КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУСУНА – 30 ЖЫЛ!

  • 03.03.2022
  • 0

 (Жалпы билим берүүчү орто мектептерде өтүлүүчү ачык тарбиялык сабактын болжолдуу үлгүсү)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата

САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ:

Максаттар: Көрсөткүчтөрү (индикаторлору)
Билим берүүчүлүк: Окуучулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун жаралыш тарыхын, маанисин түшүнүшөт, талкуулашат.Эгерде окуучулар:

тексттин негизги мазмунун айтып бере алышса;

берилген суроолорго жооп бере алышса;

тексттеги маалыматтарды колдонуп жана өз ойлорун кошумчалай алышса;

Өнүктүрүүчүлүк: Кыргызстандын Мамлекеттик Туусу менен башка мамлекеттердин тууларын салыштырышат, берилген тексттеги маалыматтарды талдоо, сынчыл ой жүгүртүү, баалоо көндүмдөрүнө ээ болушат. тексттин бөлүктөрүн салыштырып, өзгөчөлүктөрүн, окшоштуктарын далилдеп, талдай алышса;

тарыхый, маданий кырдаалдарга өз көз карашын билдирип, жаңы маалыматтарды кошумчалап, баа бере алышса;

Тарбия берүүчүлүк: мамлекет үчүн туунун канчалык ыйык экендигине баа беришет, атуулдук парзын аткаруунун маанилүүлүгүн билишет. Мекен алдындагы атуулдук парзын аткаруу үчүн өз салымын кошуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып бере алышса;

Мамлекеттик туунун баалуулугу тууралуу ар бир жарандын жоопкерчилиги бардыгын билишсе;

КРнын Мамлекеттик Туусу жөнүндө бири-бири менен маалымат алмашып, ой бөлүшүп, биргелешип талкуулай алышса;

Сабактын тиби: Билимдерин жалпылоо жана системалаштыруу

Сабакта колдонулган интерактивдүү окутуунун методдору, ыкмалары (акылга чабуул, топто иштөө, чаташкан логикалык чынжыр)

Сабактын жабдылышы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни, Конституция (слайддан көрсөтсө болот), таркатма материалдар (текст), флипчарт-ватман, фломастер, презентация, слайддар ж.б.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

  1. I. Уюштуруу/ Мотивация (2 мүнөт)

Саламатсыңарбы, балдар! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун  кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайм! Сабагыбызды Кыргыз Республикасынын Гимни менен баштайлы!

(Гимн ырдалат)

Окуучулар жана мугалим орундарынан туруп, оң колун жүрөгүнүн тушуна коюп, видеонун коштоосунда чогуу ырдашат.

  1. Окуучулардын билимин актуалдаштыруу (5 мүнөт)

Мугалим:  Келгиле, балдар, бүгүнкү сабакта эмнелерди талкуулай тургандыгыбызды билүү үчүн, алгач суроолорго жооп берели, биздин жоопторубуздан биз сөз кыла турган өзөк сөздү табалы. (Мугалим окуучулардын жоопторун доскага жазат. Ар бир жазылган сөздөрдүн ичинен белгиленген тамгалардын астын сызуу зарыл).

1) Мамлекеттик эгемендиктин символу болгон, ар кандай жыйындарда аткарылган салтанаттуу ыр. (ГИМН)

2) Мөөрлөрдө, монеталарда чагылдырылган Кыргыз Республикасынын символдорунун бирин ата. (ГЕРБ)

3) Символдордун бири болгон гербде эмнелер чагылдырылган? (БҮРКҮТ)

4) Алтын күн жана түндүк тартылган мамлекеттик символ (ЖЕЛЕК)

5) Кыргыз Республикасынын желегинде эмне чагылдырылган? (КҮН)

Бул суроолордун жоопторунан белгиленген тамгаларды колдонуп сөз курай келсек, «МЕКЕН» деген сөз пайда болду.

— Азаматсыңар, балдар! Демек, биз бүгүнкү сабакта мекенибиз Кыргызстан жана анын Мамлекеттик Туусу жөнүндө сөз кылмакчыбыз. (Сабактын максаты – айтылат, түшүндүрүлөт) Келгиле, “Кыргызстан» деген маанилүү сөз силер үчүн эмнени билдирет? Мисалы, Кыргызстан мен үчүн – ыйык мекен ж.б. ойлорубузду шыктануу менен айта кетели. Ушул сөздү айткандан кийин кандай сезимде болдуңар? (сыймыктануу, толкундануу, эргүү ж.б.). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдоруна эмнелер кирет? Эмне үчүн алар мамлекеттик символдор деп аталат? Ушул суроолорго окуучулардан кыскача жооптор алынгандан кийин бир нече мамлекеттин туулары слайддан көрсөтүлөт: Бул жерден кайсы мамлекеттердин тууларын көрүп турасыңар, ойлонуп көргүлөчү. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунан эмнени байкадыңар? Кандай өзгөчөлүктөрү бар?

Эми, балдар, суроолорубузга толук жооп алыш үчүн, 3 топко бөлүнөбүз. (3 топко чаташкан сүйлөмдөрдү ирети менен коюуга берилет).

III. Жаңы тема (25 мүнөт)

Мугалим: Ар бир топко берилген чаташкан сүйлөмдөрдү ирети менен койгула. (3 топко чаташкан сүйлөмдөр таратылат, алар ирети менен жайгаштырганга аракет кылышат). Аткарган тапшырмаларды ар бир топтон бирден окуучу үн чыгарып окуп берет.

1-топко: 1. Мамлекеттин Герби жана Гимни сыяктуу эле, Мамлекеттик Туу – бул мамлекеттин жүзү. 2. «Түндүк» өлкөбүздө жашаган элдердин биримдигин символдоштурат. 3. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн жарандары мамлекеттик символдорго (символикага) элдин биримдигинин белгиси катары карашат. 4. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптануу тарыхында расмий символдордун даярдалышы өзгөчө орунду ээлейт. 5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.

2-топко: 1. Азыркы мезгилде вексиллология предметине желек, туу, штандарт, вымпел жана ушул сыяктуулар кирет. 2. Ал байыркы Римдин «вексиллум» деген сөзүнөн алынып, туу деген сөздү түшүндүргөн. 3. Тарыхта байыркы римде колдонулган туура жыгачка түстүү материалдардан кадалган туулар белгилүү. 4. Ушундай эле түшүндүрүү «Манас» энциклопедиясында да байрак, желек, туу эпостордо бирдей айтыла берет.  5. Вексиллология – бул азыркы тарых илиминде туу жана желектерди окуп-үйрөнүүчү илимдин бир бөлүгү.

3-топко: 1. Туу бүгүнкү түшүнүктөгү мамлекеттик символ катары бизде ХХ кылымдын башында, Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдарында пайда болгон саясий маданият. 2. Дал ушул мамлекеттик туу менен биз эгемендүүлүккө жана көз каранды эместикке жетиштик. 3. Кыргыздардын туулары жөнүндө маалыматтар «Манас» эпосунда да, байыркы кытай жазма булактарында да, орто кылымдардагы араб жазма булактарында да кездешет. 4. Кыргыз эли биринчи кезекте Түркстан АССРинин, кийин РСФСРдин туусу алдында жүргөн. 5. Кыргыздар Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эле эмес, дүйнөдөгү эң байыркы элдерден экендигибиз талашсыз чындык.

Мугалим: Рахмат. Анда эмесе, балдар тапшырмалардын туура аткарылгандыгын текшерүү үчүн тексттер менен таанышабыз. (Ар бир топко тексттер берилет.)

1-топ. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн калыптануу тарыхында расмий символдордун даярдалышы өзгөчө орунду ээлейт. Мамлекеттин Герби жана Гимни сыяктуу эле, Мамлекеттик Туу – бул мамлекеттин жүзү. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн жарандары мамлекеттик символдорго (символикага) элдин биримдигинин белгиси катары карашат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үч бөлүгүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы – бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Туунун бир түстүү кызылдыгы эрдиктин жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн тынчтыкты жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк – үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. «Түндүк» өлкөбүздө жашаган элдердин биримдигин символдоштурат. Туунун түсү кызыл, анткени айкөл Манастын туусу кызыл түстө болгон. Авторлору: Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

2-топ. Вексиллология – бул азыркы тарых илиминде туу жана желектерди окуп-үйрөнүүчү илимдин бир бөлүгү. Тарыхта байыркы Римде колдонулган туура жыгачка түстүү материалдардан кадалган туулар белгилүү. Материал узун жыгач таякка бекитилген туура жыгачка бекитилип, мындай тууларды римдиктер «Вексиллум» деп аташкан. Мына ушундай аталыш адегенде римдиктерде туунун аталышы катары, кийинчерээк дүйнө элдеринде туу жөнүндөгү илимдин аталышына негиз болгон. Ал байыркы Римдин «вексиллум» деген сөзүнөн алынып, туу деген сөздү түшүндүргөн. Азыркы мезгилде вексиллология предметине желек, туу, штандарт, вымпел жана ушул сыяктуулар кирет. Штандарт – туунун функцияларын алган атайы жасалган желек. Мисалы, президенттин штандарты же болбосо жеке адамдын атайы жасаткан туусу. Штандарт тууга окшош жасалып, өтө бай жасалгасы болот, өтө кооздолуп жасалат. Дайыма резиденцияда же болбосо туунун ээсинин кабинетинде сакталып турат. Бул илим геральдика илимине өтө жакын. Чындыгында эле желектер менен гербдердин көп окшош жактары бар, айрым учурда желектер гербдик сүрөттөлүштү берүүнүн бир бөлүгү болуп эсептелип келген.

«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» желек – түрдүү формадагы жана түрдүү түстөгү кездемеден жасалып, таякча же узун жумуру жыгачка байланып коюлган бир нерсенин белгисин же символикасы катары колдонула турган байрак, тилке кездеме.

Ушундай эле түшүндүрүү «Манас» энциклопедиясында да байрак, желек, туу эпостордо бирдей айтыла берет. «Манас» эпосунда:

«Ак асаба, кызыл туу,

Аягын жерге сайбасам,

Асабасын жайбасам.

Атым өчүп калбайбы»

Алтын айчык туу аштап,

Ак асаба буластап.

3-топ. Кыргыздар Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эле эмес, дүйнөдөгү эң байыркы элдерден экендигибиз талашсыз чындык. Даңазалуу кыргыз эли тууну мамлекеттик өзгөчө белги катары баалап, мамлекеттин негизги белгилеринин катарында, өз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү доорлорунун бардык мезгилдеринде, доорлорунда тууну негизги символ катары аздектеп, өзгөчө сактап келгенин баамдоого болот.

Кыргыздардын туулары жөнүндө маалыматтар «Манас» эпосунда да, байыркы кытай жазма булактарында да, орто кылымдардагы араб жазма булактарында да кездешет. Мамлекеттин, анын башчысы ажонун туусу, ар бир ири кол башчылардын тууларына кыргыздарда өзгөчө маани-маңызга ээ болгон сыймыктуу символ болгон.

Туу бүгүнкү түшүнүктөгү мамлекеттик символ катары бизде ХХ кылымдын башында, Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдары пайда болгон саясий маданият.

Кыргыз эли биринчи кезекте Түркстан АССРинин, кийин РСФСРдин туусу алдында жүргөн. Кийин, ХХ кылымдын 20-жылдарынын акырында гана биз өз туубузга ээ болдук. Биринчи жолу кыргыз элинин мамлекеттик туусу 1929-жылы кабыл алынган Кыргыз АССРинин Конституциясында – Баш мыйзамында бекитилген. Кийинки биздин Мамлекеттик Туубуз Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРи болуп кайрадан түзүлгөндүгүнө байланыштуу пайда болгон. 1937-жылы 23-мартта Кезексиз чакырылган Кыргыз ССРинин Кеңештеринин V курултайы Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясын – Баш мыйзамын бекиткен. 1940-жылы кыргыз жазуусу толугу менен орус алфавитине өткөндүгүнө байланыштуу жазма маданиятыбызга толук өзгөрүү киргизилген. Өзгөртүүлөрдүн натыйжасында 1952, 1956-жылдары Кыргыз ССРинин Туусуна да өзгөрүүлөр киргизилген. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Туусуна кезектеги оңдоп, түзөтүүлөр 1981-жылдын 2-июнунда киргизилген. Дал ушул Мамлекеттик Туу менен биз эгемендүүлүккө жана көз каранды эместикке жетиштик.

Тапшырманы аткарыш үчүн окуучуларга 3 топко тексттер, флипчарттар, маркерлер таратылып берилет. Ар бир топ текстти жана мурдатан окуп билгендери боюнча маалыматтарды даярдашат. Алар ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн (сүрөт, текст, схема, кластер ж.б.). Тапшырмаларды кыскача, кызыктуу кылып даярдоого мугалим көмөктөшөт. Топтор тапшырманы аткарып бүтүшкөндүктөрүн кол чаап билдиришет. Бардык топтор бүткөндөн кийин, тапшырманы аткарып бүткөн ырааты боюнча топтун 1-2 өкүлү чыгып, өз маалыматтарын жакташат.

  1. IV. Бышыктоо (3 мүнөт)

Мугалим: Азаматсыңар, балдар. Сабагыбызды бышыктоо максатында кайрадан чаташкан сүйлөмдөрдү иретин карап, тууралайлы.

  1. Кайтарым байланыш (5 мүнөт)
  2. Кандай жаңы маалыматтарды алдыңар?
  3. Бул теманын баалуулугу эмнеде деп ойлойсуңар?
  4. VI. Жыйынтыктоо. (3 мүнөт)

Мугалим: Балдар, Мамлекеттин өнүгүшү, улут аралык биримдик, ынтымак үчүн ар кимибиз улутубузга карабастан өз Мекенибиздин патриоту болушубуз керек.

Бир күнү бир акылмандан “Патриотизм деген эмне?” — деп сурашыптыр. Ошондо акылман минтип жооп бериптир: “Патриотизм – бул менин өлкөм бардыгынан мыкты деген ишеним. Анткени бул өлкөдө сен туулгансың!”. Демек, Кыргызстандын кайсы жеринде, кайсы шаар, айылында болбойлу, ал – биздин Кыргызстан! А Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу, “Кыргызстан – бардык этностордун бирдиктүү Мекени” деген идеяны ишке ашыруу – ар бирибиздин эмгегибиз, ынтымагыбыз.

— Көздөй учкан кутманың не?

— Ак калпак кыргыз элим!

— Туудай бийик тутканың не?

Ала-Тоодой кыргыз жерим!

— Колдой турган пириң кайсы?

Эр Манас- бабам экен.

Жолдой турган ырың кайсы?

— Ар намыс- Ата мекен!

Бийигиң болуп жылдыз учкан,

Жүрөгүңдө жашасын Кыргызстан!

Ак бата тилеп бул турмуштан,

Кайкып учар канатың – Кыргызстан!

Касиеттүү мамлекеттик туубуздун, эне тилибиздин уюткусу, көрөнгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз туусу, кыргыз тили эч качан жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер, башка элдер менен теңтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине көкөлөтчү канат-бутак болоруна ишенебиз. Ошондуктан улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди, Мамлекеттик символдорубузду ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп туу кылып көтөрүп алалык! Ушул тилекке жеткизген улуу жолубуз байсалдуу, ак жолтой болсун!

Эскертүү: Жогорудагы сабактын болжолдуу сценарийин мугалимдер өз чыгармачылыктары жана материалдарына ылайык байытып өтө беришет.

Даярдагандар: 

А.Батыркулова, п.и.к., КББАнын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү лабораториясынын башчысы,

К.Иманалиева, КББАнын ага илимий кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер