КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫ

  • 12.11.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Окутуудагы заманбап билим берүү технологиялары” аттуу семинар 7-10-ноябрда болуп өттү.

Иш-чара Россиянын Шадринск мамлекеттик педагогикалык университети жана ОшМПУнун Тышкы байланыштар жана инвестициялар департаменти тарабынан уюштурулду. Семинарга  мектептин, билим берүүчү уюмдардын жана университеттин окутуучулары катышып, билимин кеңейтип, жаңыча усулдар үстүндө иш алып барууну өздөшүрө алышты.

Семинардын негизги максаты орус тилиндеги сабактарды окутууда мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүү, педагогикалык инновациялардын негизинде мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана студенттердин заманбап билим берүү технологияларын колдонуу боюнча билимдерин өркүндөтүү болду. Иш-чарада орус тилин окутуудагы заманбап билим берүү технологияларынын теориялык жана практикалык маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп, көйгөйлөр жана перспективалар талкууланды.

Муну менен бирге окутуучулар үч күндүк билимди өркүндөтүүчү сабактарда орус тилин окутуунун салттуу методикасынын өзгөчөлүгү, орус тилин окутууда конкреттүү технологияны колдонуунун максатка ылайыктуулугун түшүнүү жана окутууну уюштуруунун принциптери, педагогикалык иштерди жана класста балдар менен байланышты туура уюштуруу менен окуучулардын билимине мониторинг жүргүзүү, заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу аркылуу орус тилин окутуунун заманбап билимдерин өздөштүрүү жана болочок мугалимдердин практикалык көндүмдөрүн калыптандыруунун өзгөчөлүктөрүн үйрөнө алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер