КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ — ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!  

  • 10.05.2021
  • 0

Жогорку, орто жана баштапкы кесиптик  билим берүү тармагында 25 жылдан ашык тарыхы бар Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети 2021-2022-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуунун алдында турат.

Жогорку кесиптик билим берүү боюнча күндүзгү, кечки  жана сырткы бѳлүмдѳргѳ абитуриенттерди кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлѳѳнүн негизинде  жүргүзүлѳт.

Ал эми орто кесиптик билим берүү адистиктерине кабыл алуу университет тарабынан уюштурулуучу сынак аркылуу жүргүзүлѳт.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

Университеттин кыскача тарыхы

Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи болуп ачылган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти А.Акаевдин жарлыгы менен аталган окуу жайга Кыргыз-Өзбек университети статусу берилген. 2021-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 25/1 буйругунун негизинде, КР Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык, “Кыргыз-Өзбек университетинин” аталышы Кыргыз Республикасынын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, философия илимдеринин доктору “Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети” деп өзгөртүлдү (күбөлүктүн каттоо №65654-3310-М-е).

Университеттин курамы кесиптик лицейден, орто кесиптик билим берүүчү үч колледжден, жогорку кесиптик билим берүүчү алты факультеттен жана ЖОЖдон кийинки магистратура, аспирантура, докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык  университети өзүнүн чейрек кылымдык тарыхында жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча 40 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргыз Республикасында гана эмес алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө дагы жооптуу кызматтарды аркалап келишүүдө. Учурда университетте 14757 студент билим алууда. Билим берүү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети этностор аралык ынтымакты бекемдеп, негизги миссиясы болуп саналган кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы карым-катнашты, достукту – илим, билим, маданият аркылуу жигердүү ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө университетти экономика илимдеринин доктору, профессор, КР Инжердик академиясынын мүчө-корреспонденти Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жетектейт.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

Заманбап шарт, татыктуу билим!

Чейрек кылымды багындырган Б.Сыдыков атындагы  Кыргыз-Өзбек Эл аралык  университети акыркы беш жыл аралыгында материалдык-техникалык базасын мезгил талабына ылайык заманбап технологиялык жабдыктар менен толуктады. Өздүк каржы булагынын эсебинен 120 орунду лингафондук зал, электрондук китепкана жана 500 орунду жыйындар залынан турган маданий-эстетикалык комплексти пайдаланууга берди.

Жакынкы убакыт аралыгында биринчи окуу имаратынын жанында спорт залдын курулушу башталуу алдында турат.

Андан сырткары усулдук кааналар, окуу лабораториялары, стоматологиялык кабинеттер, интерактивдик доскалар, 3D мониторлор, видеокѳзѳмѳл орнотулган лекциялык залдар, атайын адистештирилген окуу лабораториялары, интернет түйүнүнѳ туташтырылган компьютердик класстар, студенттик ашканалар, студенттик жатакана, спорт зал, спорт аянтчалары жана манеждер, медициналык пунктар, автоунааларды оӊдоп-түзөө лабораториялары жана устаканалары, керектүү муляждар, фантомдор жана медициналык аспаптар, тренажердук-машыктыруучу кабинеттер студенттердин татыктуу билим алуусун камсыздап келет.

Окуу процесси толугу менен автоматташтырылып, окуу жайдын сайты аркылуу ата-энелерге өз балдарынын жетишкендиктерин аралыктан көрүп турууга шарттар түзүлгөн.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, балдарды колдоо жылынын алкагында студенттердин, ата-энелердин түйшүгүн кыскартуу максатында бирдиктүү терезе иштей баштады.

 

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети — көп улуттуу жамааттын башын бириктирген окуу жай!

Университеттин билим берүү ишмердигин көп улуттан куралган  профессордук-окутуучулар курамы алып барат.

Заман талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо бүгүнкү күндө профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү негизги маселе болгондуктан, Кыргыз-Өзбек университетинде окуу жараянын тажрыйбалуу окутуучулар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулган.

Университетте 471 профессордук-окутуучулар курамы, анын ичинен 12 илимдин доктору, профессорлор, 63 илимдин кандидаты, доценттер эмгектенишет.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

 

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети — жаштардын билим ордосу!

 Өлкөбүздүн бүтүндүгү, жаштарыбыздын келечеги, уул-кыздардын эртеңи ар бирибиздин колубузда. Б.Сыдыков атындагы  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети студенттерге татыктуу илим-билим берүү менен бирге аларды инсан катары тарбиялап,  өз ара достугун, мамилелерин чыңдап, ынтымагын жана биримдигин бекемдеп, ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келет.

Андан сырткары университет студенттерге социалдык жеңилдиктерди көрсөтүп турат. Мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинен ажырап калган, турмуш шарты оор студенттерге жыл сайын келишимдик окуу төлөмдөрүн жеңилдетүү иштери каралган. 2019-2020-окуу жылында 60 студент окуу төлөмүнөн жеңилдетилген.

Студенттердин туулган жерге, Ата мекенге, ата-энеге, доско, бир тууганга болгон сезимин, урмат-сыйын күчөтүү максатында ар кандай иш-чараларды байма бай уюштуруп турууну колго алган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери Ош шаардык, облустук, республикалык жана дүйнөлүк деңгээлдеги маданий-массалык иш-чараларда активдүүлүгүн көргөзүп,  спорттук мелдештерде жеңиштерге жетишип, алтын медаль тагынгандары бар.

2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен эки студент Президенттин мактоо баракчасына жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендияга ээ болушту. Белгилей кетсек 2018-2019-окуу жылында университеттен үч студент Президенттин стипендиясын алган.

 

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!    

Кыргыз-Өзбек эл аралык университети 2021-2022-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

 

КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

— ректордун наамына жазылган абитуриенттин арызы;

— университет менен абитуриенттин ортосунда түзүлгѳн келишим;

— туулгандыгы тууралуу күбѳлүк же паспорт (кѳчүрмѳсү);

— негизги орто, жалпы орто, кесиптик орто же жогорку билими жѳнүндѳгү мамлекеттик үлгүдѳгү документтин түп нускасы;

— тестирлѳѳнүн жүрүшүндѳ алган баллы жѳнүндѳгү сертификаттын түп нускасы (колледждер үчүн зарыл эмес);

— аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жѳнүндѳгү күбѳлүк (кѳчүрмѳсү);

— 3х4 ѳлчѳмүндѳгү 6 даана сүрѳт.

 

БАТЫРАЛЫ СЫДЫКОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-ѲЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН гранттык (бюджеттик) жана контрактык орундарына тѳмѳнкү багыттар (адистиктер) боюнча  кабыл алуу жүргүзүлѳт:

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

 

  1. КАРЖЫ-ЭКОНОМИКА ФАКУЛЬТЕТИ

— 580100. Экономика   (каржы жана насыя, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, ишканалардын экономикасы жана башкаруу)  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика;

— 540200. Социалдык иш   /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест;

— 580200. Менеджмент   /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика;

— 580500. Бизнес-информатика   /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика.

 

  1. ТАРЫХ-ФИЛОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

— 550300. Филологиялык билим берүү:

  • англис тили /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест,  англис тили;
  • кыргыз тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, кыргыз тили жана адабияты;
  • орус тили жана адабияты /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, орус тили жана адабияты;

— 531100. Лингвистика   /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест, англис тили;

— 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, тарых.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

  1. ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ФАКУЛЬТЕТ

— 710100. Информатика жана эсептѳѳ техникасы  /бакалавр — күндүзгү, кечки/ — негизги тест, физика же математика;

— 570700. Костюм жана текстиль искусствосу   /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест, чыгармачылык сынак;

— 640200. Электроэнергетика жана электротехника   /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика;

— 610300. Агроинженерия   (электрдик жабдуулар жана электротехнологиялар)   /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест;

— 670200.Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика;

— 740700. Жеңил ѳнѳр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо /бакалавр — үндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же химия;

— 570400. Дизайн /бакалавр — күндүзгү, сырткы/   (ЖРТ талап кылынбайт);

— 570025. Графика /адистик — күндүзгү/   (ЖРТ талап кылынбайт).

 

  1. ЮРИДИКА-БАЖЫ ФАКУЛЬТЕТИ

— 530500. Юриспруденция —  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, тарых;

— 530004. Бажы иши /адистик — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, математика.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

  1. ГУМАНИТАРДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТ

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты;

— 532000. Дене тарбия   /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ (ЖРТ талап кылынбайт);

-530300. Психология /бакалавр — күндүзгү/ — негизги тест.

 

  1. ТАБИГЫЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАНА МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

— 550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика;

— 550100. Табигый илимий билим берүү   (химия, биология, (география — негизги тест)) /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, химия же биология;

— 510200. Колдонмо математика жана информатика /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика;

— 710300. Колдонмо информатика  /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ — негизги тест, физика же математика.

 

  1. МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ

— 550300. Филологиялык билим берүү:   (англис тили, кыргыз тили жана адабияты,  орус тили жана адабияты) — /магистр — күндүзгү/

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы) — /магистр — күндүзгү/

— 550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика) — /магистр — күндүзгү/

— 550100. Табигый илимий билим берүү (химия, биология, география) — /магистр — күндүзгү/

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

 

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ  БОЮНЧА 9-11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА ТӨМӨНКҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КАБЫЛ АЛЫНАТ:

 

  1. МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖ

(11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 060102. Акушердик иш /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

— 060108. Фармация /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

— 060109. Медициналык айым иши /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

— 060101. Дарылоо иши /окуу мөөнөтү — 3  жыл 6 ай/

— 060106. Ортопедиялык стоматология /окуу мөөнөтү — 3 жыл/

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

  1. КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖ

(9-11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 260903. Тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү

жана технологиясы /күндүзгү, сырткы/

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/

— 050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика /күндүзгү/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

— 050720. Котормо иши /күндүзгү/

— 050303. Чет тили /күндүзгү/

— 140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)  /күндүзгү, сырткы/

— 190604. Автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө /күндүзгү, сырткы/

— 230109. Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо /күндүзгү, сырткы/

— 080106. Каржы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

— 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу  /күндүзгү, сырткы/

— 030503. Укук таануу /күндүзгү, сырткы/

 

  1. АЛА-БУКА КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИ

(9-11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу /күндүзгү, сырткы/

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

— 080106. Финансы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

 

  1. КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ

(9-11-КЛАССТЫН БАЗАСЫНДА)

— 5146. Тикмечи

— 5147. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь- электрик

— 7443. Тигүүчү

— 5141. Чач тарач

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

ОКУУ МӨӨНӨТТӨРҮ:

— жогорку кесиптик билим берүү:    /магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен/   (күндүзгү — 2 жыл);

— жогорку кесиптик билим берүү:    /бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен/

(күндүзгү — 4 жыл, сырткы — 5 жыл);

— жогорку кесиптик билим берүү:    /адистик квалификациясын  ыйгаруу менен/

(күндүзгү — 5 жыл, сырткы — 6 жыл);

— жогорку жана орто кесиптик билимдин негизинде:   /тиешелүү курстар/ (күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы — 3-4 жыл);

— орто кесиптик билим берүү:  /9, 11-класстын базасында/ (күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы — 2 жыл 6 ай);

— баштапкы кесиптик билим берүү:   /9, 11-класстын базасында/ (күндүзгү — 1-3 жыл).

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ЖАРАТМАН ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ!   

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер