КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ

  • 30.06.2020
  • 0

Улуттун ден соолугу –  биздин колдо!!!              

КАБЫЛ АЛУУДА  ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН (ЖРТ) ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ!!!

КМДТжСАсы – Кыргыз Республикасындагы заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия тармагындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы. Академиянын карамагында: футболдук-жеңил атлетикалык манежи, гимнастика, спорттук оюндар, оор атлетика, күрөш, бокс, дзюдо залдары, стадион, сууда сүзүү бассейни жана ачык спорт аянтчалары, лыжа  спорту жана туризм боюнча машыгууларды өткөзө турган, Бишкек шаарынан 30 км. аралыкта орун алган  «Спорт» базасы бар. КМДТжСАсы  дене тарбия жана спорт  багытында бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен үч профили  боюнча даярдоону иш жүзүнө ашырат:

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ

ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРОФИЛИ:

— Педагогикалык жана спорттунулуттук түрлөрү факультети. Окуунун формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл.

Бул профилге баскетбол, волейбол, гимнастика, жеңил атлетика, туризм, сууда сүзүү,    үстөл үстүндөгү теннис, футбол, күрөш,  шахмат, тогуз коргоол  спортунун түрлөрү менен машыккандар бюджеттик жана контракттык негизинде  кабыл алынат.

Тоо-лыжа спорту, гребля, регби, кулатуу, ат оюндары, гандбол жана хоккей спорт түрлөрүнө контракттык негизде гана кабыл алынат.

Окууга тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде  кабыл алынат.

 

СПОРТТУК ДАЯРДОО ПРОФИЛИ:

— Машыктыруу факультети.

Окуунун формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл.

Бул профилге  эркин, грек-рим күрөшү, бокс, самбо, дзюдо, оор атлетика спорт түрлөрүнө бюджеттик жана контракттык негизинде кабыл алынат. Контракттык негизде: бильярд спорту, ММА жана панкратион, каратэ, таэквандо спортунун түлөрү менен машыккандар кабыл алынат. (Абитуриенттердин спорттук даярдыгы II спорттук разряддан жогору болушу зарыл). Окууга тандап алган спорттун түрү боюнча тапшырылган кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде  кабыл алынат.

 

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО   ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ  ПРОФИЛИ:

— Аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультети. Окуунун формасы: күндүзгү — 4 жыл. Жалпы дене  даярдыгы боюнча кирүү сынагынын негизинде кабыл алуу жүргүзүлөт, жашы 25 жашка чейин.

МАГИСТРАТУРА

532000 дене тарбия жана спорт багыты боюнча дене тарбиянын магистири квалификациясы ыйгарылат.  Дене тарбиянын бакалавры квалификациясы барлар  бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат, окуу мөөнөтү — 2 жыл (күндүзгү). Кабыл алуу кирүү сынагынын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт.

СЫРТТАН ОКУУ,  КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА АДИСТИККЕ  КАЙРА ДАЯРДОО ФАКУЛЬТЕТИ

Бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку кесиптик билимдин негизинде 532000 дене тарбия жана спорт багыты боюнча (педагогикалык жана спорттук даярдоо профилдерине) бакалаврларды даярдоону жүргүзөт. Окуу мөөнөтү аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат. (2,5-3жыл)

СЫРТТАН ОКУУ:

Орто, жалпы жана атайын орто билиминин негизинде кабыл алынат, бакалавр квалификациясы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү — 5 жыл. Окууга, тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде  кабыл алынат.

 

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КОЛЛЕДЖИ

Кабыл алуу негизги жалпы орто билиминин базасында жана жалпы дене даярдыгы сынагынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Окуу мөөнөтү — 2 жыл 10 ай. Окутуу формасы күндүзгү (контракт).

 

КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ:

Кабыл алуу тандап алган спорттун түрү боюнча тапшырылган кирүү сынагынын жыйынтыгы боюнча конкурсттук негизде  жүргүзүлөт (квалификациясын жогорулатуу жана адистикке кайра даярдоо факультетине маектешүү аркылуу).

Күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы адистиктин бардык түрү  боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарууда аттестаттын (дипломунун) орточо баллы эске алынат.

Бюджеттик (гранттык) орундарга:

эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү;

— үстүбүздөгү жылдын окуучулар арасындагы   Республикалык спартакиадасынын жеңүүчүлөрү (тастыктоо  документтери  менен) конкурссуз кабыл алынат.

 

ОКУУГА ТАПШЫРУУДА КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Абитуренттин арызы (КМДТжСАнын кабыл алуу комиссиясында толтурулат);
  2. Мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндөгү документ (аттестат же ЖКБ жөнүндөгү диплом);
  3. Паспорт;
  4. Аскерге жарактуулугу жөнүндө күбөлүк (эркек балдар үчүн);
  5. 086-У медициналык справка (флюрографиянын сүрөтү менен);
  6. Спортсмендин классификациялык китепчеси (машыктыруу профили үчүн);
  7. Сүрөт 3х4 -12 даана;
  8. Медициналык комиссиянын жыйынтыгы (КМДТжСАда өтөт);
  9. Почта конверти — 5 даана;
  10. Окууга тапшыруудагы документтерди толтурууда керектөө үчүн – 400 сом;
  11. Жашаган жеринен маалым кат (справка).

 

Конкурстан сырткары бюджеттик (гранттык) кабыл алууга талапкерлер   төмөнкү тийиштүү документтерди көрсөтүшү керек:

— Эл аралык класстагы спорттун чебери (ЭКСЧ) күбөлүгү;

— Эл аралык мелдештердин  же үстүбүздөгү жылдын окуучулар арасындагы   республикалык спартакиадасынын жеңүүчүлөрүн тастыктоочу кат.

 

 Окуу акысы:

 Күндүзгү – 28 000 сом,

Сырттан окуу – 32 000сом

КЖжАКДФ – 36000 сом

Магистратура – 35 000 сом

Колледж – 16 000 сом 

 

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫБиздин дарек:

Бишкек ш. Ахунбаев к., 97

Тел: + 996 0312 57-04-89

Факс: +996 0312 570489

Моб: +996 0702 00-18-00

Web caйт: www.ksapcs.kg

E-mail: [email protected]

Лицензия №LD 170001033

Лицензия №LC 160000371

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер