КЫРГЫЗ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АРДАКТУУ АКАДЕМИГИ

  • 18.11.2022
  • 0

Белгилүү педагог-окумуштуу, көрүнүктүү адабиятчы, сынчы, айтылуу манастаануучу, акын жана публицист Советбек Байгазиев Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги жогорку наамына ээ болду. 

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АРДАКТУУ АКАДЕМИГИ

С.Байгазиевдин мындай бийик наамга ээ болушу мыйзам ченемдүүдөй көрүнөт. Сөздүн жөнү мында. Филология илимдеринин доктору, профессор, Манас, Айтматов академияларынын академиги, Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчөсү, Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев Кыргызстандын адабияттаануу, педагогика, манастаануу илимдерине зор эмгек сиңирген инсан. Ал аталган илим тармактарында 80ден ашык илимий, илимий-популярдуу, окуу методикалык, таалим-тарбия жана публицистикалык-философиялык китептердин автору болуп саналат. Булардын ичинен 18 китеби монография. Ал Кыргыз Совет адабиятынын 2 томдук тарыхынын негизги авторлорунун бири. “XX кылымдагы кыргыз драматургиясынын тарыхы” аттуу монографиянын жеке автору. Кыргыз адабиятынын жаңы 7 томдук тарыхын жазууга автордун бири катары катышкан. Кыргыз адабиятынын жаңы 7 томдук тарыхын жазууда да авторлош. “Талант жана адабий прогресс” аттуу адабий изилдөөлөрү да маанилүү. Манастаануу боюнча 20дан ашык илимий, илимий-популярдуу жана педагогикалык китептерди жараткан. Анын “Улуу «Манас” эпосунун руханий, адептик-ыймандык, этикалык-философиялык, патриоттук баалуулуктары”, “Манас” эпопеясы дүйнөлүк көркөм маданияттын өчпөс жылдызы”, “Манас баатыр”, “Каныкей”, “Кошой”, “Бакай”, “Алманбет”, “Манас жана Ч.Айтматов”, “Манас» эпосунун педагогикасы” аттуу китептери окуу-тарбия процесси үчүн эң зарыл куралдар. “Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы”, “Гумандуу педагогика”, “Кыргыз элинин этикалык жана этнопедагогикалык нарктары” аттуу китептери билим-тарбия тармагында пайдаланылып жаткан баалуу эмгектер. ЖОЖдор үчүн С.Байгазиев “Манастаануу” аттуу министрлик бекиткен окуу китебин да жазып, ал окутууда колдонулуп жатат. Советбек Орозканович “Манастын” кыргыздын фундаменталдуу рух баалуулуктарын, камтыган казына экендигин ачып көрсөткөн аалым. Ал авторлош болуп жазган “Кыргыз адабияты” окуу китеби (11-класс) жана “Манастаануу” окуу китеби Өзбекстанда, Кытайда басылып чыккан.

2020-жылы адабиятка, педагогикага, манастаанууга, билим берүүгө, тарбияга, улуттук баалуулуктарга, коомдук-маданий проблемаларга арналган илимий-популярдуу, этикалык-философиялык 7 томдугун жарыкка чыгарды. Бул Советбек Орозкановичтин эмгектери коомубуздун рухий-интеллектуалдык жактан өсүшүнө жана коомдук-гуманитардык илимдин өнүгүшүнө кошкон зор салымы болуп эсептелет. Анын илимий-адабий-педагогикалык эмгектери төмөнкүдөй наамдар, сыйлыктар менен белгиленген: КР Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Орус педагогикасынын атасы – Ушинский атындагы медалдын ээси, Кыргыз педагогика академиясынын академиги, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын ээси, Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты. Нарын, Талас областтарынын, Жумгал, Ала-Бука райондорунун Ардактуу атуулу. Кыргызстандын алты жогорку окуу жайынын Ардактуу профессору. “Айкөл Манас”, “Кылым залкары”, “Улут сыймыгы” медалдарынын жана Евразия жазуучулар Гильдиясынын “Спасший мир” орденинин, Эл аралык түрк академиясы медалынын
ээси.

С.Байгазиевдин илимге, билим-тарбияга, жарандык-патриоттук аң-сезимди көтөрүүгө, жогорку квалификациядагы илимий адистерди даярдап чыгарууга, адабияттаанууга, манастаанууга, педагогика илимине кошкон орчундуу салымы үчүн КР УИАнын Ардактуу академиги наамына ээ болушу, анын эмгегинин татыктуу баалангандыгы болуп эсептелет. Агайга чың ден соолук, мындан ары да илимий чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Гулира Мансапова,
Кыргыз билим берүү академиясынын башкы адиси, журналист

Бөлүшүү

Комментарийлер