КАРАЧИ ШААРЫНДАГЫ АГА ХАН УНИВЕРСИТЕТИНЕ БОЛГОН САПАР
- 24.01.2025
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеген кыргыз делегациясы Пакистандын Карачи шаарындагы Ага Хан университетинде болушту. Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору да кирди.
Иш сапардын жүрүшүндө делегаттар Ага Хан университетинин орто мектебинин, Билим берүүнү өнүктүрүү институтунун жана Медициналык жогорку колледждин ишмердүүлүгү менен таанышты. Медициналык кадрларды даярдоо стандарттарын изилдөө, ЖОЖдордун жана мектептердин педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу, Кыргыз Республикасында педагогикалык билим берүүнү реформалоо, ошондой эле заманбап билим берүү технологияларын киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын окуу жайлары менен кооперация жана коллаборация мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Иш сапардын алкагында катышуучулар заманбап билим берүү тажрыйбалары жана медицина жана медайымдык иш жаатындагы адистерди даярдоого карата уникалдуу ыкмалар менен таанышышты. Окуу программалары, лабораториялар жана изилдөө долбоорлору сунушталды, бул Кыргызстандын медициналык билим берүү уюмдарында мыкты практикаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого мүмкүндүк берди.
Жолугушуунун дагы бир маанилүү учуру англис тили жана STEM-сабактар боюнча окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу программасын талкуулоо болду. Делегация STEM-предметтер боюнча мугалимдерди англис тилинде даярдоо эл аралык билим берүү ресурстарына кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана Кыргызстанда окутуу деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле кыргызстандык студенттерди глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграциялоого жана аларды заманбап эмгек рыногунун талаптарына даярдоого маанилүү кадам болуп каларын белгиледи.
Комментарийлер