КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 12 ЖЫЛДЫК ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ

  • 15.02.2024
  • 0

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА 12 ЖЫЛДЫК ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ

«Инсанга адеп-ахлактык тарбия бербей, интеллектуалдык тарбия бергениң, — коом үчүн коркунучту жаратканың».

Теодор Рузвельт

Киришүү

 

Адамдардын ар бир мууну үч негизги милдетти чечет. Биринчиден, мурунку муундардын тажрыйбасын өздөштүрүү, экинчиден, бул тажрыйбаны байытуу жана көбөйтүү, үчүнчүдөн, кийинки муунга өткөрүп берүү. Ар бир жаңы муун ата-бабаларынын тажрыйбасын өздөштүрүп, аны байытып, урпактарына өткөрүп бергендиктен гана коомдук прогресс мүмкүн болду. Дал ушундай вазийпаны билим берүү системасы аткарат.

12 жылдык жалпы орто билим берүүнүн негизги максаты:

— Билимдүү, чыгармачыл, компетенттүү жана атаандаштыкка, динамикалуу өнүгүп жаткан чөйрөдө жашоого жөндөмдүү инсанды калыптандыруу жана өнүктүрүү.

— окуу жайларга же олимпиадаларга эле даярдабастан, нарк-насилдик, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу,

— сынчыл жана чыгармачыл ойломду, маалыматтар менен иштей билүү ыктарын калыптандыруу;

— окуучуларды мектепте эле эмес, коомдук турмушта да конкуренцияга туруштук бере ала турган, коомдун толук кандуу мүчөсүн калыптандыруу,

— гуманисттик маданияттын, руханий нарк-насилдерибиздин жана адеп-ахлагыбыздын идеалдарында тарбиялоо;

— табигатка шайкеш жашоосуна көмөктөшүү;

— жеке өзгөчөлүктөрүн, шыктарын, жөндөмдүүлүктөрүн эсепке алуу менен, окуучулардын табигый потенциалынын толук ачылышына көмөктөшүп, өз алдынча чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу;

— ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын үлгүлөрүндө тарбиялоо.

Мектеп инсандын калыптануусунун, билим алуусунун негизги этабы болуп саналат жана мектепте келечектеги коомдун өнүгүшүнүн пайдубалы түптөлөт.

Концепциянын максаты — 12 жылдык мектеп шартында Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү системасын өнүктүрүү стратегиясын жана жаңылоонун жолдорун аныктоо.

Кыргыз Республикасында 12 жылдык жалпы орто билим берүү концепциясы (мындан ары — Концепция) Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, өмүр бою билим берүү боюнча ЮНЕСКОнун сунуштарына ылайык иштелип чыккан.

Концепция өлкөдөгү жалпы орто билим берүү системасынын максатын, милдеттерин, уюштуруу принциптерин жана багыттарын чагылдырган, ага өтүүнүн финансылык-экономикалык негиздемесин даярдган, анын күтүлгөн натыйжаларын аныктаган негизги документ болуп саналат.

XXI кылымда – жогорку технологиялуу маалыматтык коомдун шартында, мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн адамдык потенциалдын сапатын, калктын билиминин жана маданиятынын деңгээлин жогорулатуу зарыл. Кыргызстандын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кириши үчүн, ата мекендик билим берүү стандарттарын дүйнөлүк коомчулуктун нормаларына ылайыктоо жалпы орто билим берүүнүн узактыгын кеминде 12 жылга узартууну талап кылат.

6 жашар балдарды мектепте окууга толук камтуу, баланын толук өнүгүшү үчүн психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жеткиликтүү пайдаланууга мүмкүндүк берет. Алты жаштагы балдардын бардыгын 6 жылдык мектеп программасына тартуу бул курактагы балдардын өз убагында сапаттуу мектептик билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдейт.

12 жылдык жалпы орто билим берүү окуучулардын руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык, физикалык, көркөм жана эстетикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, демократиялык коомдун жаранын тарбиялоого, билим берүүнү, жакшы тарбиялоону жана маданиятты эң жогорку баалуулуктар, коомдук прогресстин алмаштырылгыс факторлору катары таанууга тийиш.

12 жылдык билим берүүгө өтүү окуучулардын кызыкчылыктарын, керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн толугураак эсепке алууга жана билим берүүнүн деңгээли боюнча окуу материалын сарамжалдуу түрдө кайра бөлүштүрүүгө, жекече билим алууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

12 жылдык билим берүүгө өтүү эмгек рыногундагы атаандаштыктын шарттарында дайыма эле жумуш таба албаган 17-18 жаштагы жаштар үчүн, экономикалык жактан пайдалуу жана натыйжалуу иш формасы болуп саналат.

Европа Кеңешинин Декларациясына (1992) ылайык дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде 12 жылдык орто билим берүү 136 өлкөдө ишке ашырылып, алардын ичинен, АКШ, Канада, Япония, Франция, Испания, Польша ж. б. өнүккөн өлкөлөрдө 12 жылдык; Германияда, Швецияда, Чехияда, Италияда — 13 жылдык, Голландияда — 14 жылдык жалпы орто билим берүү системасы киргизилген. 12 жылдык жалпы билим берүү Балтика боюндагы өлкөлөрдө, ошондой эле Молдовада, Украинада, Белоруста жана Өзбекстанда бар.

Кыргыз Республикасынын 12 жылдык билим берүүгө өтүшү билим берүүнүн жаңы улуттук моделин долбоорлоо боюнча стратегиялык маселени ийгиликтүү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

12 жылдык билим берүүгө каршы болгондор да бар, алар төмөндөгүдөй пикирлерин билдиришүүдө:

— финансылык каражаттын жана методикалык камсыздоонун жетишсиздигинен улам даяр эместиги;

— реформа окуучулардын жүктөмдөрүн азайтпастан, тескерисинче, аны көбөйтөт;

— азыркы предметтер үчүн убакытты бошотуу үчүн керексиз нерселерди алып салуу жетиштүү;

— 12 жылдык мектепке өтүүгө коом даяр эмес, ага өтүүнүн экономикалык негиздемеси да, социалдык прогнозу да, мыйзамдык базасы да жок;

— илимий-методикалык жана уюштуруучулук — башкаруу жагынан камсыз болгон эмес;

— бүтүрүүчүлөр 12-класска келгенде аскерге чакыруу убагы келип калат дешүүдө.

 

  1. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ АТА МЕКЕНДИК ТАЖРЫЙБА

ХХ кылымдын экинчи жарымында адамзат тарабынан топтолгон билимдин көлөмү ушунчалык чоң болуп, мектепте бала аны өздөштүрүүгө убактысы жетишпей калды. Мектепке окууга киргенде 6-7 жашта болуп, мектепти аяктаганда 18-19 жашта болот. Окуучу билим алган 10-11 окуу жылынын ичинде, алган билимдеринин бир бөлүгү эскирип калат. Ошол эле учурда окуу китептерине жазыла элек көптөгөн жаңы нерселер пайда болууда. Балага билимдин бардык көлөмүн жүктөө маанисиз болуп калды.

Индустриялаштыруу, коллективдештирүү жана маданий революция учурунда калыптанган, конвейердик билим берүүнүн «индустриалдык» модели Кыргызстанды, ХХ кылымдын 30-жылдарындагы сабатсыздыкты жоюу учурундагы башталгыч мектепте, андан ары жети жылдык, сегиз (тогуз) жылдык негизги жана (он жана он бир) толук орто мектепте окутуп, билимдүү элдердин бирине айландырды.

Анда төмөндөгүдөй ири ийгиликтерге жетишилди:

— кыска мөөнөттүн ичинде билим берүү массалык, акысыз, жеткиликтүү болуп калды;

— жалпы орто билим берүүгө өтүү аяктады;

— көп тармактуу билим берүү системасы, инфраструктурасы түзүлдү;

— кадрларды даярдоо милдети негизинен ийгиликтүу чечилди.

Бүгүнкү күндө, Кыргызстандагы советтик мектептин «индустриалдык» модели, эскирип, өзүнүн артыкчылыктарын жоготту.

Өлкөнүн билим берүү системасынын натыйжасыз экендигин төмөндөгүдөн байкоого болот:

— билим берүүнү экономикалык көз караштан алганда — натыйжасы төмөн, ачык эле чыгашалуу, максаттуу эмес, социалдык жактан дарексиз, негизинен коррупцияга дуушар болгон;

— жалпы билим берүүнүн мазмуну өтө эскирген жана ашыкча жүктөлгөн, илимге негизделген жана ийкемдүү эмес, турмуштун реалдуу керектөөлөрүнөн ажырап калган.

Эгемендиктин жылдарында позитивдүү тенденциялар да байкалды:

— билим берүү системасы негизинен сакталып калды;

— менчиктештирүү аракеттерине жол берилген жок;

— билим берүү системасынын типтеринин, окутуу моделдеринин вариативдүүлүгү реалдуулук болуп калды;

— окуу программаларынын, окуу китептеринин, окуу жайларынын бирдиктүүлүгүнөн, алардын көп түрдүүлүгүнө өтүү жүзөгө ашырылды;

— окуу жайлар көбүрөөк эркиндик алышты;

— рынок механизмдери иштей баштады;

— билим берүү продуктыларынын жана кызмат көрсөтүүнүн рыногу калыптана баштады, мамлекеттик эмес мектептер пайда болду.

— билим берүү тууралуу прогрессивдүү Мыйзамы кабыл алынды.

Ошол эле учурда негативдүү тенденциялар да байкалды:

— министрликте билим берүүнү өнүктүрүү боюнча терең ойлонулган стратегиялык саясат иштелип чыкпай, министрлер тез-тез алмашып, ошого жараша тактикалар да тез-тез алмашууда;

— бардык деңгээлдерде көп сандаган кайра куруулар, реформалоо боюнча баш аламан аракеттер жасалып жатат;

— билим берүү стандартынын талаптарын жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер аткарылбаган бойдон калып, аны аткарууга көңүл бурбастан, жаңы стандартты түзүү аракети көрүлүүдө;

— башкаруу чөйрөсүндө криминогендик зона кеңейүүдө (жогорку окуу жайларда окууда пара берүү, экспертизаларды жүргүзүүдөгү күмөндүү аракеттер, аттестациялар, аккредитациялар, лицензиялоо, конкурстар жана тендерлер, бирөөлөрдүн кызыкчылыктарын кадыр-колкосу менен коргоо);

— билим берүү системасы массалуулугун сактап калса да, толук акысыз, жеткиликтүүү болбой калды;

— Советтик доордо калыптанган жалпы орто билим берүүнүн да, педагогикалык билим берүүнүн да эскирген мазмуну толук жаңыланган жок;

— маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар жай ишке кирүүдө;

— коррупция, таза эмес конкуренция, мазмуну сапатсыз даярдалган окуу китептердин жана окуу куралдарынын санынын өсүшүнө алып келди;

— мугалимдерди даярдоону көзөмөлдөөнүн ишенимдүү системасынын жоктугу, мугалимдерди даярдоонун сапатын кыйла төмөндөтүп, билим берүүнүн кадыр-баркын төмөндөттү;

— натыйжасы төмөн реформалар, коомчулуктун «реформа» деген сөздү өтө терс кабыл алуусуна алып келди.

Жакынкы келечекте төмөндөгү иш-чаралар, бул проблемаларды чечүүгө мүмкүнчүлүк берет:

— билим берүүнү финансылык каражаттар менен инвестициялаган бардык жеке жана юридикалык тараптарга (ата мекендик жана чет өлкөлүк) салыктык жеңилдиктерди берүү;

— билим берүү чөйрөсүндө биргелешкен эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу;

— билим берүү чөйрөсүндө жана анын инфрастуруктураларында финансылык каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

— жаңы экономикалык механизмдерди (билим берүү мекемелерине кредит берүү, социалдык камсыздоо, жөндүү экономикалык демилгелерин колдоо ж.б.) иштеп чыгуу.

Бул булактарды толук деңгээлде бириктирүү үчүн мамлекеттик-коомдук, мамлекеттик-жеке менчиктин өнөктөштүктүн нормаларын жана принциптерин чагылдырган укуктук негиздерди түзүү талап кылынат.

Жашап турган системаны бюрократиядан арылтуу – башкаруунун жаңы системасына өтүүнүн зарыл шарты.

Бюрократиядан арылтуу деп төмөндөгүлөрдү түшүнөбүз:

— бүгүнкү күндө калыптанган башкаруу системасынын структурасын жана иштөө, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасынын принциптерин чечкиндүү кайра куруу, кадрларды конкурстук негизде тандоо;

— билим берүү системасында чечимдерди иштеп чыгууда жана кабыл алууга коомдук топтордун жана кесипчилик жамааттардын, окуучулардын катышуусун кыйла жогорулатуу.

Окумуштуулардын эсеби боюнча, мектеп программаларында сунуш кылынгандардын бардыгын окуп-үйрөнүү үчүн окуучуларга 167 жумасына саат керек болот экен, ал эми жумада болгону 168 саат бар. Окуучуларынын жарымынан көбү математика, физика, химия, биология боюнча программалык материалдардын 60%дан ашыгын өздөштүрө албайт. Мектептеги билим берүүнүн мазмуну ашыкча фактылар менен жүктөлгөн, олуттуу жалпы тарбиялык мааниси жок маалыматтарды камтыйт. Акыркы мезгилде улам жаңы курстарды киргизүү, окуучулардын окуу жүктөмүн бир топ көбөйтүп, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзбөй, алардын ден соолугуна, окуу мотивациясына терс таасирин тийгизүүдө.

Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгүндө улуттук аң-сезимдин деңгээли, турмуштук компетенттүүлүктөрү, социалдык өнүгүүсү, компьютердик сабаттуулугу, маалыматты иштеп чыгуу, чет тилдерди билүү деңгээлинин талапка толук жооп бербейт. Алган билимдери практикалык маселелерди чечүүгө, стандарттуу эмес жагдайларды талдоого жетишсиз.

 

  1. УЛУТТУН РУХАНИЙ НАРК-НАСИЛДЕРИ

Далай Лама XIV «XX кылымда согуштардан 200 миллиондон ашык адам набыт болду. Биздин билим берүүбүздө бир нерсе ордунда эмес экендиги, айдан ачык», деп айткан. Азыркы билим берүүнүн эмнеси «ордунда эмес» деген суроосуна, ал: «Биз акыл-эсти өнүктүргөндү үйрөнүп, жан-дүйнөсүн байыта алган жокпуз», деп жооп бериптир.

Көп жылдар бою, бала мектепте билим алган учурдагы өздөштүргөн билимдери, адеп-ахлактуулуктун жана жарандык аң-сезимдин деңгээлинин жогорулашына алып келет деп эсептелип келген. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштун окуялары, концлагерлердин үрөй учурган окуялары, татаал кыйноолор, атомдук согуш коркунучунун күчөшү — билим менен адептик прогресстин ортосунда түз байланыш жок экенин көрсөтүп турат. Френенин пикири боюнча, балдарга: сылык жана тил алчаак, кең пейил жана элпек бол, жолдошторуңа жакшы мамиле кыл, мугалимдерди сыйла, ж.б., салттуу насааттарды тынымсыз кайталоо таптакыр пайдасыз, ал тургай зыяндуу. Чыныгы адеп-ахлактык жүрүм-турумга «жашоо өзү» гана, б.а. баланын конкреттүү тажрыйбасы үйрөтө алат.

Биздин руханий нарк-насилибиз жана адеп-ахлагыбыз – үч миң жылдык тарыхый өнүгүү мезгилинде калыптанган, кыргыз маданиятында: тилде жана фольклордо, элдик үрп-адаттарда, рухий-маданий эстеликтерде. Улуттук маданиятты, тилди, сөз өнөрүн коргоо боюнча чечкиндүү чаралар жүргүзүлүүгө тийиш. Улуттук тилди булгоого, тексттердеги жана чыгып сүйлөөдөгү сабатсыздыкка, лексикалык нормаларды бузууга жол берүүгө болбойт. Билим берүү программаларында кыргыз тилинин жана сөз өнөрүнүн, Кыргызстандын тарыхынын жана географиясынын ролун жогорулатуу керек. Мектептик жана коомдук китепканаларды колдоо чоң мааниге ээ. Кыргызстан элинин, башка өлкөлөрдүн жана элдердин маданиятынын үлгүлөрүнө урматтоо, ачыктык, кабылдоочулук сезимдерин калыптандыруу зарыл. Өлкөдө «жакшы иштерди» жасаган адамдарды урматтоо жана жаман жүрүш-туруштарды жана көрүнүштөрдү сынга алуу сезимдерин калыптандыруу зарыл.

Билим берүү системасын модернизациялоонун башкы милдеттеринин бири – инсандын интеллектуалдык жана нарк-насилге жана адеп-ахлакка, жүрүш-туруш нормаларына негизделген, жоопкерчиликтүү, эмгекчил, билимдүү, турмуштук өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашкан, Кыргыз жаранын калыптандырууга багытталган мектептик билим берүүнүн жаңы моделин иштеп чыгуу керек.

Кыргыз Жаранын калыптандыруу, төмөндөгүлөрдү болжолдойт:

а) укуктук аң-сезимди, коомдогу турмуштук нормаларды, Мыйзамды урматтоо сезимдерин калыптандыруу;

б) эл байлыгын сактоо, ата-бабаларыбыздын мурастарын сактоо жоопкерчилиги;

в) Мекенди коргоо жана анын гүлдөп өнүгүшүнө жоопкерчиликти калыптандыруу.

  1. БИЛИМ БЕРҮҮНҮ МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО САЯСАТЫ

Бүгүнкү билим берүү системасына терең анализ жүргүзүп, келечектеги коомду өзгөртө ала тургандай билим берүү системасын түзүү милдети турат. Реформалар билим берүү системасын структуралык кайра курууну, окуу-тарбия иштеринин мазмунун жана методдорун жаңылоону, билим берүү менен эмгек дүйнөсүнүн ортосундагы байланыштын жаңы формаларын орнотууну карайт. Ал өлкөнүн азыркы билим берүү системасын өлкөнүн келечектеги талаптарына ылайык, жаңы сапаттык деңгээлге жетишүүгө алып келүү дегенди билдирет.

Билим берүү системасы көбүнчө эң консервативдүү социалдык институт деп аталат жана аны бүтүндөй реформалоо өтө кымбатка турат, андагы кетирилген катачылыктар коомдогу «тең салмактуулукту» бузушу мүмкүн. Ошондуктан, алгач бул системанын «акупунктуралык же активдүү жерлерин» таап, андан кийин, кичинекей аракеттер менен максималдуу натыйжаларга жетүү мүмкүн.

Билим берүү, өлкөнүн:

— улуттук коопсуздугунун фактору;

— экономикалык жана социалдык өнүгүүгө шарт түзгөн, артыкчылыктуу багыт катары кароо керек.

Колдо болгон интеллектуалдык, финансылык, материалдык ресурстарды чечүүчү багыттарга кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен экономикалык өсүштү камсыз кылуу.

Билим берүү тармагындагы жаңы саясаттын башкы максаты – кыргыз элинин нарк-насилдерин, адеп-ахлактык нормаларын жаңы шарттарга ылайыктоо.

Ал төмөндөгү максаттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берет:

— экономикалык өсүштүн негизин түзгөн адамдык, интеллектуалдык ресурстарды мобилизациялоого;

— мамлекеттик жана коомдук институттардын натыйжалуу кызматташтыгын жөнгө салууга;

— өндүрүштүн негизги тармактарын жогорку технологиянын негизинде модернизациялоого.

Бүгүн бизге мектептик билим берүүнү жөн гана «реформалап коюу» жетишсиз. Азыркы учурдагы билим берүү тармагын реформалоо эмес, модернизациялоо керек. Реформа — кайра куруу же форманы өзгөртүү. Модернизация — билим берүү тармагын заман талабына ылайык өзгөртүү. Билим берүүнү комплекстүү, терең модернизациялоо — азыркы этаптагы билим берүү саясатынын стратегиялык багыты.

Технологиянын өнүгүшүнүн аркасында жакынкы 10 жылда дүйнөдө 2 миллиардга жакын салттуу жумуш орундары бош болуп, алардын ордуна жаңылары келет. Ошондуктан, өлкөнүн билим берүү системасы жаңы тенденцияларды өз убагында байкап,  мектеп окуучуларын дагы эле белгисиз технологиялык өнүккөн дүйнөгө кирүүгө даярдоо милдети турат.

Экономикадагы, техникадагы жана илимдеги, коомдук мамилелердеги жана коомдук аң-сезимдеги терең өзгөрүүлөр, өлкөнүн келечектеги элитасын даярдоо милдети, ошондой эле мектеп системасынын ар кандай бөлүктөрүнүн жаңы функциялары жалпы билим берүүнүн мазмунун терең модернизациялоону талап кылды.

Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана толук орто билим берүү системасы:

— бул системалар эң эле массалуу;

— бул балдардын жашоосунун өтө эле жооптуу мезгили;

— жалпы билим берүү — кесиптик жана тынымсыз билим берүү системасынын фундаменти.

Билим берүүнү модернизациялоонун максаттары:

— билим берүү системасын өлкөдөгү социалдык-экономикалык проблемаларды, биринчи кезекте, кадрдык проблемаларды чечүүгө багыттоо;

— мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын үлгүлөрүндө тарбиялоо;

— азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө өз жолун таап жана өз алдынча чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү;

— билим берүүнүн сапатын жана анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

— инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө, алардын табигый чыгармачылык потенциалынын ачылышына көмөктөшүү;

— практикалык кырдаалдарды системалуу кабылдоону калыптандыруу, окуучунун өзүнчө окуу предметтерин өздөштүрүү учурунда топтолгон чачкын окуу тажрыйбасын жалпы иш-аракет менен байланышта жалпылоо;

— турмуштук кырдаалдарда аракеттенүү жана айрым маселелерди өз алдынча чечүү жөндөмдүүлүгүн баалоого багытталган тапшырмаларды иштеп чыгуу;

— билим берүү системасындагы окутуучулардын жана окуучулардын татыктуу жашоосун жана кесиптик чеберчилигинин өсүшүн камсыз кылуу.

Билим берүү системасын модернизациялоо акырындап, эволюциялык жол менен жүрүүчү процесс.

Билим берүүнү модернизациялоо саясаты төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруудан көрүнөт:

— кырдаалга жараша чечим кабыл алуу менен чектелбей, ага билим берүүнүн проблемалары менен алектенген өлкөнүн мыкты күчтөрүн тартып, дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды сиңирип алып, иш-аракеттердин узак мөөнөттүү программасын иштеп чыгуу;

— билим берүүдөгү кайра курууларды, билим берүү мекемелери менен менен чектебей, аны жогорку мамлекеттик деңгээлде болуп, коомчулуктун катышуусу жүрүүсү керек;

— билим берүүнү каржылоонун калдыктык принцибинен, толук ыңгайлуулукту түзүү принцибине өтүү.

Билим берүүдөгү жаңы саясат инсандын кызыкчылыктарын башкы орунга коюп, тең мүмкүнчүлүктөр принцибин, сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгү принцибин сактоого негизденет.

 

  1. ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАЗМУНУН ЖАҢЫЛООНУН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Биздин доордо жалпы билим берүүнүн мазмуну терең карама-каршылыктарга дуушар болууда:

— бардык окуучуларды стандартташтырылган окутуу менен алардын жеке кызыкчылыктарынын жана жөндөмдүүлүктөрүнүн ортосунда;

— илимдин логикасынын такай татаалдашы менен мектеп окуучуларынын таанып-билүү мүмкүнчүктөрүнүн ортосунда;

— окутууну адистештирүү тенденциялары менен инсанды ар тараптуу өнүктүрүү милдеттеринин ортосунда;

— мектепте үстөмдүк кылган репродуктивдүү ишмердүүлүк менен коомдун чыгармачылык жөндөмдүүлүгү өнүккөн адамдарга муктаждыгынын ортосунда.

Бул карама-каршылыктар глобалдуу мүнөзгө ээ жана ар кайсы өлкөлөр аларды чечүүнүн жолдорун активдүү издөөдө. Мектептик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо кыргыз мектебинин оң жетишкендиктерине таянып, коомдук өнүгүүнүн азыркы тенденцияларына ылайык, олуттуу өзгөрүүлөрдү камсыз кылат.

12 жылдык мектептин билим берүүнүн мазмунун модернизациялоонун негизги принциптери төмөнкүлөр:

— билим берүүнүн мазмунун педагогикалык-психологиялык тандоонун жана жогорку класстарга татаалыраак материалдарды берүүнүн эсебинен негизги мектепте окуу жүктөмүн кыскартууну камсыз кылуу;

— билим берүү системасы билимдин санына эмес, анын сапатына, окуучунун материалды түшүнүүсүнө багыттоо;

— билим берүүнүн ар бир этабында окуучуларга физикалык, интеллектуалдык, руханий, адеп-ахлактык, эстетикалык, коммуникативдик жана технологиялык тарбия берүүнү камсыз кылуучу адамзат маданиятынын бардык аспектилерин билим берүүнүн мазмунунда чагылдыруу;

— алынган билимдерди жаңы кырдаалдарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган билим берүүнүн мазмунун түзүү;

— окуучулардын жеке жөндөмдүүлүктөрүн, алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен билимин индивидуалдаштыруу;

— билим берүүнүн мазмунун курактык мезгилге бөлүштүрүү жана алардын окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө дал келтирүү;

— окуучулардын дүйнө жөнүндөгү идеяларынын бүтүндүгүн камсыз кылууга багытталган билим берүүнүн мазмунун интеграциялоо;

— окуучулардын билим берүү багыттарын жана предметтерин үйрөнүү деңгээлин жана багытын тандоо шарты катары билим берүүнүн мазмунун профилдештирүү жана дифференциялоо;

— билим берүү чөйрөсү катары ар кандай кошумча маалымат массивдерин жана окуу материалдарынын башка булактарын пайдаланууну караган билим берүүнүн мазмунунун ачыктыгы.

Жалпы билим берүүнүн мазмуну фундаменталдуулуктун, илимий жана билимдердин системалуулугунун, алардын инсандын социалдык өнүгүүсү үчүн баалуулугунун, мектептик билим берүүнү гумандаштыруунун жана демократиялаштыруунун, көп маданияттуулук идеяларынын, этностордун өз ара урматтоосунун негизинде, мектептин светтик мүнөзү менен аныкталат.

Мазмунду тандоодо жеткиликтүүлүгү, илимий мүнөзү, үзгүлтүксүздүгү жана келечектүүлүгү, практикалык мааниси, инсандын жалпы маданий, илимий, технологиялык өнүгүүсүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү, билим берүүнү индивидуалдаштыруу, дифференциялоо эске алынат. Кыргыз таануу багыты менен аныкталган мектеп билиминин мазмуну кыргыз тилин, кыргыз адабиятын, Кыргызстан тарыхын, Кыргызстан географиясын, Кыргызстан көркөм маданиятын, ошондой эле башка окуу предметтеринин мазмунунда кыргыз таануу материалдарын окуп-үйрөнүүнү камтуу аркылуу камсыз кылынат.

Мазмуну көп компоненттүү, бирок даяр маалыматтын үлүшү бир топ азайып, маалыматты алуу, иштетүү, өз алдынча, чыгармачылыкта тажрыйба алуу көндүмдөрүнүн ролу жогорулайт. Анын баштапкы негизин инварианттык жана вариативдик компоненттерди камтыган базалык окуу планы түзөт.

Инварианттык компонент бардык окуучулардын жалпы маданий, жалпы илимий-техникалык (эмгектик) даярдыгын аныктап, аларды жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктар менен тааныштырат. 12 жылдык мектептин инварианттык компоненти: тил жана адабият, социалдык, көркөм маданият (же искусство) жана технология, табият таануу, математика, информатика, дене тарбия жана саламаттыктын негиздери аркылуу ишке ашырылат. Алар адамдын ишмердүүлүгүнүн структурасына туура келип, адам, жаратылыш, коом, илим, маданият, өндүрүш жөнүндө билимдерди камтып, окуучуларга кесип тандоо жана үзгүлтүксүз билим алуу үчүн жетиштүү, жалпы билим берүүчү даярдыктын деңгээлинде дүйнөгө бирдиктүү көз карашты калыптандыруу үчүн мазмундук негиз болуп саналат.

Вариативдик компонент аймактык жана мектептик блокторду камтыйт. Түрдүү аймактардын табигый, социалдык-маданий өзгөчөлүктөрүн, тигил же бул мектептин иш шарттарын, окуучулардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка топтогу балдардын өзгөчөлүктөрүн жана кызыкчылыктарын эсепке алган билим берүү системасын калыптандыруу үчүн дифференциялоого, индивидуалдаштырууга, ал эми толук орто мектепте билим берүүнү профилдештирүүгө, өбөлгөлөрдү түзөт. Мектептик билим берүүнүн мазмунунда вариативдик компоненттин ролу бара-бара өсөт. Башталгыч мектепте окуу убактысынын 8-10%, негизги мектепте 15-20%, толук орто мектепте 35%дан ашыгы бөлүнөт.

12 жылдык мектепке өтүүнүн татаалдыгын жана этаптуулугун эске алуу менен ар бир деңгээл үчүн өзүнчө Базалык окуу планы бекитилет, бул алардын функцияларын так эсепке алууга мүмкүндүк берет. Келечекке багытталган билим, эки принципке: тез өсүп жаткан маалыматтардын агымына ылдам багыт алуу жана керектүүлөрүн табуу, алынган маалыматтарды иштеп чыгып, колдоно алуу ыктарына басым жасалышы керек.

Билим берүүнүн жаңы мазмунун иштеп чыгуунун методологиялык негизин жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктар, баланын азыркы жана келечектеги кызыкчылыктары түзөт. Окуучулардын мээсинде топтогон маалыматтарды, башка предметтерди үйрөнүүгө колдоно билүүгө үйрөтүү керек. Мектептик программаларды жана окуу китептерди өтө эле теориялашкан жана турмуш менен байланышаган материалдардан бошотуу керек. Келечектеги дүйнөдө жашай турган муундар үчүн чыгармачыл жана сынчыл ойлом, өз алдынча билим алууга жөндөмдүүлүк сыяктуу көндүмдөрдүн болушу талап кылынат. Коммуникативдик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө көбүрөөк көңүл буруу зарыл.

Мугалим адегенде окуу китебиндеги материалды түшүндүрүп, андан соң балдарды бирден доскага чакырган сабактарды өткөрүүнүн кадимки моделинен баш тартууга убакыт жетти. Эми мугалим билим булагынан класстын модераторуна же фасилитаторуна айланууга жана балдар өз алдынча долбоорлорду бүтүрүүгө көңүл бурууга тийиш.

Азыркы мезгилде Кыргызстанда да, дүйнө жүзүндө да билим берүүнүн мазмунун түзүү боюнча даяр сунуштар (жолдор) жок. Ошондуктан, олуттуу илимий иштелмелер жана аларды окутуунун практикасында эксперименталдык текшерүү, окуу процессин уюштуруунун жаңы технологияларын жана формаларын издөө, колдо болгон тажрыйбаны (ошонун ичинде, чет өлкөлүк) анализдөө зарыл.

  1. МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ СТАНДАРТТАШТЫРУУ ЖАНА ДИФФЕРЕНЦИЯЛОО МАСЕЛЕЛЕРИ.

Азыркы шартта мектептердин жана окуу предметтеринин көп түрдүүлүгү жаңы стандарттарды иштеп чыгууну актуалдуу кылат. Алар толук кандуу билим алуу үчүн жетиштүү болгон мектеп программасынын мазмунуна талаптарды иштеп чыгып, ошол эле учурда айрым окуу жайлардагы билим берүүнүн мазмунундагы вариативдүүлүктү камсыз кылууга тийиш. Стандарттар өлкөнүн калкын баш коштурууга, жалпылык сезимди калыптандырууга, руханий жана жалпы жарандык иденттүүлүктөрүн аңдоого, акырында мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоого өбөлгө түзөт.

Мектеп окуучуларынын стандарттуу эмес ой жүгүртүүсүн, көйгөйлөрдү чечүүгө стандарттуу эмес, оригиналдуу мамилесин өнүктүрүүгө түрткү берүү зарыл. Ошондуктан, билим берүү стандарттарында вариативдик окуу пландарынын кеңири чөйрөсүн сактоо менен билимдердин жана көндүмдөрдүн минималдуу гана көлөмүн бекитүү керек.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги билим берүүнүн адистештирилиши окуучулардын кызыкчылыктарына жана жалпы кругозоруна коркунуч туудуруп, алардын интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнүн бир жактуулугуна алып келет. Гуманитардык предметтердин материалдарын, табигый-математикалык багыттар үчүн кыскартуу, жаштардын жалпы маданий деңгээлине жана инсандын адеп-ахлактык сапаттарынын калыптанышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай адистештирүү менен орто мектептин жогорку класстары иш жүзүндө жалпы билим берүүчү мүнөзүн жоготуп, жогорку окуу жайлардын тиешелүү факультеттеринин кандайдыр бир пропедевтикалык курстарына айланып калат.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги адистештирилген бөлүмдөрдүн ортосунда окуучуларды бөлүштүрүү көбүнчө жөндөмдүүлүгүнө жараша эмес, тескерисинче, «жөндөмсүздүгүнө» жараша болоорун эске алуу керек. Жаштардын белгилүү бир бөлүгү гуманитардык окуу багытты бул илимдерге жөндөмдүүлүгүнө жараша эмес, математика жана физикадан корккондуктан тандап алат. Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө терең тамыр жайган салттардан улам көпчүлүк кыздар билим берүүнүн гуманитардык профилин тандашат. Алар кийин адистештирилген кадрларды даярдоо системасында диспропорцияларга алып келет жана эмгек рыногундагы кырдаалды курчутат.

Негизи дифференцияланган билим берүү системасы өндүрүштүн өнүгүшүнөн озуп кетиши керек, анткени билим берүүнүн маанилүү функцияларынын бири — келечектин жумушчуларын даярдоо болуп саналат. Бирок жалпы билим берүүчү мектептердеги окутууну дифференциациялоонун колдонулуп жаткан системасы коомдук өндүрүштөн озуп кетмек тургай, кайра артта калууда. Жогорку технологиялык өндүрүш өнүгүп, интеллектуалдык эмгектин үлүшүнүн көбөйүп, коомдук турмуштун формаларынын татаалдоодо.

Окуу планынын предметтик курулушу окуучунун аң-сезиминде айрым предметтерди өздөштүрүүдөгү алган билим, билгичтик жана көндүмдөрүнүн обочолонуп калуу коркунучун жаратып, дүйнөнүн бирдиктүү сүрөтүн түзүүнү кыйындатуудт. Ошол эле учурда, атаандаштык күчөп, айрым предметтер боюнча бөлүнгөн окуу сааттардын көбөйүшүнө же азайышына алып келүүдө.

Мектеп жетекчилиги өткөн кылымдан бери калыптанып калган салттуу практикага басым жасап, башталгыч билим берүүнүн мазмунун жаңылоо проблемасына акыркы убакка чейин анча маани бербей келген. Азыр мектептеги окуунун биринчи этабынын өзгөчө мааниси жөнүндөгү тезис барган сайын кеңири таанылууда, анткени бул жерде инсандын интеллектуалдык көндүмдөрү, элементардык практикалык билгичтиктери, адеп-ахлактык сапаттары интенсивдүү калыптана баштайт. Ушундан улам башталгыч мектепте билим берүүнүн мазмунуна көңүл буруу жана окуу-тарбия иштеринин жаңы принциптерин издөө күчөдү.

Мындай кооптонуулардын негиздүүлүгүн дүйнөлүк тажрыйба тастыктады. 60-70-жылдары АКШда, Францияда, Улуу Британияда иштелип чыккан программалардын максаты, математика илиминин азыркы деңгээли менен мектептик салттуу математика курсунун ортосундагы ажырымды кыскартуу керек болчу. Белгилүү бир деңгээлде бул максат ишке ашты. Бирок программалардын түзүүчүлөрү — модернисттер — аларды өтө татаалдатуу жолуна түшүштү.

Натыйжада бул курстарды окууда олуттуу кыйынчылыктарды мектеп окуучулары гана эмес, атайын кайра даярдоодон өтпөгөн мугалимдер да баштан кечиришти. 80-90-жылдардын башында, дээрлик бардык Батыш өлкөлөрү математика боюнча жаңы мектеп программаларын иштеп чыгышкан. АКШда алар «Негиздерге кайтуу» деген ураан астында түзүлгөн. Батыш Европада мектеп математикасы да модернизмдин ашынган чегинен арылууда. Бизде алар дагы эле өзгөрүүсүз калууда.

 

  1. ОКУУ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ.

Мектептик билим берүүнүн жеке инсанга багытталган багытталган системасы билим берүү процессин психологиялаштырууну, ишенимдүү диагностикалык негизге таянууну талап кылат. Азыркы мектеп диагностиканы тандалма эмес, стимулдаштыруучу, коштоп жүрүүчү, педагогикалык жактан ылайыктуу чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн негиз катары колдонууга тийиш. Мындай диагностика баланын кызыкчылыгына кызмат кылат жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу көрсөткүчтөр боюнча классты комплектилөө ишин жеңилдетет.

Жеке инсанга багытталган окутуунун негизги өзгөчөлүктөрү методдордун көп варианттуулугу, ар кандай татаалдык деңгээлинде бир эле учурда окутууну уюштуруу мүмкүнчүлүгү, баланын инсандык баалуулугун жана кадыр-баркын бардык каражаттар менен ырастоо болуп саналат.

Билим берүү системасын маалыматташтыруунун, аралыктан окутуунун, Интернет аркылуу алакалашуунун мааниси абдан чоң. Компьютерлер жана маалыматтык технологиялар маалыматтардын абдан зор массиви менен иштөө, аларды ылгоо үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүдө. Бул билим берүүнүн мазмунун жана окутуу методдорун жаңылоого, билимдин натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Башка өлкөлөрдөн жаңы маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн ылдамдыганан артта калуу:

— бул экономикалык жана социалдык өнүгүүдө артта калуу дегендик;

— маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар аралыктан билим берүүнү өнүктүрүүгө шарт түзүп, жашаган жерине карабастан, кесиптик жана жалпы билим деңгэлин жогорулатууга көмөктөшөт.

Маалыматташтыруу:

— маалыматтын ылдамдыгынын, көлөмүнүн кескин өсүшүнүн, анын сапатын жогорулатуунун негизи;

— дискуссияларды уюштуруунун каражаты, кесиптик жамааттардын ортосундагы алака-мамилелерди жөнгө салуу жолу.

Билим берүүнүн өнүгүшүнүн жалпы дүйнөлүк тенденцияларын жана интернет-технологиялардын сапаттык секиригин эсепке алуу менен, өзгөчө жогорку класстарда аралыктан же электрондук окутууну киргизүү зарылдыгы пайда болду. Мындай билим берүү шаарларда эле эмес, айыл-кыштактарды да камтууга болот.

 Билим берүү тармагы чыныгы революциялык өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Келечектеги мектептер азыркы мектептерден түп-тамырынан бери айырмаланат. Окутуунун жаңы формасы жогорку класстардын окуучулары үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эгерде азыркы мектепте окуучулар сабакты бирдей темпте окушса, онлайн-окутууда ар кимиси өз алдынча болуп, жеке кызыкчылыктарын жана тандоолорун эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Окуучулар кесипкөй педагогдор тарабынан иштелип чыккан окуу материалдар менен, өз алдынча даярдыктан өтүшөт. Натыйжада, окуу бирөөлөр мажбурлабаган, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү иш болуп, кошумча репетиторлорду жалдоо зарылдыгы жок болот.

Бул билим берүү комплекстерин кармап туруу үчүн жумшалган көп каражатты натыжалуу пайдаланууга, үнөмдөлгөн каражаттарды билим берүүнү андан ары өнүктүрүүгө жумшоого болот. Азыркы заңгыраган имараттардын ордуна заманбап коммуникациялык техника менен жабдылган, анча чоң эмес окуу класстары болуп, анда келечектеги окутуучулар түрдүү интернет технологиялардын, жасалма интелекттин жардамы менен, окуучуларга көпчүлүк предметтер боюнча онлайн-сабак өткөрөт. Окуучулар өз шаарындагы же айылындагы мугалимден эле эмес, республиканын бардык жеринен, ал гана эмес чет өлкөлөрдөн да онлайн-сабак алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Окуучулардын иштерин жасалма интеллект текшерип, мугалимдер оозеки экзамендерди алып, кеңеш беришет. Мындай кадамдын мамлекет үчүн да, ата-эне жана окуучу үчүн да экономикалык жактан натыйжалуулугу абдан жогору болот.

Биз мындай системага, окутуунун ыргагын бузбастан, бардык артыкчылыктарына жана жетишпегендиктерине көңүл буруу, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эсепке алуу менен акырындап өтүүбүз керек.

  1. 7. ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРУКТУРАСЫ.

Кыргызстанда жалпы билим берүү системасы үч баскычтан: 1-баскыч — башталгыч мектеп (төрт жыл); 2-баскыч — негизги жалпы билим берүүчү мектеп (беш жыл); 3-баскыч – толук орто мектеп (эки жыл) турат. Азыркы учурда 1-класска 6 — 7 жаштан кабыл алынат. Негизги мектепти аяктоо 3-баскычтан билим алууга укук берет. Окуу жылы 34 жумадан турат.

Жалпы билим берүүнүн структурасы башталгыч мектептен, негизги (Кыргызстан —негизги мектеп, АКШ, Кытай, Япония — кенже орто мектеп, Англия — бирдиктүү мектеп, Германия – жалпы мектеп, Франция — коллеж) жана толук орто мектептен турат. Башталгыч жана толук эмес орто мектепти аяктагандан кийин, башталгыч жана орто кесиптик окуу жайлардан, ошондой эле, аяктоочу же толук орто билим берүүчү мектептерде окуй алышат. Аяктоочу мектепте: толук орто мектеп (Кыргызстан); жогорку орто мектеп (АКШ, Кытай, Япония); грамматикалык жана азыркы мектеп (Англия); гимназия, реалдык училище, негизги мектеп (Германия); жалпы билим берүүчү жана кесиптик (Франция), билим университетке же техникалык ЖОЖко окууга даярдык көрүүгө жана окууга багытталат.

Ар кайсы өлкөлөрдүн мектеп мыйзамдарында жана педагогикалык документтеринде орто билим берүү термини ар кандай түшүнүлөт. Биз ЮНЕСКОнун аныктамасы боюнча: орто билим берүү башталгыч жана жогорку билимдин ортосунда жайгашкан. Ага көпчүлүк өлкөлөрдө 11-12 жана 17-18 жаштагы окуучулар кирет. Билим берүү системаларынын эл аралык классификациясына ылайык, Японияда орто мектеп алты жылдык, Францияда жети жылдык, Италияда сегиз жылдык, Германияда тогуз жыл.

Дээрлик бардык жерде жалпы орто билим берүү эки циклге бөлүнөт жана 2+3 же 3+3, же 3+4, же 4+2, же 5+2 ж.б. системалар боюнча курулат. Биринчи цикл толук эмес орто мектептерден турат. Алардын бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларына же кесиптик окуу жайларына тапшырат, же түз эле эмгек ишмердигине кире алышат.

Азыркы 11 жылдык билимдин структурасына мектепке даярдоо классын 1-класс деп атоо менен башталгыч мектепке кошуп: 5+5+2=12 схема боюнча 12 жылдык жалпы билим берүүгө өтүү сунуш кылынууда.

Биз Кыргызстанда үч деңгээлдүү 12 жылдык жалпы билим берүүнүн баскычтарын: 6+3+3=12 структурасын киргизүүнү сунуш кылабыз. Ага: 6 жылдык башталгыч мектеп, 3 жылдык жалпы билим берүүчү мектеп, 3 жылдык толук орто мектеп кирет. Балдар окуусун 6 жаштан баштап, 18 жашка чейин аяктайт. Орто билим берүү милдеттүү негизги орто мектептен жана милдеттүү эмес жогорку орто мектептен турат.

XX кылымдын экинчи жарымында дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө жалпы билим берүү системасын реформалоо жүрдү. Дүйнөнүн өнүккөн 46 өлкөсүнүн 34 өлкөсүндө жалпы билим берүүчү мектептин үч деңгээли (6+3+3) бөлүнүп, 6 жаштан окуй баштайт

Аларда орто билим берүү төмөнкүдөй баскычтардан турат:

  1. башталгыч мектеп — 1-VI класстар;
  2. негизги мектеп — VII-IX класстар;
  3. орто мектеп — X—XII класстар.

7.1. МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ

Өмүр бою билим берүү системасында мектепке чейинки билим берүү уюмдары барган сайын көрүнүктүү орунду ээлөөдө. XXI кылымдын башында 3-4 жаштан 11-12 жашка чейинки балдар үчүн билим берүүнүн бирдиктүү башталгыч деңгээли түзүлө турган долбоорлор иштелип жатат.

7.2. БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮ

Жалпы башталгыч билим берүү — баланын өнүгүүсүндөгү маанилүү баскыч, мында анын таанып билүү жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү, кызыгуулары активдүү калыптанат. Башталгыч мектеп — жалпы билим берүүчү орто мектептин I баскычы.

Башталгыч мектепке ошол жылдын 1-сентябрына чейин 6 жашка толгон жана медициналык-психологиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча системалуу окууга каршы көрсөтмөсү жок балдар катыша алат. Ар бир бала мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде же үй-бүлөдө тийиштүү даярдыктан өтүшү керек. Башталгыч мектеп мектепке чейинки мезгилди улантып, баланын инсандык сапаттарынын андан ары өнүгүшүн, анын интеллектуалдык, физикалык, социалдык өнүгүүсүн камсыз кылат. Башталгыч класстарда жалпы билим берүү, өнүктүрүү, тарбиялоо жана эс алуу функциялары артыкчылыктуу болуп саналат.

Мектептин бул баскычынын билим берүү натыйжасы болуп толук кандуу сүйлөө, окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн калыптандырууга өзгөчө басым жасалат. Башталгыч мектепте математикалык сабаттуулуктун алгачкы көндүмдөрү түптөлөт. Буга кошумча компьютердик сабаттуулуктун пайдубалы түптөлүшү керек. Мектептин ушул этабындагы окуу предметтери жаратылыш, коом, адам жана анын эмгеги жөнүндө алгачкы түшүнүктөрүн калыптандырган интеграцияланган курстардын мүнөзүнө ээ болушу керек.

Ошондой эле башталгыч мектепте окуу жана жазуу көндүмдөрүн калыптандырууга жана өнүктүрүүгө мамлекеттик тилде гана эмес, расмий жана каалаган чет тилдеринде (тандоо боюнча) артыкчылык берилиши керектигин дагы билишибиз керек.

Башталгыч мектепте дене тарбияга, кыймылдуу оюндарга чоң орун берилет. Башталгыч мектеп балдарды эмгекке, ар кандай материалдарды жана шаймандарды колдонууга, эмгек аркылуу байкоо жүргүзүүгө, өз алдынча ойлонууга жана аракеттенүүгө үйрөтүшү керек. Башталгыч мектепте балдардын билимин жашоосунун кийинки баскычтарында улантууга мүмкүндүк берүүчү компетенттүүлүктөр калыптандырылышы керек.

Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн коррекциялык жардам көрсөтүү системасы класстык жамааттан бөлүнбөстөн уюштурулушу мүмкүн. Бул окуучулардын психикалык өнүгүүсүнүн түрүн жана темптерин эске алуу менен ыңгайлуу шарттарда айрым предметтерди параллелдүү окууну камсыз кылуу аркылуу жетишүүгө болот.

Мугалимдер катуу адистешткен: 1-класстын мугалими өмүр бою 1-класстын, 4-класстын мугалими 4-класстын балдарын гана окутууну сунуш кылабыз.

7.3. НЕГИЗГИ ОРТО ЖЕ ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ

Негизги мектеп негизги жалпы орто билим берет, бардык мектеп окуучулары үчүн жалпы билим берүүнүн негизи болуп саналат, аларда андан аркы билим берүүнүн формасын жана билим берүүнүн профилин тандоого жана ишке ашырууга даярдыгын калыптандырат. Сергек жашоо образын калыптандырууга, укуктук жана экологиялык билим берүүгө чоң маани берилет. Негизги мектепти аяктагандан кийин, окуучулар практикалык деңгээлде мамлекеттик тилди, рамий тилди, жок дегенде, бир чет тилин жакшы өздөштүрүшү жана компьютерди колдоно билиши керек.

7-9-класстарда окуучулардын таанып-билүү кызыгуулары туруктуу болуп, окуунун жаңы, жетишээрлик күчтүү мотивдери пайда болуп, өзүн-өзү жана чөйрөнү баалоонун критерийлери өзгөрөт, окуу ишмердигинин натыйжалуу ыкмаларына ээ болуп, анын эрки жана мүнөзү калыптанып, бейформал баарлашууга жана лидерликке умтулуу күчөйт. Дал ушул мезгилде илимдин негиздерин системалуу түрдө үйрөнүү башталып, билим берүүнүн мазмунунда теориялык билимдердин ролу, окуучулардын таанып билүү кызыкчылыктары жогорулайт.

Мектептер окуучуларды экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө, ар кандай кесиптерге жана мобилдик окуу жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болууга, мүмкүн болгон технологиялык жетишкендиктерге жана жергиликтүү жана глобалдык көйгөйлөр пайда болгон учурда чукул чечимдерди таба билүүгө даярдашы керек.

7.4. ТОЛУК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ

Толук орто билим берүүчү мектеп — бул окуучулардын демилгесин жана чыгармачылыгын көрсөтүү үчүн ыңгайлуу чөйрө. Бул баскычтагы окутуу профилдик билим берүүнүн негизинде жүргүзүлөт. Ал окуучуларга белгилүү бир адистик боюнча материалдарды изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөлүүгө, кызыкчылыктарын толугу менен эске алууга, алардын жөндөмдүүлүктөрүн ачууга жана кесиптик өзүн-өзү аныктоо үчүн шарт түзүүгө мүмкүндүк берет.

Материалдык-техникалык абалды, кадрдык потенциалды жана окуу-методикалык камсыз кылууну эске алуу менен профилдик билим берүүнүн төмөнкүдөй уюштуруу формалары каралган:

  1. Монопрофилдик мектеп — билим берүүнүн бир профилин ишке ашыруу.
  2. Полипрофилдик мектеп — билим берүүнүн бир нече профилдерин ишке ашыруу.
  3. Жалпы билим берүүчү мектептеги, гимназиядагы, лицейдеги, таланттуу балдар үчүн адистештирилген мектептеги профилдик класстар.

Мектептин иштөө шарттарына жараша билим берүү профили бүткүл окуу жайдын алкагында да, ошондой эле айрым класстарда же окуучулардын топторунда окутуунун тандалган профилин эске алуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мектептерде жалпы профилдик билим берүүчү класстардын болушу да мүмкүн.

Параллелдүү класстар жок айылдык мектептерде атайын билим берүүнү уюштурууга мүмкүнчүлүктөр алда канча аз. Айыл жергесинде мектеп алдындагы интернат тибинде таяныч орто мектепти түзүү, таланттуу жаштарга дистанттык адистештирилген билим берүүнүн ар кандай формаларын жайылтуу келечектүү болуп саналат.

 

7.5. КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ

Кошумча билим берүү бирдиктүү билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана бүткүл жашоосунда адамды коштоп жүрөт. Балдардын бош убактысындагы максаттуу иш аракеттер менен алектениши алардын мүнөзүн жана эркин калыптандырат, толеранттуулугун, өз теңдүүлөрдү жана улууларды сыйлоого тарбиялайт, ден-соолугун чыңдайт, чыгармачылык мейкиндигин түзүп берет. Бул сапаттар кийинчерээк окуучунун техникалык, чыгармачылыкта, илимде, искусстводо, спорт аренасында, эң негизгиси, жашоодо ийгиликке жетишине жардам берет.

7.6. БАШТАПКЫ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Жаштарга кесиптик-техникалык билим берүүнү уюштурууда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Ал көпчүлүк өлкөлөрдө орто билим берүү системасынан тышкары жүргүзүлүп келген. СССРде кесиптик-техникалык окуу жайларынын контингенти негизинен жалпы билим берүүчү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнөн, ошондой эле начар окуган окуучуларды мектептен чыгаруу жолу менен кабыл алынган.

Анын кадыр-баркын жана аны даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар чаралар турмушка ашырылды. Ушул максатта кесиптик-техникалык окуу жайлары орто билим берүү системасына киргизилген. Ал мурдагы профессионалдык-техникалык окуу жайларга лицей, колледж, гимназия макамын ыйгаруу менен эле чектелбейт. Белгилүү бир деңгээлде алардын чыныгы абалы өзгөрүп жатат. Окутуунун мазмуну жалпы билим берүүчү билимдердин көлөмүн жана деңгээлин жогорулатуу менен байытылат. Бул окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү атайын жогорку окуу жайларына тапшырууга укуктуу.

Жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларынын бир бөлүгү үчүн атайын кесиптик окуу курстар киргизилип, атүгүл атайын кесиптик бөлүмдөр (агымдар) түзүлөт. Азыр толук орто мектептердин функциялары кеңейүүдө. Бир катар өлкөлөрдө өспүрүмдөр убактысынын көбүн ишканаларда өткөргөн шакирттик система иштеп жатат.

Окуучуларга багыт берүүнүн эки түрү бар. Биринчиси — окутуу багыты, анын зарылдыгы орто мектепте билим берүүнүн (гуманитардык, табият таануу, технологиялык багыттары) терең дифференцияланышы менен шартталган. Экинчиси — кесиптик багыт, б.а. адистештирилген окутуунун белгилүү бир түрүн аң-сезимдүү тандоого, андан кийин эмгек рыногуна учурдагы жана болжолдонгон келечектеги шарттарды эске алуу менен даярдоо.

Кесиптик багыт берүү негизинен класстан тышкаркы сабактар жана иш-чаралар аркылуу ишке ашырылат. Алардын формалары ар түрдүү. Алардын бири окуу жайда жыл сайын өтүүчү кесиптер менен таанышуу конференциясы. Анын алдында кылдат даярдык көрүлөт: окуучулар адегенде маалымдама адабияттарды окушуп, алардын иши менен таанышуу үчүн ишканаларга жана мекемелерге экскурсия уюштурулат. Конференцияда окуучулардын алдында түрдүү кесиптин адистери, ишкерлер, коомдук ишмерлер чыгып сүйлөшөт.

7.7. ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү системасы киргизилди. Бирок жогорку кесиптик билим берүүнүн үч деңгээлдүү системасына өтүү жөнүндө маселе ачык бойдон калууда. «Бакалавр-магистр-доктор» схемасы боюнча орто билимден кийинки билим берүүнүн үч этаптуу түзүмү студенттердин жеке жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу менен окуу багыттарын тез жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Ал эл чарбасынын түрдүү деңгээлдеги квалификацияга ээ болгон адистерге муктаждыктарын канааттандырып, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөргө тез ылайыкташат.

7.8. КОШУМЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ.

Толук орто мектепти гана эмес, негизги орто мектепти бүтпөй калган окуучулардын саны өсүп, жашы өйдөлөгөн сайын, интеллектуалдык жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрү кескин төмөндөөдө. Алар үчүн кечки жана сырттан окуу мектептерин ачуу, экстернат практикасын киргизүү, агартуу борборлорун жана коомдорун өнүктүрүү, илимий популярдуу адабияттарды басып чыгаруу ж.б. аркылуу чечүүгө болот деген ойдобуз.

  1. ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО.

Педагогикалык кадрларды даярдоо системасын чечкиндүү түрдө кайра куруу керек. Педагогикалык билим берүүнүн жана мектептик билим берүүнүн мазмунун иштеп чыгуу менен бир учурда жүрүүгө тийиш. Өз предметин окутуу менен гана чектелбеген мугалимди, предметтер аралык байланыштарды ишке ашырууга жөндөмдүү, социалдык-маданий мейкиндиктин шартында кесиптик билимдин маанилүүлүгүн түшүнгөн педагогду даярдоо башкы милдет болуп саналат. Мугалимдерди даярдоо дайыма жаңылыктарды киргизүүнүн алдында жүрүшү керек.

Өз кесибинин гуманитардык мүнөзүн түшүнгөн мугалим тарбиячы жана окуу-тарбия процессинин уюштуруучусу катары окуучулардын окуусун баалоо менен гана чектелбестен, алардын жеке жетишкендиктерин стимулдаштырат. Ошол эле учурда ал көзөмөлдөбөйт, бирок алар менен кызматташуунун натыйжалары үчүн жоопкерчиликти бөлүшөт.

Мугалимдин эмгегин баалоо өнүгүүгө жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө өбөлгө түзө тургандай уюштурулат. Мугалимдерди аттестациялоо анын квалификациясынын деңгээлин аныктоонун бир формасы катары демократиялуу болуп, кесиптик деңгээлин жогорулатууга түрткү бериши керек.

Мунун баары мугалимдердин алгачкы жана дипломдон кийинки кесиптик билимин түп тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат. Адистерди даярдоо ийкемдүү жана практиканын муктаждыктарына шайкеш келиши керек. Айылдык, ошонун ичинде, аз комплектиленген мектептерде иштөө үчүн, мугалимдерди бир нече адистиктер боюнча даярдоо максатка ылайыктуу.

Дипломдон кийинки педагогикалык билим берүү жекелешип, ар бир мугалимге алгылыктуу ыкмалар, ошонун ичинде жаңы маалыматтык технологияларды, жасалма интеллектти колдонуу аркылуу аралыктан окутууну пайдаланып, өзүнүн кесиптик даярдыгын жаңылоо, өркүндөтүү, тереңдетүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталган. Мугалим өзүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун заказчысы болуп калат, ага мамлекет бул үчүн зарыл мүмкүнчүлүктөрдү жана стимулдарды берет.

  1. МУГАЛИМДЕРДИН КАДЫР-БАРКЫ

Билим берүүнүн классикалык стилинде мугалим дээрлик көзөмөлчү ролду алат, бардыгы өзү каалагандай болушу керек, мугалим борбордо болуп, бардык процесстерди башкарат. Азыркы тенденцияларда баары башкача, мугалим жардам берген, оңдогон, бирок процессти толук башкара албаган Scrum Master болуп калат. Ал жетекчи эмес, жардамчы жана кеңешчи катары иш алып барат.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын этап-этабы менен, татыктуу жашоону камсыз кылгандай деңгээлге жогорулатуу, социалдык колдоо (квартира, кредит ж.б.) зарыл. — бул мугалимдин социалдык абалын жогорулатуу, анын эмгек акысын педагогикалык иштин коомдук маанисине ылайык келтирүү.

Моралдык жана материалдык стимулдаштыруунун чараларын караштырып, билим берүү кызматкерлеринин социалдык статусун жогорулатып, алардын айлыгын мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы менен теңдөө маселесин кароо талап кылынат. Эмгек акы төлөөнүн шкаласы эмгектин сапатынан жана маанилүүлүгүнөн көз каранды болууга тийиш. Квалифициялуу кадрларды, жаштарды тарта алган стимулдардын системасы керек.

  1. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖАЛАРЫН БААЛОО СИСТЕМАСЫ.

Окуучуларды окуу эмгегин баалоодо 5 баллдык системанын 3 гана баллы колдонулат (5,4,3). Мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн калыптандыруучу баалоо дээрлик колдонулбайт, окутуу процессинде негизинен жыйынтыктоочу баалоо гана пайдаланылат.

 

  1. 11. ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН БАШКАРУУ

Кыргыз Республикасынын жарандарынын орто билим алууга конституциялык укугу жалпы орто билим берүүнү бюджеттик каржылоо системасы аркылуу ишке ашырылат. Билим берүүнү башкаруунун, чечимдерди иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун жаңы коомдук-мамлекеттик, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк системасын түзүү аркылуу жетише алат. Окуу жайына эмгекке акы төлөөнүн жана материалдык кызыктыруунун формаларын жана системаларын аныктоо укугу берилүүгө тийиш.

  1. 12 ЖЫЛДЫК ЖАЛПЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮНҮН КОНЦЕПЦИЯСЫН ТУРМУШКА АШЫРУУНУН ШАРТТАРЫ.

12 жылдык мектепке өтүү процесси татаал жана узакка созулат. Азыртадан эле тиешелүү өбөлгөлөрдү түзүү зарыл, ансыз сапаттуу 12 жылдык билим берүү мүмкүн эмес.

12 жылдык жалпы орто билим берүүнүн Концепциясын ишке ашыруу төмөнкүлөр менен коштолот:

  1. 12 жылдык жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик (улуттук) стандартын иштеп чыгуу.
  2. билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштеп чыгуу;
  3. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу.
  4. күтүлгөн натыйжаларга жетишүүнү баалоо үчүн рейтингдик системаны иштеп чыгуу;
  5. окуу-методикалык жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу;
  6. психологиялык кызматты, улуттук масштабда адистештирилген окутууну уюштуруунун жаңы формаларын түзүү;
  7. мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу аркылуу күтүлгөн натыйжаларга жетишүүгө багытталган окууга адаптациялоо;
  8. 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо.

Кыргыз билим берүү академиясынын

социалдык-гуманитардык билим берүү

лабораториясынын башчысы, п.и.к., доцент                                     М.К.Иманкулов

Бөлүшүү

Комментарийлер