КЫРГЫЗ ТИЛИНИН КООМДОГУ ОРДУ МЕКТЕПКЕ  БАЙЛАНЫШТУУ

  • 25.01.2023
  • 0

Кыргыз тили — мамлекеттик тилибиз. Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелериндеги кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатууну өзүбүздүн ары мугалимдик, ары атуулдук парзыбызга айландырышыбыз керек.

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН КООМДОГУ ОРДУ МЕКТЕПКЕ  БАЙЛАНЫШТУУ

«Эшигин көрүп, төрүнө өт» дегендей, бизди ак мектептен мамлекеттик тилде жазылган, улуттук идеологияга канык сугарылган ураандар тосуп алсын. Иш кагаздарыбыз кыргызча таза жазылсын. Өз окуучуларыбызды эгемен эне тилибизде саламдашып, жайдары маанайда тосуп алалы. Өзүбүздүн билимканабызды мамлекеттик тилибиздин алтын ордосуна айландыралы. Кыргыз тилинин коомдогу ордун бекемдешибиз керек. Мектептеги предметтик олимпиадалардын катарына «Манас» олимпиадасын кошолу. Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев күнү-түнү күркүрөп айткан «Манас» эпосунун деңиздей терең мазмунун,  бийик идеясын окуучуларга жатык жана жетик тилде жеткирели. Ошондой эле  айтматовдук олимпиадаларды уюштуралы.Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тесттик суроолорду түзөлү. Окуучуларга айтматовдук чыгармаларга байланыштуу дил баяндарды жаздыралы.

Анан да Алыкул Осмоновдун поэзиясына басым жасап, мектеп окуучулары үчүн осмоновдук олимпиадаларды баштап берели. Көркөм адабиятка кызыккан окуучулардын шыгын эртерээк ойготолу. Айтор, осмоновдук олимпиадаларда окуучулар ырларды көркөм окуу, адабият теориясы, ыр түзүлүшүн чечмелөө, өз алдынча чыгармачылык изденүү боюнча күчтөрүн сынап көрүшсүн.

Мектептеги окуу-тарбия жараянын жандандырууга катуу киришип, кыргыз тилинин желегин бийик желбиретели. Ар аптанын биринчи күнүн эне тилибизге арнайлы. Көрүнө жерге «Дүйшөмбү — кыргыз тилинин күнү» деп жазып коёлу.

Кыргызстандагы бардык мектептерде  чечендик өнөр, сөз өстүрүү, манас таануу, санжыра ийримдери ачылсын. Класстан тышкаркы иштерди ийкемдүү уюштуруп, акын-жазуучулар, чыгармачыл инсандар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү байма-бай, шайма-шай өткөрөлү. Жергиликтүү калемгерлердин жаңы китептеринин бет ачарларын мектепте өткөрсөк, маданий кызматташуу жогорулайт. Окуучуларга жуманын бир күнүндө Саякбай Каралаев айткан Манасты уктуралы.

Ии, баса, Эрнис Кыязов Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуп, бир канча аудиокитептерди жаратты, ошону да окуучуларга жеткирели.

Окуучуларга кыргыз тилинде туура жазууга, Айкөл Манас атабыздын тилинде эркин сүйлөөгө көнүктүрөлү.

Кыргыз тилинин коомдогу ордун бекемдөөгө «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», жапа тырмак киришели. Кыймылдаган кыр ашат…

Тайир АШИРБАЙ,

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер