КЫРГЫЗ УЛУТТУК МАДАНИЯТЫ ОРДУ ТОЛГУС ООР ЖОГОТУУГА УЧУРАДЫ

  • 29.07.2020
  • 0

Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 28-июлунда 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү адабиятчы, сынчы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Кадыркул Даутов узакка созулган оорудан улам дүйнө салды.
​Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында жарык дүйнөгө келген.
1958-1961-жылдары Токмок шаарындагы маданий-агартуу окуу жайынын студенти, 1961-1964-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1964-1969-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
1970–1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.
​Ал 1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974–1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976–1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы болуп эмгектенген.
1978-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1983-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985–1986-жылдары аралыганда «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы, 1999–2005-жылдар ичинде Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы болгон.
2005–2007-жылдары И.Арабаев атындагы университеттин профессору, 2007-жылдан тарта Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.
Кадыркул Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келген.
1977-жылы «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы жарык көргөн.
Кадыркул Даутов “Жаңы чектерге”, “Главное – поиск”, “Сөз өнөрүнүн эстетикасы”, “Таланттар жана тагдырлар”, “Тереңдиктер жана бийиктиктер”, “Адабий сын кантип жаралган?”, “Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү”, “Мезгил сыны жана мен”, “Түркүн дүйнө элестеринен”, “Издегеним тубаса акын, тунук поэзия” өңдүү көптөгөн курч жана таасын жазылган адабий-сын китептердин, монографиялардын автору. ​
Кадыркул Даутовго урпактар алдындагы ак ниет, бийик эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» мамлекеттик наамдары ыйгарылган.​Жаркын инсан, чыгаан жазуучу, адабиятчы, сынчы Кадыркул Даутов ѳзүнүн байсалдуу өмүр жолунда кыргыз эли сыймыктангыдай көөнөргүс мурас калтырды.
Залкар инсандын чыгармалары ар дайым Мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, И.И. Исаков, А.Э. Эркебаев, К.Ж.Жусупов, Ө.Даникеев, О.Султанов, А.Өмүрканов, Ш.Дүйшеев, А.Рыскулов, А.Жакшылыков, М.Абакиров, Т.Мамеев, С.Жетимишев, М.Мамазаирова, Н.Алымбеков, М.Аматов, К.Урманбетов, К.О. Иманалиев, А.К. Жаманкулов, С.А. Раев, З.С. Молдокулов, А.Т. Тажибаев, К.Садыков, А.Акматалиев, О.Ибраимов, Л.Үкүбаева, С.Алахан, С.Байгазиев, А. Мусаев, У.К. Жылкыбаев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер