КЫРГЫЗ МУГАЛИМИАДАСЫ
- 16.06.2023
- 0
Балдар технологияларды үйрөнүү аркылуу мектептеги билим берүү практикасы менен теориясынан алда канча алдыда баратат. Бул жагынан алганда, балдар мугалиминен да алдыга озуп кетти. Озуп кеткени озуп кетти, бирок, балдар ошол техниканын курмандыгы болуп калбаса экен! Бул – чынында коркунуч! Техника балдардын ден соолугун бузары, жүрүм-турумун, адамга жасаган мамилесин бузары шексиз. Ошондуктан, балдарга технологияларды жакшы билим алуу жана жакшы жашоо үчүн гана каражат катары колдонууга кантип үйрөтөбүз? Ал үчүн кандай этикалык эрежелерди билүү жана кармануу керектигин балдарга кантип жеткиребиз?! Бул- бүгүн чечүүгө тийиш болгон талылуу маселе. Бул жагынан алганда, мугалим ал үчүн баланын психологиясын өзгөртүүсү керек. Анткени алар техникага ”аркандалган” психологияга дуушар болуп калышты да.
Албетте, мугалим окуучуну, ал аркылуу коомду өзгөртүүсү – анын негизги милдети. Андай болсо, мугалим өзүн да өзгөртүүсү зарыл. Андай болсо, мугалим өзүн кайсы жагынан өзгөртүүсү керек? Ири алдыда, мугалим интеллект катары, интеллекттин ээси катары өзгөрүүсү керек. Ой жүгүртүүсүн, акыл калчап иш кылуусун, жашап жаткан дүйнөнү жана өзүн терең таануусун, сынчыл ойломун, түшүнүгүн өзгөртүүсү керек.
***
Мугалимдин мыкты сабагынын өзү, турган турпаты. Мугалим сабагы менен гана эмес, турган турпаты жана жүрүм-туруму менен да мыкты сабак берет. Анткени, мугалим предмети боюнча билим бергени менен, өзүнүн инсандык сапаты төмөн болсо, анын курулай насааттары тарбия болуп бербейт. Ошондуктан, ал окуучусу үчүн билимдин көлүндөй, тарбиянын кениндей, илимдин ордосундай, ал билбеген эч нерсе жоктой, баарын көрүп, баарын билип туруучу табышмактуу, кереметтүү адамдай көрүнүшү керек. Мугалим окуучунун идеалы болбой туруп, баскан-турганын, караганы –күлгөнүн, ал тургай жөтөлүп койгонун үлгү тутпаган балага мугалимдин билими менен таалими жукпайт. Ансыз ал балага табышмактуу, сырдуу адам боло албайт. Ошол табышмактуу, сырдуу адам гана окуучуга идеал болмок.
Мугалим кандай болсо, окуучу ошондой болот, окуучу кандай болсо, эртеңки коом ошондой болот деген сөз бар. Муну тарых далилдеп келет. Окуучунун да окуучулук тагдыры бар, ал ошол тагдырында ишмер, мыкты изилдөөчү мугалимге туш келсе, ал бала келечегинде ишмер, чыгармачыл, мыкты инсан болуусунун башаты болот. А эгер мүмкүнчүлүгү, жигери мыкты бала тагдырында ыкшоо, жалкоо, чабал мугалимге туш келсе, ал да ыкшоо, жалкоо, бечел инсан болуп калыптанары бышык.
***
“Мугалимдин эл алдында карызы — адам уулун адам кылуу парызы”- дейт. Ошондуктан, мугалим өзү окуткан предметтин гана мугалими болбой, баланын мугалими, анын тагдырынын мугалими бол- дейт акылмандар. Анткени мугалим окуучусун экзамендерге, сынактарга гана даярдабайт. Мугалим баланы өстүрөт, өнүктүрөт, баладан атуулду тарбиялап чыгат, баланы турмушка даярдайт. Экзамендер менен сынактарга гана даярдалган бала турмуш менен иши жок өсөт, андай бала мектепти бүткөн соң “Турмуш алиппесин” кеч үйрөнүп, жашоонун сыйгалак жолдорунан тайгаланып, тепкичтеринен мүдүрүлүп, кыйынчылыктарга туш келет. Ошондуктан айткым келет, мектептеги экзамен эч нерсе эмес, турмуш экзамени чоң сыноо, балдар ошол сыноолорго даярдалышы шарт.
Мугалимдин дептерге, журналга койгон “жаман” баалары эртеңки күнү эле жоюлат. А балдардын турмуштан алган “жаман” баалары эч качан жоюлбайт. Ал баланын жеке сапатына, башкаларга жасаган мамилесине жана жүрүм-турумуна байланыштуу. Жүрүм-туруму адамдын адамдыгын далилдейт. Жүрүм-туруму, башкага жасаган мамилеси бузук болсо, ал эч жерден адам катары саналбайт. Турмушунан соккуларды жейт, тепкилерге туш болот. Анткени “акылың өзүңө болсо, эсиң элге” деген сөз бар. “Акыл топтолуп эс болот, эс топтолуп, акылга айланат”-дешет акылмандар.
***
Мугалим мектепте окуучусун маңдайынан сылап окутат, а турмуш антпейт, “көзүн чукуп”, “мээсине мык кагып” окутат. Мына ушундан улам айткым келет, мугалим баланын предметтик мугалими гана эмес, турмуштук мугалими болсун. Мугалим баланын сырдашы болсун. Ишенгени болсун. Ата-энесине айтпаган сырын бала мугалимине айта турган болсун. Баланын турмуштук мугалими болгон мугалим гана күчтүү мугалим.
Демек, мугалим баланын сабак берүүчү мугалими гана эмес, баланын бактысынын, бактылуу тагдырынын мугалими болсун. Анткени баланын тагдыры да, бактысы да, шору да мугалимдин колунда. Мугалим андыктан баланын тагдыры менен ойнобошу керек. Ата-эне баласынын тагдырын ишенип мугалимдин колуна тапшырдыбы, демек, анын ишенимин акташы, балага турмуштун да, билимдин да жолун көрсөтө алуусу шарт.
Мугалим кулундан аргымакты, балапандан барчынды, баладан падышаны, көчөттөн чынарды, данектен мөмөлүү даракты өстүрөт, тамчыдан дарыяны, булактан океанды жаратат. Мына мугалимдин руханий күчү!
Балким, ошон үчүндүр, “мугалим” дегенде, “аалым” деп жаткандай угулат, анткени “мугалим” деген сөздө “аалым” (“му-аалым” же “муа-илим”) деген сөз катылып жаткансыйт. Ошондон уламбы, мугалим – билим менен илимдин булагы, анын сакчысы, илим-билимдин жаратманы жана таратманы сыяктанат. Ошондон улам, “сабак” деген сөз да жөн гана маалымат берүүчү кырк беш мүнөттүк убакыт эмес. Ал атамзамандардан бери топтолгон, билим менен илимдин жана тарбиянын казынасын, адамдык баалуулуктарды жана түбөлүктүү, улуу үлгүлөрдү, ал үлгүлөрдөн ала турган сабактарын балага берүү, алардын үлгүсүнө, алардын сабактарына жараша бүгүнкү баланы өстүрүү, тактап айтканда, улуулардын өрнөктүү үлгүлөрү менен баалуулуктарына жараша кичүүлөрдү тарбиялоо, адам кылуу, коомго, адамга, акырында өзүнө өзү керек жана пайдалуу болор адам кылып калыптандыруу. Сабак деген мына ушул. Анткени, “сабак” деген сөздүн ичинде “баа”, “баалуулук” деген сөз (са-баа-к) көрүнбөй жашынып жаткансыйт…
***
Мугалим, адегенде, нарктуу инсандык сапаттарга ээ болуусу керек. Инсандык нарктуу сапаттар кайсылар? Алар: абийирдүүлүк, ардуулук, намыстуулук, уяттуулук, адамгерчиликтүүлүк, салабаттуулук, мекенчилдик, патриоттук, адилеттүүлүк, залкарлык, калыстык, акыйкаттуулук, чынчылдык, кечиримдүүлүк, сабырдуулук, нарктуулук, көпчүлдүк, элдик салтты билип, сыймыктуу каадаларды карманып, оң адаттарды алып жүрүүсү керек, ж.б. Мында абийир – мугалимдин жан дүйнөсүнүн тазалыгы, таза ойлонгону, таза жашаганы, таза иштегени, таза жүрүм-туруму, балага болгон көз карашынын, тилегинин, ниет-пейилинин тазалыгы. Бир карап жакшы сөз айтып, экинчи карап жаман сөз айтканы, же сөзү менен таза көрүнүп, бирок мугалимдик маданияты болбосо, анын мугалимдик жүзүнүн жоктугу.
Ар-намыс – мугалимдин педагогдук күчү. Ошентсе да, ар деген эмне? Ар – мугалимдин ички-тышкы аурасы, ишеними, дымагы, аруу сезими… Эгер анын инсандык, адамдык, педагогдук ишеними, дымагы, сезими болбосо, анын ары менен абийири да, күчү да болбойт, алсыз, жөн гана сабак берүүчү болмок. Намысы – мугалимдин күчү, мугалимдик намысы күчтүү мугалим кандай гана шарт болбосун, кандай гана жагдай болбосун, мугалим деген атына заты татыктуу жашап-иштемек. Эл алдындагы, улут алдындагы, ата-энелер алдындагы, коом алдындагы парызын туура аткармак. Демек, мугалимдик абийир, мугалимдик ар-намыс гана анын күчү.
Ошону менен бирге, ал өз кесибин сүйгөн мыкты кесип ээси болуш керек, ал үчүн, ал: теориялык бекем билимге ээ, методикалык жактан чебер, тарбиячы устат, турмуштук мол билим жан дүйнөсүн ээлеген, заманга жараша интерактивдүү, креативдүү, чыгармачыл, сынчыл көз карашта, мамилелешүүгө чапчаң, жоопкерчиликтүү, демилгелүү инсан болбосо — учурдан артта калары шексиз.
Мугалим бүгүн ролун өзгөртүүдө. Ал мурдагыдай эле балага предметтердеги маалыматтарды “чайнап берип”, жаттатып, аны кайрадан сурап, эсине тутканын текшерип, баа коюп, “диспетчерлик” кызмат аткаруучу эмес, баланын билим алуусун уюштуруучу, келечегине жол көрсөтүүчү, сезимдерин өнүктүрүүчү, үйрөнүүнү үйрөтүүчү жаңы адам болуусу шарт. Бала болсо, мугалимдин командасын аткарып коюп, текшерүүсүн күтүп, сураса жооп берип, сурабаса көптүн арасында жүрө берген, чейректен-чейрекке көчүп жүрүп, бир күнү бүтүрүүчү болуп чыга келген журналдын тизмесиндеги фамилия эмес, же номур эмес, жандуу адам, өмүр, тагдыр!
***
Деги эле, “мугалим” ким, “мугалим” дегенде кандай адам элестейт? Эркек элестейби, же аял элестейби? Албетте, экөө тең элестейт! Анткени, “мугалим” дегенде, “агай” жана “эжей” элестейт. “Агайсыз” же “эжейсиз” мугалимди элестетүүгө мүмкүн эмес! Анда “агай мугалим” кандай да, “эжей мугалим” кандай? Албетте, ал экөө эки башка жана экөөнүн балага таасири да башка-башка. Бирок алар ошо эки башка болуусу менен бирин-бири толуктайт. Анткени, түшүнгөн кишиге “агай мугалим” балдарга атадай, агадай, байкедей, чоң атадай көрүнүп, карааны тоодой элестейт. Эркек мугалимдин үнү, карааны, баскан-турганы, турпаты, күчтүү мүнөзү, калбааттыгы керек мектепке. Эркекче чыдамкайлык, эркекче токтоолук, эркекче салабаттуулук керек балага! Эркектин мына ушундай тарбиясы менен гана бала эркекче мүнөзгө калыптанат. Эркектин тарбиясы ата тарбиясын өткөрөт. Ата тарбиясы эне тарбиясынан башкача. Мугалим эжейден балдар мээримдүүлүктү үйрөнүшөт, сезимталдуулукту алышат, андыктан, ал балдарга эне болуп элестейт. Балага мээримин төгүп, эне тарбиясын берет, энелик сүйүүсүн арнайт, эне адебин, энелик тазалыкты үйрөтөт. Сабактарында эненин сулуулугу менен жылуулугу өтөт. Ошону менен бирге, эркек мугалим мектепте мырзалыктын, салабаттуулуктун үлгүсүн көрсөтсө, мырзалык сапатты үйрөтсө, аял мугалим нарктуу айымдын элесин көрсөтөт, кыргыздын нарктуу айымы кандай сапатка ээ экенин үйрөтөт. Демек, мугалимдин мына ушундай сапаттары сабактарында, сабактан тышкаркы тарбиялык иштерде көрүнүүгө тийиш жана көрүнөт!
***
Элдик педагогикада: эзелтен адам — адамга мугалим, улуу-кичүүгө мугалим, ата-балага мугалим, эне – кызына мугалим, агасы – инисине мугалим, эже — сиңдиге мугалим. Алардын “китеби”- жеке үлгүсү, жеке өрнөгү, турмуш тажрыйбасы, сөзү, өнөрү, элдик макалдар менен лакаптар, жомоктор менен болмуштар, уламыштар менен санжыралар, дастандар менен поэмалар, жаңылмачтар менен табышмактары болгон.
Анык мугалимдер: дастанчылар менен акындар, комузчулар менен чоорчулар, мүнүшкөрлөр менен саяпкерлер, тамырчылар менен дарымчылар, санжырачылар менен санчы-сынчылар, чечендер жана да нарктуу адамдар, кадырлуу инсандар менен айыл аксакалдары жана калк карыялары, мыкты мырзалар менен абийирдүү айымдар болушкан. Алар элдин жаңы муунун өлбөс өнөрлөрү менен, таасын сөзү жана жүрүм-турум үлгүлөрү жана нарктуу өрнөктөрү менен тарбиялап келишкен. Улуттук салттары, нарк-насилдери, каадалары менен жакшы адаттары жана ырым-жырым жөрөлгөлөрү ошондой элдик мугалимдердин сабактары менен элге өтүп, эл аны сактап, коргоп, өнүктүрүп-байытып, жоготпой келген. Ошентип улуттун учугу улана берген.
Тарбиянын башаты – адеп менен өнөр болгон. Эл ошол мугалимдери менен кылымдар бою өлбөй-жоголбой уланып, сакталып, өнүгүп, мурункунун тажрыйбасынан жаңы муун сабак алып, турмушту таанып, өнүп-өсүп, өркүндөп, тарбияланып, адам болуп келген. Турмуш сабагы, элдик сабак –деген ошол. Алардын ошол сабактары апакай боз үйлөрү менен жайлоодогу жашыл дөбөлөрүндө, элдик топтор менен жыйындарында өткөн, элдик мектептери менен элдик институттары ошолор болгон, элдик университеттери менен академиялары да ошолор болгон. Азыр деле ошондой: мугалимдик — улуу өнөр, ал билимдүү адам гана эмес, устат мугалим — мыкты өнөр ээси, өлбөс кесиптин ээси. Адам тагдырынын жаратманы. Ал бүгүн да, эртең да, келечекте да улуулардын өлбөс кесибин, салтын уланта берет.
***
Бүгүн кыргыз коому өзгөрүп-өнүгүп баратат. Аны мына ушул КЫРГЫЗ МУГАЛИМИАДАСЫ өнүктүрөт, өстүрөт. Анын миссиясы ошол.
Сулайман РЫСБАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, профессор
Комментарийлер