КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮНҮН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ 

  • 25.12.2023
  • 0

“Ар бир предмет өз каражаттары мененен билим берет, өнүктүрөт жана тарбиялайт”

                                                                                                          И.Бекбоев

Бүгүнкү күндө педагогикалык процесстин дээрлик бардык аспектилерин камтыган билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Окуучунун жеке кызыкчылыгы окуу процессинде чечүүчү фактор болуп саналат. Окутуунун негизги стратегиясы – инсанга багытталган мамиле, баланын инсандыгын, анын жөндөмдүүлүктөрүн, ыктарын жана муктаждыктарын билим берүү процессинин борборуна коюу. Мунун баарын жаңы билим берүү технологияларынын негизинде ишке ашырууга болот.

Учурда бул түшүнүк педагогикалык лексиконго бекем кирди. Технология – ар кандай бизнесте, кол өнөрчүлүктө, искусстводо (түшүндүрмө сөздүк) колдонулуучу ыкмалардын жыйындысы. Педагогикалык технология – окуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуучу окуу-тарбия ишин уюштуруунун методдорунун, ыкмаларынын жана формаларынын комплексин колдонууга негизделген окуу процессин долбоорлоо, аларды колдонуу так аныкталган натыйжага ээ.

Окутуунун заманбап формалары жогорку коммуникативдик көндүмдөрү жана окуучуларды окуу ишмердүүлүгүнө активдүү тартуу менен мүнөздөлөт, сүйлөө жана угуу боюнча билим жана көндүмдөрдүн потенциалын активдештирип, окуучулардын коммуникативдик компетенттүүлүгүн эффективдүү өнүктүрөт. Бул заманбап социалдык шарттарга ыңгайлашууга өбөлгө түзөт, анткени коом заманбап дүйнөдө тез багыт алган, өз алдынча жана демилгелүү, өз ишмердүүлүгүндө ийгиликтерге жетишкен адамдарга муктаж. Чыгармачылык ар кандай инновациялык ишмердүүлүктүн негизи болуп саналат. Чыгармачылык ишмердүүлүк инсандын эмоционалдык жана интеллектуалдык чөйрөсүн өнүктүрүүнү камтыйт.

Жакында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз билим берүү академиясынын  филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери Сулайман Рысбаевдин “Кыргыз тилин үйрөтүү технологиялары” аттуу методикалык колдонмосун  жарыкка чыгарды. Аталган усулдук колдонмо кыргыз тилчи мугалимдерге, усулчуларга, аспиранттар жана изденүүчүүлөр үчүн арналып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдында түзүлгөн басылмаларды илимий – редакциялык талдоодон өткөрүү боюнча редакциялык-эксперттик комиссиянын чечими менен басууга сунушталды.

Китепте кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнүн методологиялык жана методикалык  жол-жоболору, атап айтканда, кыргыз тилин үйрөтүүгө ишмердик жана компетенттүүлүк мамиле жасоо, үйрөтүүнүн деңгээлдик системасы, анын мүнөздөмөсү, ага коюулуучу дидактикалык-нормативдик  талаптар тууралуу сөз болот. Кыргыз тилинде сүйлөшүү чөйрөлөрү, алардын мүнөздөмөсү (дискрипторлор), үйрөнүүдөгү муктаждыктар (интенция) жана тилди үйрөнүүчүнүн өзүн-өзү баалоо шкаласы берилген. Аталган деңггээлдерге жараша кеп ишмердигинин түрлөрү боюнча иш жүргүзүү, окуучунун тил жатыктыруусун жана тил билүү деңгээлин баалоо, текшерүү жолдору сунушталган.

Мазмунун карап көрсөк, он эки бөлүмдөн туруп, орчундуу бөлүгүн  — кыргыз тилин үйрөтүүдөгү алгылыктуу ыкма катары коммуникативдүүлүк , ал аркылуу кыргыз тилинде сүйлөшүү сабактарын уюштуруу жолдору ээлеп турат. Андагы тил үйрөтүүдөгү кырдаалдык-тематикалык принципке ылайыкталган: тематика, кырдаал, маек кебине (диалогго) үйрөтүү ыкмалары, аларга жараша берилген сабактын үлгү фрагменттери  таанып, билүүнүн теориясына негизденип, ынанымдуу уюштурулган.

С.Рысбаев эне тилибизди бала бакчадан тартып мектептерде окутуунун жана үйрөтүүнүн илимий-методикалык негизлдерин изилдөө боюнча туруктуу эмгек жасап, бир топ китептерин жарыкка чыгарып келе жатат. Автордун “Кыргыз тилин үйрөтүү технологиялары” аттуу эмгеги да республикабыздын кыргыз тилчи мугалимдерибиз үчүн негизги таяныч куралы болот деп ишенем.

Айдай БЕКБОЕВА,

Кыргыз билим берүү академиясынын мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер