КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ КИРБЕЙ КАЛДЫ ДЕГЕН ЖАҢЫЛЫК ЧЫНДЫККА ТУУРА КЕЛБЕЙТ

  • 07.02.2020
  • 0

 

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. ЖРТны киргизүүнүн негизги максаты — Кыргызстандагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө социалдык абалына жана жашаган аймагына карабастан өз билимдеринин негизинде жогорку окуу жайларына кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Өткөн жылдар аралыгындагы көрсөткүчтөргө жана коомчулуктагы пикирлерге таянып, ЖРТ боюнча коюлган максаттар ишке ашып келе жатат деп ишенимдүү айта алабыз.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевдин айтымында, кыргыз тили Жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей калды деген жаңылык чындыкка туура келбейт жана маалыматтар бурмаланып берилип калган.

 

Анткени, 2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин   практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр, ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. Кыргыз Республикасынын 70%дан кѳбүрѳѳк бүтүрүүчүлѳрү ЖРТны кыргыз тилинде тапшырышат жана бул боюнча эч кандай маселе жок”, — дейт Марат Усеналиев.

 

2019-жылдан тартып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баарына өз каалоолору менен «Кыргызтесттен» өтүү мүмкүнчүлүгү берилип, колуна сертификат алган абитуриенттерге жогорку окуу жайларга кирүүдө жеңилдиктер каралган.

 

Марат Усеналиев кошумчалагандай, 2020-жылдан тартып жалпы республикалык тестирлөөгө филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат.

 

ЖРТ- жогорку окуу жайларына өтүүдө ачык-айкын, коррупцияга жол бербеген механизм.

 

Маалымат үчүн — 2019-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку чек 238 упай болду. Жалпы республикалык тестирлөөгө бардыгы болуп 43 миң 440 абитуриент катышкан болсо, босого упайдан 27 миң 19 бүтүрүүчү же 62,2%ы өтө алды.

Салыштыруу үчүн: былтыркы жылы босого упайдан 57% бүтүрүүчү өтсө, 4 жыл мурун 47%ы гана өткөн.

 

Билим берүү жана илим министрлигинен басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер