КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

  • 31.05.2019
  • 0

Кымбаттуу келечек ээлери! Урматтуу ата-энелер!

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

Адамзат коомунда заман агымынан артта калбай, бул өмүрдө татыктуу жашап өтүү үчүн болгон күрөш — алмустактан бери келе жаткан көрүнүш. Улуу көчтүн учугун улаган бүгүнкү күндүн жаш муундары, келечек ээлери эртеңки күндө жеке турмушунда бакубат жашап, улуттук баалуулуктарыбызды сактап, элдин наркын жаңы бийиктикке көтөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө  ар тараптуу салым кошо билишине туура багыт, жеткиликтүү билим берүүдө жогорку окуу жайлардын орду чоң. Албетте, Кыргыз Республикасынын билим берүү саясатын алгылыктуу жүргүзүп, жаштардын билимге болгон суроо-талабын канааттандырып келе жаткан жогорку окуу жайлар арбын. Алардын катарында 25 жылдык  тарыхка ээ болгон Кыргыз-Өзбек университети кыска убакыттын аралыгында  заманбап билим берүү артыкчылыгы менен таанылган алдыңкы жогорку окуу жайларынын көч башында тургандыгын сыймыктануу менен айткым келет.

Кымбаттуу жаш  достор! Заман талабына жараша татыктуу билим алуу, окуу жайды   туура тандоо сиздин келечек турмушуңуз үчүн маанилүү учур болуп эсептелет. Анткени, мезгил талабына жараша сапаттуу  билим алуу —  ар бир адамдын алдына койгон максаттарын иш жүзүнө  ашырууга зор мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Ошондуктан, кесиптик билим алууга туура жолду тандай билүү —   өз учурунда өзгөчө маанилүү маселе.

Балдарынын келечегине кайдыгер карабаган ата-эне биздин университетти тандайт деген терең ишеничтемин.    Анткени,         Кыргыз-Өзбек университети ар бир адамдын аруу тилектерин ишке ашырууга ишенимдүү жол ачат.  Тагырак айтканда заманбап  мультимедиялык, компьютердик класстар, адистештирилген кесиптик лабораториялар, окуу-илимий борборлор, ар түрдүү  багыттагы  студенттик ийримдер ( маданий-массалык, спорттук) эл аралык масштабтагы окумуштуу аалымдар, иш билги өндүрүш чеберлери кесиптик билим берүү кызматын көрсөтөт.

Достуктун туусун желбиретип, илим-билимдин, интеллектуалдык- маданияттын ордосуна айланган Кыргыз-Өзбек университетинин эшиги жаңы көз караштагы жаштар үчүн ар дайым ачык.

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д., профессор,

 КР ИАнын мүчө-корреспонденти

Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич

 

 

      КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылы Кыргыз-Өзбек  жогорку технологиялык колледжи  болуп ачылган.

       1997-жылы Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти А.Акаевдин жарлыгы менен аталган окуу жайга Кыргыз-Өзбек университети статусу берилген.

       Кыргыз-Өзбек университети өзүнүн чейрек кылымдык тарыхында жогорку,   орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча    40 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды.

         Азыркы күндө Кыргыз-Өзбек университетинде 10 миңге жакын студент билим алууда. Ал эми университетте билим берүү төмөнкүдөй 3 баскычта жүргүзүлөт:

  • башталгыч кесиптик билим берүү: кесиптик лицей;
  • орто кесиптик билим берүү: кесиптик колледж, медициналык колледж, Ала-Бука кесиптик колледжи.
  • жогорку кесиптик билим берүү: инженердик-технологиялык, табигый-педагогикалык, тарых-филологиялык, юридикалык-бажы жана каржы-экономикалык факультеттери.

Андан сырткары аспирантура жана докторантура түзүмдөрүнөн турат. Бүгүнкү күндө университетти э.и.д., профессор, КР ИАнын мүчө-корреспонденти Ч.К.Райымбаев жетектеп келет.

 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

Материалдык-техникалык база:

  • Заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздалган 7 окуу имараты;
  • Усулдук кааналар;
  • Окуу лабароториялары;
  • Стоматологиялык кабинеттер;
  • Студенттик ашкана;
    • Студенттик жатакана;
    • Спорт зал, спорт аянтчалары жана манеждер;
    • Медициналык пункт;
  • Автоунааларды оңдоп-түзөө лабораториялары жана устаканалары;
  • Керектүү муляждар, фантомдор жана медициналык аспаптар;
  • Тренажердук-машыктыруучу кабинеттер;
    • Чоң жыйындар залы жана конференция өткөрүүчү зал студенттердин татыктуу билим алып,кесиптик тажырыйбасын өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.

 

                Окуу процессинин жүрүшү

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

Кыргыз-Өзбек университетинде окутуу кредиттик технологиянын жүргүзүлөт. Керектөөчүлөрдүн талаптарына ылайык адистерди даярдоо   заманбап техникалык каражаттар, интерактивдик доскалар, 3D мониторлор менен жабдылган,  видеокѳзѳмѳл орнотулган лекциялык залдарда, атайын адистештирилген окуу лабораторияларында ишке ашырылат. Жаштардын аралыктан билим алуусун камсыздоо максатында, мультимедиялык каана, атайын маалымат жана технологиялар борбору иштейт.  Окуу процесси AVN маалыматтык программасы аркылуу толугу менен автоматташтырылып, окуу жайдын сайты аркылуу ата-энелерге жана коомчулукка жеткирилип турат.

Университетте китеп фондун жаңы басылмалар менен толуктоо иштери  үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Университеттин китеп фонду илимий даражалуу, тажрыйбалуу окутуучулардын эмгегинен жаралган окуу куралдары, усулдук колдонмолор, электрондук китептер менен  толукталган. Университет электрондук китепканалар ассоциациясы (АЭБ КИРЛИБНЕТ) менен келишим түзүп, улуттук электрондук ресурстардан кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн алган. Андан сырткары ИРБИС-64+ программасы   аркылуу  китепкананын иши автоматташтырылган.

Замандын талабына, аймактын ѳзгѳчѳлүгүнѳ, иш берүүчүлѳрдүн кызыкчылыгына жана студенттердин тандоосуна ылайык адистиктердин жана багыттардын окуу пландарына системалуу түрдө мониторингдер жүргүзүлүп, окутуунун эффективдүү жолдору аныкталып турат. Студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн сабак ѳтүүнүн салттуу усулдары менен бирге эле интерактивдүү ыкмалар кеңири колдонулат.

Көп маданияттуу билим берүү аркылуу элдердин достугун бекемдөө миссиясын көздөгөн Кыргыз-Өзбек университети КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин буйругуна ылайык, өлкөбүздөгү көп тилдүү билим берүү программасын аппробациялоочу жогорку окуу жайлардын катарына кирген жана мектепке чейинки, башталгыч жана жалпы орто билим берүү мекемелери үчүн кесипкөй педагогдорду даярдап келүүдө.

Университеттин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө жумуш берүүчүлөрдүн ой-пикирлерин жана алардын компетенттүүлүк деңгээлин аныктоо багытында бүтүрүүчүлөр жана жумуш берүүчүлөр арасында атайын сурамжылоолор жүргүзүлүп, бош орундар жарманкелери өткөрүлүп турат. Алардын жыйынтыктарына ылайык, Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн алган билими    жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп берет.

Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусу, алар тууралуу жумуш берүүчүлөрдүн ой-пикирлери ЖОЖго чейинки даярдоо жана карьераны өнүктүрүү борбору тарабынан дайыма көзөмөлгө алынып, планга ылайык тематикалык сурамжылоолор, тегерек столдор, жолугушуулар уюштурулуп турат. Университетибиздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси менен Кыргыз-Өзбек университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы түзүлүп, анын жобосу жана иш пландары иштелип чыккан. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн Ассоциация кеңеши түзүлүп, квартал сайын отурум өткөрүп, университетке тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулап турат.

 

Билим берүүдө өзгөчө орду бар профессордук- окутуучулар курамы эмгектенет

     Заман талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо бүгүнкү күндө профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү негизги маселе болгондуктан, Кыргыз-Өзбек университетинде окуу жараянын тажрыйбалуу окутуучулар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулган.  Бүгүнкү күндө окуу жайдын кафедраларында жана циклдик бирикмелеринде 400гө жакын профессордук окутуучулар жамааты студенттерге билим берүү ишмердигин жүргүзүп келет. Алардын арасында  9 илимдин доктору, 71 илимдин кандидаттары, КР УИАнын 1 академиги, 1 мүчө-корреспонденти, КР ИАнын 1 академиги, 3 мүчө-корреспонденти, 40тан ашуун КРнын билим берүүсүнүн мыктылары жана илим-билимге эмгек сиңирген  ишмерлер, дүйнөлүк масштабдагы аалым-окумуштуулар эмгектенишет.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

Өнүгүү жолундагы окуу жай

“Эшигин көрүп төрүнө өт,” — дегендей эле окуу корпустарынын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшү, фоелеринин кыргыз коллоритиндеги жасалгалар менен жабдылышы, адамзаттын өнүгүү жолун чагылдырган учкул сөздөрдүн өз орду менен жайгаштырылышы кадам таштап, баш баккан адамга университеттин бай тажырыйбасынан, илимге каныккан окутуучулардын жаш муундарга көргөн камкор мамилесинен кабар берет. Мындан тышкары жетекчиликтин үзгүлтүксүз жүргүзүп жаткан оңдоп-түзөтүү иштери студенттер үчүн эстетикалык рахат тартуулап, окуу-тарбиялык иштери менен эс алууну айкалыштыра билүүгө шарт түзөт. Учурда түзөтүү иштеринен сырткары  500 орундуу заманбап комплекстүү жыйындар залы, 150 орундуу синхрондук котормо менен камсыз болгон заманбап конференция залы жана 60 орундуу электрондук китепкана комплекси бүткөрүлүп ишке берилди.

 

 Академиялык мобилдүүлүк:

  • Казакстан;
  • Өзбекстан;
  • Кытай;
  • Туркия;
  • Индия;
  • Тажикстан ж.б. жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү, ошондой эле Кыргызстандагы башка университеттерге барып окуп келүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Студенттердин илим изилдөө иштери (СИИИ) “Инновациялык технологиялар” илим изилдөө институнун алдындагы төмөндөгү илим изилдөө борборлорунда жүргүзүлөт:     

  • Табигый таш;
  • Альтерэнерго;
  • Формалык кийимдер;
  • Инновациялык экономика;
  • Педагогика жана окутуунун технологиялары;
  • Өзгөчө кырдаалдар медицинасы;
  • Маалыматтык технологиялар.

Студенттердин сабактан тышкаркы ишмердүүлүтөрү үчүн төмөнкү   маданий борборлор кызмат кылат: 

  • «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борбору,
  • “Манас таануу” маданий борбору;
  • “Айтматов таануу” маданий борбору;
  • “Маданий – эстетикалык” борбору;
  • Өзбек маданий борбору;
  • Корей тили жана маданияты борбору;
  • Англис ресурстук борбору;
  • Славян дүйнөсү маданий борбору;
  • “Батыш билим” маданий борбору;
  • «Токтом» маалыматтык борбору;
  • Көп тилдүү билим берүү боюнча ресурстук борбор.

Чыгармачыл студенттер “Гранит” телестудиясында, “Достук планетасы” студенттик гезитинде, “Достук” чыгармачыл борборунда өнөрлөрүн өстүрүп, көпчүлүккө тартуулай алышат. Ал эми спорт ышкыбоздорун эл аралык деңгээлдеги спорт чеберлери спорттун түрлөрү боюнча машыктырып, Ош шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышууга жолдомо берет.

К-ӨУнун жогорку кесиптик билим берүү боюнча гранттык (бюджеттик), контрактык  орундарына төмөнкү багыттар (адистиктер)  боюнча  кабыл алуу жүргүзүлөт:

                       Инженердик-технологиялык факультети:

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

— 670200.Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо/бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги  тест, физика же математика;

— 710100.Информатика жана эсептөө техникасы  /бакалавр — күндүзгү, кечки/ — негизги тест, физика же  математика;

— 610300. Агроинженерия (электрдик жабдуулар жана электротехнологиялар) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же химия;

— 570700. Костюм жана текстиль искусствосу /бакалавр — күндүзгү/-негизги тест, чыгармачылык сынак;

— 740700. Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест , физика же химия;

— 570400. Дизайн  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ (ЖРТ талап кылынбайт);

— 570025. Графика /адистик — күндүзгү/ (ЖРТ талап кылынбайт);

— 570022. Декоративдик-колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк /адистик — күндүзгү/ (ЖРТ талап кылынбайт).

                            Табигый-педагогикалык факультети:

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

— 550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика;

— 550100. Табигый илимий билим берүү ( химия, биология, (география — негизги тест)) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, химия же биология ;

— 532000. Дене тарбия /бакалавр — күндүзгү, сырткы/   (ЖРТ талап кылынбайт);

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, биология же тарых.

                                   Тарых-филология факультети:

— 550300.Филологиялык билим берүү    (англис тили) /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест, англис тили;

— (кыргыз тили, орус тили) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/-негизги тест, тарых;

— 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, тарых.

                               Юридика-бажы факультети:

— 530500. Юриспруденция —  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/-негизги тест, тарых;

— 530004. Бажы иши /адистик — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика.

                            Каржы-экономика факультети:

— 540200. Социалдык иш /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ -негизги тест, тарых;

— 580200. Менеджмент /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика;

— 580500. Бизнес-информатика /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика

— 580900. Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу /бакалавр — күндүзгү, сырткы/-негизги тест, тарых.

Университетте орто кесиптик билим берүү  боюнча 9, 11- класстын базасында төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алат:

                      Медициналык колледж  (11-класстын базасында):

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – КУТТУУ БИЛИМ ОРДОСУ

— 060102. Акушердик иш /окуу мөөнөтү 3 жыл/ ;

— 060108. Фармация /окуу мөөнөтү 3 жыл/;

— 060109. Медициналык айым иши /окуу мөөнөтү 3 жыл/;

— 060101. Дарылоо иши /окуу мөөнөтү 3  жыл 6 ай/;

— 060106. Ортопедиялык стоматология /окуу мөөнөтү 3 жыл/;

              Кыргыз-Ѳзбек кесиптик колледжи (9,11-класстын базасында)

— 260903. Тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы /күндүзгү, сырткы/;

— 070602. Дизайн (тармактар боюнча)  /күндүзгү/;

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/;

— 050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика /күндүзгү/;

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/;

— 050711. Социалдык педагогика /күндүзгү, сырткы/;

— 050720. Котормо иши /күндүзгү/;

— 050303. Чет тили /күндүзгү/;

-110302 Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу /күндүзгү, сырткы/ ;

— 140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)  /күндүзгү, сырткы/;

— 190604. Автоунааларды оңдоо жана техникалык жактан тейлөө /күндүзгү, сырткы/;

— 230109. Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо /күндүзгү, сырткы/;

— 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/;

— 080106. Каржы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/;

— 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/;

— 080107. Салык жана салыкка тартуу /күндүзгү, сырткы/;

— 030503. Укук таануу /күндүзгү, сырткы/;

— 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу  /күндүзгү, сырткы/;

— 050721. Дене тарбия /күндүзгү, сырткы/;

         Ала-Бука кесиптик колледжи (9,11-класстын базасында)

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/;

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/;

— 080106. Финансы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/;

              Кесиптик лицей (9,11-класстын базасында)

— 5146. Тикмечи;

— 5147. Электр жабдууларын  оңдоо боюнча слесарь-электрик;

— 7443. Тигүүчү;

Окуу мөөнөттөрү:

— жогорку билим берүү:  /бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен/ (окуу мөөнөтү күндүзгү — 4 жыл, сырткы — 5 жыл);

— жогорку билим берүү:  /адистик квалификациясын  ыйгаруу менен/ (окуу мөөнөтү күндүзгү — 5 жыл, сырткы — 6 жыл);

— жогорку жана орто кесиптик билимдин негизинде: /тиешелүү курстар/ (окуу мөөнөтү күндүзгү 2-3 жыл, сырткы — 3-4 жыл);

— орто кесиптик билим берүү: /9, 11- класстын базасында/ (окуу мөөнөтү 2-3 жыл);

— баштапкы кесиптик билим берүү: /9, 11- класстын базасында/ (окуу мөөнөтү 1-3 жыл).

Кабыл алуу үчүн талап кылынуучу документтер:

— ректордун атына жазылган абитуриенттин арызы;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);

— негизги орто, жалпы орто, кесиптик орто же жогорку билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы;

— тестирлөөнүн жүрүшүндө алган баллы жөнүндөгү сертификаттын түп нускасы (колледждер үчүн зарыл эмес);

— аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү күбөлүк (көчүрмөсү);

— 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт.

Жогорку  билим  берүү  боюнча  күндүзгү  жана  сырткы  бөлүмдөргө  абитуриенттерди  кабыл алуу  жалпы республикалык  тестирлөөнүн  негизинде  гана  жүргүзүлөт.

Орто  кесиптик  билим  берү  адистиктерине  кабыл алуу  университет  тарабынан  уюштурулуучу сынак  аркылуу  жүргүзүлөт.

Дареги: Ош шаары, Г.Айтиев көчөсү-27,

Курманжан датка кичи району, Н.Исанов көчөсү -79.

Байланыш телефондору (03222) 5-53-45, 2-34-73, 4-87-08.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер