Кыргыз тилден көчүрүү экзамендери — мыйзамдык талап
- 23.01.2025
- 0
Быйылкы окуу жылынан тарта Кыргызстанда мектептердин менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан окуучулар милдеттүү түрдө кыргыз тилинен көчүрүү экзамендерин тапшырат.
КӨЧҮРҮҮ ЭКЗАМЕНИ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Көчүрүү экзамени окуучулардын билимин көзөмөлдөөнүн бир түрү болуп саналат. Экзамен окуу жылынын аягында окуучулардын билим берүүнүн кийинки баскычына өтүүгө даярдыгын аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул жөн гана текшерүү иши. Муну менен мугалим окуучу бир жылдык материалды өздөштүргөнүн жана жаңы эмнени үйрөнүүгө даяр экендигин текшерет. Мындан тышкары, сынак окуучунун билиминдеги кемчиликтерди аныктоого жардам берет.
Буга чейин бардык предметтер боюнча экзамендер 5-8 жана 10-класстын окуучулары үчүн өткөрүлүп келген. Пандемия маалында, тактап айтканда, 2020-жылдан бери, бул көчүрүү экзамендери жоюлган.
Ал эми быйылкы окуу жылынан тарта мектептердин менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан милдеттүү түрдө кыргыз тилинен көчүрүү экзамендерин тапшыруу киргизилди.
СЕБЕБИ?
Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытовдун айтымында, милдеттүү түрдө кыргыз тилинен көчүрүү экзамендерин тапшыруунун себеби, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын жана кыргыз тилинин предметтик стандартынын талаптарына ылайык окуучулардын кыргыз тили боюнча окуу программаларын өздөштүрүүсүнүн натыйжаларын аныктоо. Ошондой эле билим берүүнүн башкаруу системасына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү үчүн жалпы билим берүү уюмдарында мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү ишке ашыруу эсептелет.
“Көчүрүү экзамендери баскыч-баскычы менен өтөт. Быйылкы окуу жылынын аягында 5-6-класстын окуучуларынан башталат, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили сабагынан жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска) экзамендерин тапшырат. Аны министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштурат”, – деди А.Мамытов.
Учурда департамент экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү жолдорун карап, талаптарды иштеп жатат. Ошондой эле райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана предметтик мугалимдерге окуулар өткөрүлөт.
ОКУТУУ БАШКА ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕКТЕПТЕР ДА ТАПШЫРАТ
Бул мектептерде дагы биринчи класстан баштап кыргыз тили предмети окутулат. Андыктан алардын өздөрүнө ылайык окуу программалары бар, ошол боюнча гана тапшырат. Ошол окуу жылында кыргыз тили боюнча программанын алкагында өтүлгөн темалар, башкача айтканда, төрт чейректин жыйынтыгы боюнча гана экзамендин суроолору түзүлөт.
ЭКЗАМЕН КАНДАЙ ӨТӨТ?
Көчүрүү экзамени үч субтесттен турат: лексика-грамматика, окуп-түшүнүү жана жазуу, ошондой эле оозеки. Окуучулар үчүн алдын-ала сынамык тест өткөрүлөт.
КИМДЕР БОШОТУЛАТ?
Көчүрүү экзамендерине кыргыз тили боюнча предметтик карыздары жок, жылдык баалары бар окуучулар киргизилет. Окуучунун кыргыз тили боюнча жылдык баасы «5» (эң жакшы) болсо, көчүрүү экзаменин тапшыруудан бошотулат. Ошондой эле үстүбүздөгү окуу жылында кыргыз тили боюнча мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыктоочу этабынын жеңүүчүлөрү же байге ээлери да бошотулат.
Акыл-эс жана дене-бой өнүгүүсүндө кемчиликтери бар окуучулар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдарында көчүрүү экзамендери өткөрүлбөйт.
ТАПШЫРА АЛБАЙ КАЛГАНДАР ЭМНЕ КЫЛАТ?
Канааттандырарлык эмес баа алган же көчүрүү экзамендерин тапшырбаган, ден соолугуна жана жүйөлүү себептерге байланыштуу көчүрүү экзаменине катышпай калган окуучуларга жай мезгилге даярданууга жана кийинки окуу жылынын башында кайрадан экзамен тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.
Эскерте кетсек, бул көчүрүү экзамендери “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵ” жана “Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзамдарын, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты маселелери жөнүндө” Жогорку Кеңешинин токтомун ишке ашыруу максатында киргизилүүдө.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер