КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН (КР УИА) ЖАЛПЫ ЖЫЛДЫК ЧОГУЛУШУ ӨТТҮ

  • 21.02.2020
  • 0

Жалпы чогулуштун жылдык сессиясында КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев  “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2019-жылы аткарган иштери жана 2020-жылга карата мерчемделген иш-чаралар тууралуу” деген темада, КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы Б. М. Дженбаев “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 2019-жылдагы илимий-уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктары” деген темада баяндама жасашат.  Андан кийин жарыш сөздөр болот.

2019-жылы КР УИАда 98 долбоор боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлгөн, анын 27си бюджеттик негизде, 36сы эл аралык фонддордун жана гранттардын эсебинен, 35и чарбалык эсептин негизинде аткарылган.

КР УИАнын илимпоздору тарабынан 28 техникалык чечим патенттелип, патент берүү тууралуу 21 оң жооп алынган, эл аралык жана аймактык долбоорлорго, нормативдерге 125 мамлекеттик экспертиза жүргүзүлгөн. КР УИАнын кызматкерлери илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча 1062 эмгек жарыялашкан, анын 471си чет мамлекеттерде жарык көргөн, бул жалпы эсептин 39,3 пайызын түзөт. Басылмалардын ичинде 48 монография, анын 7си чет мамлекеттерде жарыкка чыккан, 61 окуу китеп жана окуу куралдары бар. КР УИАнын илимпоздору акыркы убактарда илимий эмгектерди РИНЦ, Scopus,WebofScience  сыяктуу эл аралык индекске ээ журналдарда жарыялоого   өзгөчө көңүл бурушууда.

КР УИАнын ИИМдердин базасында 2020-жылдын январь айына карата 13 диссертациялык кеңеш жана 1 мамлекеттер аралык диссертациялык кеңеш иштейт, аларда 41 илимий багыт боюнча диссертациялар корголот, бул Кыргызстандын аймагында диссертациялар корголуп жаткан жалпы адистиктердин 36,9 пайызын түзөт. 2019-жылы 14 докторлук, 44 кандидаттык диссертация жакталган, анын арасында ЖОЖдор үчүн илимдин 5 доктору, 14 кандидаты даярдалган.

КР УИАнын илимий кызматкерлери отчеттук жылда 47 илимий конференция өткөрүшкөн, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги конференциялар да бар, ошондой эле башка уюмдар, ЖОЖдор, өлкөлөр тарабынан уюштурулган 550 конференциянын ишине катышышты.

Региондорду өнүктүрүү программасынын алкагында  “КР УИА – Баткен облусу” деп аталган пилоттук долбоор жүзөгө ашып жатат. “Илим фестивалы – 2020; Кыргызстанда Россия илиминин жумалыгы” программасы уюштурулуп КР УИАда жыйынтыктоочу илимий конференция өткөрүү менен аякталат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер