КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН НЕГИЗДЕЛИШИ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ

  • 24.02.2020
  • 0
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН НЕГИЗДЕЛИШИ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ

Жапарбай кызы Нурила, Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын тарых мугалими


  • 11-класс, Кыргызстан тарыхы
  • Сабактын тиби: аралаш
  • Сабактын усулу: топко бөлүү, метоплан
  • Сабактын максаты: (Сабактын максатын окуучулар менен чогуу белгилейбиз, мугалим болжолдуу түрдө алдын ала белгилейт)

а) Окуучулар Кыргыз мамлекетини негизделиши жана өнүгүшү боюнча маалымат алышат, маалыматты түрдүү булактардан таба алышат. Теманын үстүнөн топтордо иштешет.

б) Кыргыз мамлекетини негизделиши жана өнүгүшү боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу, талкууга катышуу менен чыгармачыл ой жүгүртүүсү, өз пикирин аргументтөө жана аны класска тааныштыруу көндүмдөрү өнүгөт.

в) Окуучуларды зарыл элестөөлөр менен байытууга, үйронүлүп жаткан көрүнүштөрдүн маңызын ийгиликтүү ачып берүүгө, бирин-бири сыйлоого, ынтымактуулукка, адептүүлүккө тарбияланат.

Көрсөткүчтөр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот, эгерде алар:

а) Окучулар Кыргыз мамлекетини негизделиши жана өнүгүшү боюнча маалымат алышса, маалыматты түрдүү булактардан таба алышса. Теманын үстүнөн топтордо иштешсе.

б) Кыргыз мамлекетини негизделиши жана өнүгүшү боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу, талкууга катышуу менен чыгармачыл ой жүгүртүүсү, өз пикирин аргументтөө жана аны класска тааныштыруу көндүмдөрү өнүксө.

в) Окуучуларды зарыл элестөөлөр менен байытышса, үйронүлүп жаткан көрүнүштөрдүн маңызын ийгиликтүү ачып берүүгө, бирин-бири сыйлоого, ынтымактуулукка, адептүүлүккө тарбияланса.

Негизги компетенттүүлүктөрПредметтик компетенттүүлүктөр
Маалыматтык:

Кыргыз мамлекетини негизделиши жана өнүгүшү боюнча маалымат алышат. ККАО, КАО, Кыргыз АССР, Кыргыз ССР ж.б. жөнүндө керектүү маалыматтарды ар түрдүү булактардан таба алат,  маалыматтарды анализдеп, чечимдерди кабыл алат

Тарыхый сабаттуулук:

Тарыхый өнүгүүнүн себеп-натыйжаларын ачып көрсөтө алат

Социалдык-коммуникативдик:

Башка адамдар менен өз ара аракеттешүү, мамиле кылуу, алган билимдерин колдоно билүүгө көнүгүшөт

Хронологиялык сабаттуулук:

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизделиши, өнүгүшүнүн хронологиялык чегин белгилей алат

Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:

Өзүнүн иш-аракеттерин өз алдынча чече билүүгө калыптанышат

Социалдык-жарандык:

Улуттардын өткөндөгү тарыхына толеранттуу мамиле жасай алат

 

Сабактын жабдылышы: (Ресурстар) Ватман, маркер, окуу китептери, акылдуу доска,А4 лист, проектор ж.б.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу. Саламдашуу. Шыктандыруу. Окуучуларды журнал боюнча жоктоо. Окуучулардын окуу куралдарын, гигиеналык абалдарын көзөмөлдөө.
  2. Өтүлгөн теманы кайталоо.
  3. Жаңы тема.

Мугалимдин иш аракети:

Шыктандыруу: Окуучулар  бири-бирине жагымдуу маанай түзүү үчүн тарыхый терминдерди, даталарды колдонуп каалоо айтышат.

Сабактын темасын айтат, максатын окуучулар менен чогуу  белгилейт. Алтын эрежены окуучулар менен биргеликте кабыл алат.

  • Алтын эреже:
  • Тартипти сактоо;
  • Сабакка көңүл буруу;
  • Бирин-бири сыйлоо;
  • Досторунун ойлорун угуу;

Окуучунун иш аракети:

Окуучулар сабактын темасын угат, максатын жана алтын эрежени кабыл алышат.

Өтүлгөн теманы кайталоо (5мин).

Мугалим окуучуларга өтүлгөн темалар боюнча суроо берүү менен  кыскача аңгеме жүргүзөт. Ар бир окуучу үй тапшырмасын бирден сүйлөм менен бышыктап айтып берет.

Окуучулар берилген суроолорго жооп берүү менен өздөрү билгендерди ортого салышат.

Жаңы теманы түшүндүрүү (5-7мин).

Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында тема боюнча сурап алат.

1924-жыл 14-октябрь, ККАО, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, 1929-жыл, Кыргыз АССР — бул айтылгандарга карап бүгүнкү темабыз кайсы болушу мүмкүн.

Окуучулар тема боюнча билгендерин эркин айтып беришет.

Тема боюнча маалымат берилет.

Кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалымат биздин эрага чейинки 201-жылга таандык. Ал кытай жазма эстеликтеринде сакталган. Байыркы түрк жазма эстеликтери, VI-IХ кылымдардагы Орхон-Енисей жазуулары да байыркы кыргыздар тууралуу кабар берет, бул жазуулардын бир катары кыргыздардын ата-бабаларына таандык экенин тарыхчылар далилдейт.

Кыргыз Ажосу 840-жылы өзүн хан деп жарыялап, уйгур ханына мындай кабар жөнөтөт: “Сенин күнүң бүттү. Мен жакында сенин Алтын ордоңду аламын, астына атымды байлаймын, үстүнө туумду илемин. Мени менен тиреше алчу болсоң тез келгин, болбосо, тезиээк жоголгун!”. Уйгур бектеринин бири Күйлүг-Бага кыргыздарды жардамга чакырып, алардын жардамы менен уйгурлардын борбору Каракорумду алат. Ошентип, алар кыргыз ханынын бийлигин моюнга алат. Бул учур белгилүү окумуштуу Бартольд “Улуу кыргыз державасы (каганаты)” деп атаган мезгил эле.

Андан бери далай кылымдар өтүп, далай суулар акты… Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу Комитети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун уюшулгандыгы жөнүндө 1924-жылдын 14-октябрында токтом кабыл алган.

1921-жылы большевиктик партиянын Х съездинде улут маселеси көтөрүлүп, СССРдин курамындагы элдердин улуттук турмуштук шарттарына дал келгендей мамлекетти куруп, бекемдеп, өнүктүрүү, жергиликтүү элдердин коомдук-саясий турмушунда, административдик башкаруу системасында, чарбалык органдарда иш кагаздарын эне тилинде жүргүзүү, жергиликтүү кадрларды өстүрүү маселелери каралган. 1922-жылы 25-мартта Түркстан КП (б)нын БКсы Жети-Суу областын райондоштуруу жөнүндө Токтом чыгарат. Ал боюнча, Пржевальск, Нарын, Пишпек, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүктөрүн камтыган Түркстан Республикасынын курамындагы Тоолуу облусу түзүлгөн. Бирок, буга каршы чыгышкандар болгон.

1923-жылы СССРде улуттук автономияларды түзүү жана улуттардын тең укуктуулугу боюнча маселелер кайра каралып, анын негизинде, Түркстан АССРинин курамындагы кыргыз элине автономиялуу облус статусун берип, мурункудай Түркстандын эмес, РСФСРдин курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлүшү керектиги тууралуу маселелер көтөрүлө баштаган.

1924-жылдын 14-октябрында Советтердин Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин 2-сессиясынын улуттук чек араларды бөлүштүрүү жана РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө токтому бекитилет.

Топто иштөө:

Мугалим окуучуларды төрт төпкө бөлөт:

  1. Кара Кыргыз  автономиялуу  областынын  түзүлүшү;
  2. Бийлик үчүн күрөш. «Отузчулардын» каты;
  3. Кыргыз Автономиялуу Республикасы.
  4. Кыргыз ССР. Республиканын 1-2-конституциясы

 

Мугалим окуучуларга текст берет, окуучулар аларды окуйт жана метоплан усулун колдонуп презентациялашат.

 

Тарыхый мезгил:Тарыхый персонаж:
Тарыхый мейкиндик:Тарыхый динамика:

 

Сабакты бышыктоо:

Мугалим окуучулардын билимдерин бышыктоо максатында «акылдуу доскадан» мамлекеттик жана партиялык ишмерлердин сүрөтүн көрсөтөт, окуучулар тарыхый инсандарды таап, алар жөнүндө маалымат беришет. Андан соң «мезгил сызыгын» доскага илинет. Бул жерде окуучулардын хранологиялык билимдери текшерилет.

1929-жыл – мезгил сызыгы.

Темадагы негизги даталарды хранологиялык рамкага ылайык жайгаштырабыз.

  • 1924-жыл 14-октябрь
  • 1925-жыл 25-май
  • 1927-жыл март
  • 1929-жыл апрель
  • 1936-жыл декабрь

 

Сабакты жыйынтыктоо:

 Билимдер пирамидасы

Сабактын ар бир катышуучусу өзүнчө А4 барагына сабактан алган билимдеринин пирамидасын түзүшөт.

Мугалимдин сөзү:

Тарых өчпөйт… Баса белгилей кетчү нерсе, элибиздин совет доорунун алгачкы жылдарында өзүнүн улуттук мамлекеттүүлүгүнө жетишкени дал ушул 1924-жылдын 14-октябрына байланыштуу. ХХ кылымдагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн алгачкы тепкичи – Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөнү. Мекенчил ар бир атуул бул саясий окуяны өз жадынан чыгарбашы зарыл. Кыргыздар байыркы доордо көп болгондугу үчүн бүгүнкү күнгө чейин жетти. Албетте, бүгүнкү күнгө оңой-олтоң эле жеткен эмес. Өзүлөрүн сактап калыш үчүн миңдеген чабуулдарга катышып кырылган, жеңиштерге жетишкен. Ошентип, Кара-Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдин курамында болуп түзүлгөндүгү тактикалык жактан туура чечим болгон, себеби ал андан ары Кыргыз АССРине (1926), жана СССРдин курамында Орусия, Казакстан ж.б.менен тең ата укукта болгон Кыргыз ССРине (1936) айланган.

Мына, андан бери туура 95 жыл өттү. Тарых барагы менен санаганда, бул – мезгилдин бир бүктөмү. Бир кылымга жуук мезгилде кыргыз элинин башынан эчендеген тарыхый окуялар өтүп, дагы бир тепкичке көтөрүлүп, эгемендүү мамлекетке айландык. Улуу кыргыз каганатынан тартып бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз эли өйдө-төмөн экчелип, антсе да Кыргыз деген улуу атын жоготпой, башка элдер менен теңата болуп келет.

“Тарыхы жок эл, тамырсыз дарак менен барабар” – дейт элибизде. Келечекке ишеним менен кароо, жашап жаткан мезгилиндин оош-кыйышына туура талдоо жүргүзө билүү менен мекениңди сүйүп жашоо үчүн өткөн тарыхыңды билүү шарт. Анткени, тарых таалим берет, патриоттук сезимди күчөтөт, эс-акылыңды тазартып, уруучулук  тар түшүнүктөн  арылтып, улуттук биримдикти ширетет. Саясий туңгуюкта калган коомду  жарык жолго алып чыгат. Тарыхтын улуулугу мына ушунда.

Биз 28 жылдан бери эгемендүү өлкөбүздө жашап, кубаттуу мамлекетибизди куруу үстүндө эмгектенүүдөбүз. Эми, негизги максат — ата-бабаларыбыз канын төгүп, жанын берип, кылымдардан бери коргоп келген куттуу жергебизди көздүн карегиндей сактайлы. Тарых – бул адам баласын акыл эске чакырып, өткөндөн өрнөк алдырып, келечекке туура жол көргөзүп турчу эскерткич!

Келечек бардык жаштардын колунда эмес, тарбиялуу, билимдүү жаштардын колунда.

Үйгө тапшырма: «Кыргызстанды өзгөртө алган кыялым»- деген темада эссе жазуу, теманы окуп келүү жана хронологиялык таблица түзүү, темага байланыштуу слайд, видео даярдап келүү.

Баалоо: Калыптандыруучу баа сабактын ар бир бөлүмүндө айтылат, бирин-бири баалоо,  анын негизинде окуучуларга «5»,»4″,»3″ деген бааларды коюу.

Бөлүшүү

Комментарийлер