КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН РЕЙТИНГИ – 2021

  • 07.06.2021
  • 0

Аккредитация жана рейтинг көз карандысыз агенттиги (IAAR) тарабынан жыл сайын жүргүзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын рейтинги – 2021 окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын: окутуунун сапатын, илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин, окутуучулардын потенциалын, эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн талап кылынышын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн эске алат. Ошол эле учурда рейтинг жогорку окуу жайлардын кадыр-баркын жана билим берүү программаларынын өзүнө тартып туруусун жогорулатууга мүмкүндүк берет.   

Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын рейтинги – 2021 өлкөдөгү ар жылдык белгилүү жана маанилүү окуя болуп калды: билим берүү кызматтарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт, билим берүүнүн сапатынын эмгек рыногунун талаптарына дал келүү даражасы тууралуу коомчулуктун кабардар болуусун камсыз кылат жана Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алат.

Жүктөп алуу: 

2021-ж. КР ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги.docx

2021-ж. КР ЖОЖдорунун институционалдык рейтинги.docx

БАКАЛАВРИАТ программасы боюнча КР ЖОЖдорунун рейтинги.docx

МАГИСТРАТУРА программасы боюнча КР ЖОЖдорунун рейтинги.docx

2021-ж. КР ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамынын рейтинги.docx

 

Бөлүшүү

Комментарийлер