КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ САБАКТАРЫНДАГЫ КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ

  • 24.04.2020
  • 0

Кыргыз тили жана адабияты сабагында кайтарым байланыш мугалимге окуп-үйрөнүү процесси кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу түшүнүк берет, окуучулардын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалымдайт. Бул процессти байкап барууга төмөндөгү ыкмаларды колдонууну сунуштайбыз.

Учурда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу балдар аралыктан окутуу формасы менен телесабактар аркылуу окушуп, мугалимдер кайтарым байланышты Zoom, WhatsApp социалдык тармактары менен жүргүзүп жаткандыктан, кайтарым байланыштын ыкмаларын ушул тармактарга ылайыктап бергенге аракеттендик.

WhatsАpp социалдык тармагында колдонуу үчүн:

«Билим пирамидасы»

Мугалим балдарга телесабактын расписаниесин эскертип жатканда эле, бул ыкманы да айта кетсе болот.

  1. Телесабакта өтүлгөн тема боюнча алган маалыматтарын топтоштуруу
  2. Өз билимдеринин пирамидасын түзүү.

Бул мындайча ишке ашырылат. Балдар кагазга же дептерлерине алган маалыматтарын топтоштуруп алышат да, андан пирамиданы тургузушат.

Мисалы: Сүйлөмдүн бир өӊчөй мүчөлөрү

Бирдей сөз түркүмүндө турат

Бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат

Бирдей суроого жооп берет

3. Түзгөн пирамидаларын мугалимге жөнөтүшөт.

4. Мугалим окуучунун түзгөн пирамидасына карап баалоо жүргүзөт же WhatsApp деле балдардын түзгөн пирамидаларына карап, бири-бирин баалоону уюштурат.

«Эки беттүү куш кат»

  1. Телесабактан кийин окуучулардан төмөндөгү таблицаны толтурууну өтүнүү
Өтүлгөн темадан мен үчүн түшүнүктүү болгон маалыматМенин суроом бар
  1. Кайтарым байланыш убактысы келгенге чейин окуучулардан маалыматты топтоштуруу;
  2. Окуучулардын суроолорун типтештирүү;
  3. Суроолорго материалдарды, интернет шилтемелерди даярдоо;
  4. Таблицанын биринчи бөлүгүндөгү маалыматтар боюнча мини тест даярдоо.

 

«Бир мүнөттүк эссе»

  1. Бир мүнөттүк эссе жазуу үчүн мугалим төмөнкү суроолорду берет:

Бүгүн эмнени үйрөндүң?

Кайсы суроолор түшүнүксүз бойдон калды?

  1. Мугалим окуучуларга тема боюнча үйрөнгөндөрү жөнүндө ой-пикирин билдирүү үчүн 1 мүнөт убакыт белгилейт.
  2. Суроолор жана өздөштүрүлгөн маалыматтар менен талкуу уюштурат

«Zoom» тиркемеси менен видеоконференцияларында колдонуу үчүн:

Бир чыгарманын мазмунун кайра айтып берип жатканда колдонсо майнаптуу болот. Ал үчүн бир окуучу айтып бара жаткан жеринен мугалимдин жаӊсоосу менен токтотулуп, кийинки окуучу улантат. Жооп аяктаганга чейин улантыла берет.

«Жол чырак» (светофор)

  1. Окуучулар конференцияга катышканга чейин жол чырактын түсүн чагылдырган карточкаларды даярдап алуусу зарыл.
  2. Мугалим кайсы бир ырастоону айтканда, маселен, «Кызыл алма – бул атоочтук сөз айкашы», окуучулар түстөрдүн жардамы менен өзүнүн жообун билдирет. Эгерде:

— «Жок» деп жооп бергиси келсе, кызыл түс,

— «Ооба» деп жооп бергиси келсе, жашыл түс,

— «Билбейм» деп жооп бергиси келсе, сары түс.

  1. Мугалим окуучулардын жообуна карата талкууну алып бара берет. Эгерде окуучулардын баары бирдей түстү көрсөтүп турса, «Эмне үчүн?» деген суроону колдонууга тийиш. Ар бир окуучунун маалыматты өздөштүргөнүн байкоого өбөлгө болот.

Кайтарым байланыштын дагы бир каражаты болгон кайтарым байланыш күндөлүктөрүнө да бир мисал келтире кетейин. Окуучулар телесабактан кийин төмөндөгүдөй үлгүдө күндөлүк толтуруп, портфолиосуна жайгаштырып койсо болот.

Рефлексия күндөлүгү

Дата _________

Предмет ________

Сабактын темасы _________________

Жаңы аныктамаларды үйрөндүм _____________________________

Кайсы тапшырмаларды кызыгуу менен кыйынчылыксыз аткардым________________

Кайсы тапшырмаларды аткарууда жардамга муктаж болдум _____________________

Бул өтүлгөн теманы турмушта каерде колдонсо болот ______________________

Бул сабактан кийинки менин маанайым _________________________

Кайтарым байланыштын мындай ыкмалары бир нече, бул сунушта бир азына токтолуп кеттик. Балким, кайсы бир мугалим үчүн багыт болуп, чыгармачылык менен мындан ары өнүктүрүп кетүүсүнө өбөлгө болоор.

Чынара Раимбекова, кыргыз тили жана адабияты кабинетинин башчысы, ОшББИ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер