: өз мекенинин милдетин  алып, канча жолу алардын жүрөгү толкуду экен? …

Жаштар менен жолугушуусунда профессор Ишенгүл Болжурова бизде, Кыргызстанда, жаштар арасында мекенчилдик сезими баалуулуктар тизмегинде эң эле артта калганын так цифралар менен айтты эле. Ошол изилдөөнүн жыйынтыктары бүгүн да актуалдуу болуп турат.

Журналист Сүймөнкул Идирисовдун  баамында, азыр деле  бул багытта сезилерлик жылыш жок.

“Педагогдордун бардык аракетине карабастан мекенчилдик түшүнүгү жаш жеткинчектердин жүрөгүнөн түнөк таппай келет. Ал турсун мектепте мекенчил балдарды патриот болгону үчүн шылдыңдап, алардын мекенчил сезимдерин тепселеген учурлар да кездешет. Коомдо аскердик, мамлекеттик кызматтардын кадыр-баркынын төмөндөшү туруктуу көрүнүшкө айланды”, — деп жазат журналист мекенчилдик тарбиясына арналган макаласында.

Кезинде түрк лицейин бүтүрүп, азыр аритмолог болуп иштеген Абай Турдубаевдин пикиринде жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо үй-бүлөнүн орду зор.

— Жаштар чет өлкөгө кетип жатышат. Билим алышып, өз өлкөсүнө келишсе, жакшы болмок. Ал үчүн аларды ата-энелери жаштайынан мекенчилдикке тарбиялашы керек,- дейт демилгелүү жигиттердин бири.

 

Манастап ураан чакырсак, жаштарыбыз мекенчил болобу?

“Манас” эпосу – биздин таянар тообуз, ишенген багытыбыз. Анын жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодогу орду теңдешсиз. Көрүнүктүү окумуштуубуз Советбек Байгазиев  ар бир кыргыздын жүрөгүндө Манас турууга тийиш деп эсептейт. “ Манаста баарынан мурун эмне кымбат? Эмне улук? Эмне ыйык? Биринчи иретте, Ата Журт ыйык, анын боштондугу, эркиндиги, көз карандысыздыгы ыйык. Улуттун биримдиги, бөлүнбөстүгү  ыйык. Ата Журт үчүн ак эмгек улук. Жоого жеңилбеген жигиттин, уулдун, эрдин намыскөйлүгү улук”, — деп жазат профессор “Улуу “Манас” эпосу – жаштарды мекенчилдикке тарбиялоонун булагы” аттуу макаласында.

ООба, заманга жараша иш кылсак, Манас атабыздын мекенчил сезими бакчадагы балдардан тартып, мектеп окуучуларына чейин тегиз таасир этмек. Азырынча жаштарыбыз Султан Сулейманга таңыркап, мотурайган балдар мистер Крабды каарман кылып отурат.

Менимче, “Манасты” окутууну бала бакчадан баштоо керек. Манастын баатырдыгын, айкөлдүгүн, достукка бекемдигин даңазалаган кызыктуу  биг-буктар, балдар үчүн мултьфильмдер, чоңдор үчүн кино тасмалар чыгууга тийиш. Анан да Таластагы Манас-Ордо комплекси түгөл кыргыз зыярат кылган жалпы журт ордосуна айланышы зарыл.

Марстай мекенчил жигиттер мекенибизде көп болсун!

Бул иште чет элдик  тажрыйбага кол шилтеп койгонубуз туура эмес болор.   Мисалы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Е.Син  Түштүк Кореянын билим берүү системасынан өзүбүз үчүн баалуу сабак алсак болот деген пикирди айтат.

— Түштүк Кореяда өз мекенинин тарыхын окутууга өзгөчө маани берилерине таң калдык. Бизге алардын мектептеринде дене тарбия сабагы башкы предмет экени да кызыктуу болду, — дейт профессор.

Эми “Газпромдо” иштеген Нурбек аттуу жараныбыздын көз карашын карап көрөлү. Анда да бир топ данектүү ойлор бар.

— Биз окуган тушта дене тарбия сабагында бардык көнүгүүлөрдү жасачубуз. Азыр дене тарбия сабагына беш-алты эле бала катышарын байкап жүрөм. Көбүнүн бошотулгандыгы тууралуу справкасы бар. Дене тарбия сабагы эркек балдарга эле эмес, кыздарга да керек. Ден соолугу чың кыздар, кийин барып, ден соолугу чың эне болушат эмеспи! Азыр мектепте аскердик даярдык сабагы барбы же жокпу билбейм. Бул сабак да дене тарбия сабагы менен катар, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо сабагы болчу, — деп эскерет Нурбек байке.

Эмне дейбиз? Жоопту дагы бир мекендешибиз, менин өзүмдүн иним Марс Орозовдун чет өлкөлүк жашоо тажрыйбасынан издеп көрөлү. Марс баш-аягы он бир жыл Дубайда, Катар мамлекетинде иштеп келди. Англис, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Азыр жолукканда Дубайдагы европалык ири компаниядагы коммерциялык директор кызматын таштап, Кыргызстанга кайтып барууну чечкенин, жашоосундагы мындай маанилүү кадамга кантип барганын айтып калат.

— Дубайдагы кооздуктун баары адам колу менен жасалган. Шаардын сыртына чыксаң, кумдан башка эч нерсе жок. Ошол эле учурда биз жакка келип-кеткен араптар мага: “Силердин дааратканаңарда да иче турган суу агып турат экен. Эмне деген бейиш жерде жашайсыңар!” деп айтып жатышты. Мага ушул сөздөр катуу таасир этти. Чет жерде топтогон тажрыйбамды өз өлкөмдү өнүктүрүүгө жумшайын деп чечтим, — дейт мекенчил иним.

 

Алимжан Алибеков, журналист, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты(2017)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер