КУУНАК САБАК

  • 05.12.2019
  • 0

Мугалимдин чыгармачылык изденүүсүнөн жаралган сабак кандай болоруна кызыксаңыз, Бишкек шаарындагы  SOS Герман Гмайнер мектебинин башталгыч класстар мугалими  Жаңылкан Каримованын сабагына келиңиз. Эжейдин ар бир сабагы өзүнчө сөз кылууга татыйт.

КУУНАК САБАК

Гмайнер мектебине жүгүртмөдөгү экинчи сабакка беш мүнөт калганда келдим. 1 «а»- классынын мугалими Жаңылкан Каримова менен учурашып, арткы орундуктан орун алдым. Коңгуроо кагылып, бөлмөгө аруу тилек балдар киришти. Мурунку сабак музыка болгонун балдардын маанайынан байкадым. Арасында азыр эле үйрөнгөн ырын унутпай,  ырдап киргендери бар.

— Жаңы агай келдиби? – деди мотурайган бала эжейинен.

— Агайыңар биздин бүгүнкү сабагыбызга катышат, — деп жооп берди эжейи.

— Саламатсызбы? – деп жадырап колун берди ал бала.

— Сенин атың ким?

— Даниэл.

— Менин атым Атай.

— Меники Алиаскар! — деп балдар биринен-бири калбай өз аттарын айта башташты.

— Сонун атыңар бар экен! Эми мага кимиңер ыр айтып бересиңер?

— Мен! Мен! Мен!

Биринчилерден болуп Даниэл ыр айтты:

 

Камкордук көрүп баарыбызга,

Ачылды Герман Гмайнер мектебибиз.

Билимдин сересине максат коюп,

Алдыга кадам шилтеп биз келебиз.

 

Даниэлден соң, Дастан улантты:

 

Урмат-сый! Герман Гмайнер атабызга,

Кайрымдуулук иштерди жаратканга.

Аябай сыймыктанам өзүм дагы,

Гмайнердин жолун жолдоп баратканга!

— Азаматсыңар, балдар! Мектебиңер тууралуу таасирдүү ырларды билет экенсиңер! Өркөнүңөр өссүн! – дедим мен балдарды алкап.

КУУНАК САБАК

Беш мүнөттүк танапис аяктап, математика сабагы башталды. Эми муну жалаң математика сабагы деп айтуу аздык кылат. Анткени мындагы 29 окуучунун төрт-беши гана эне тилинде так сүйлөшсө, калганы — орус тилдүү чөйрөдө калыптанып калышкандар.

Класста апасынын көмөгү менен билим алган мүмкүнчүлүгү чектелген бир окуучу бар. Ата-эне өз баласы менен чектелбей, зарыл учурда башка балдарга да жардам берерин бул сабактын жүрүшүнөн байкадым.

— Азыр кайсы сабак? — деп Жаңыл эжей балдарга кайрылды.

— Математика сабагы.

— Олтургучка туура олтурабыз. Китепти партанын четине коебуз! Калемсап, сызгычты көрсөтөбʏз.

Ушундай нускоолору аркылуу мугалим балдарды өз ишин уюштурууга багыттап, ошону менен бирге эне тилине каныктырып жатты.

— Бирден онго чейин санайбыз!

— Бир, эки, үч….!

— Эми артты көздөй санайбыз!

— Тогуз, сегиз, жети, алты, беш…!

— Эми так сандарды санагыла!

-1-3-5-7-9!

— Жуп сандарды санайбыз!!

— 2-4-6-8!

-Бир орундуу сандардын эң кичинеси кайсы?

— 1!

-Чоңу?

-10!

-Эки орундуу сандардын эң чоңу?

— 99!

— Эми тегерек орундуу сандарды санайбыз!

— 10, 20, 30, 40, 50, 60, 70, 80, 90!

— Эмне үчүн 100дү кошкон жокпуз?

— Анткени ал тегерек жʏздʏктөргө кирет.

— Азаматсыңар, балдар! Өтүлгөн темаларды унутпапсыңар! Азыр оюн ойнойбуз. Доскага келгиле!

КУУНАК САБАК

Балдар-кыздар эжейинин нускоосун күтүп турушту.

— Экиден болобуз!- деди Жаңыл эжей үнүн акырын чыгарып.

Окуучулар эки-экиден болушту.

Көпкө күттүрбөй мугалим кийинки тапшырманы жарыя кылды.

-Үч-үчтөн болобуз!

Балдар-кыздар үч-үчтөн болушту.

— Эми аралаштык. Бизде 29 окуучу бар. Бүгүн бир окуучу келген жок. Жыйырма сегизибиз кучакташабыз! Биз бир класспыз! Классташпыз! Бири-бирибизге жардам беребиз! «Ынтымак бар жерде, ырыс бар»!

Окуучулар мугалимдин нускоолорун так аткарышып, орундуктарына олтурушту.

— Экранды карайбыз! Кана балдар, бул кайсы сызык?

— Түз сызык.

— Түз сызык деген эмне?

— Түз сызык – эч кыйшайбаган сызык.

Окуучулар экрандагы фигураларды жаңылбай айтып жатышты.

— Бул кайсы сызык?

— Шоола! Шоола чекит менен башталып, чексиз кете берет.

— Турмушта эмнелер шоолага окшош?

— Күн нурлары, самолеттун жолу, поезддин жолу…

— Кесинди деген эмне?

— Кесинди – эки чекит менен чектелген түз сызыктын бөлүгү.

— Балдар,  «Көмөч нан» деген жомокту жакшы билебиз. Азыр экрандан ошол көмөч нандын жолун карап көрөлү. Кайсы жаныбарларга жолугат эле?

— Коенго!

— Андан кийин карышкырга, аюуга жолугат.

—  Ким көмөч нанды жеп коёт?

— Түлкү!

— Эки чекиттин бириккен жерин тапкыла!

Балдар чекиттерди сызыктар аркылуу туташтырып, көмөч нандын жолун табышты.

— Чарчадыңарбы? Азыр экранды карап, көңүлдүү ыр ырдайбыз. Кыймылдап, бийлесеңер да болот.

Ак пейил балдар  «Daddy shark doo, doo, doo» деген  щаңдуу ырды кыймылын туурап, сөздөрʏн да жаңылбай аткарышты.

Ырдап бүтүп,  тактайда кошуу амалына мисал иштешти.

— Сүрөттө канча чычкан бар экен?- деп суроо узатты Жаңылкан эжей чычкандын сүрөтүн көрсөтүп.

— Бешөө.

-Кантип билдик?

-2+3=5 болот.

-Кайсыл амал менен чыгардык?

— Кошуу амалы менен чыгардык.

— Эми китеп менен иштейбиз. 38-бетти ачкыла! Канча орундуу санды көрүп турабыз?

— Эки орундуу.

— Бул санда канча бирдик бар?

— 38 жалпы бирдик бар.

— Туура! Эми сызгычты колго алдык. 0 дөн баштап 5 см ди сызабыз. Кимде-ким кыйналса, жардам беребиз. Эмне үчүн антебиз, балдар?

— Анткени, ал биздин классташыбыз.

— Биз менен бир мектепте билим алат.

— Бир өлкөдө жашайт.

— Адам адамга жардам бериши керек!

— Туура, айтасыңар балдар! Адам адамга жардам бериши керек!

Балдар жапырт иштеп жатышты. Ал ортодо Жаңыл эжей классты аралап, калыптандыруучу баалоонун ыкмаларын шыр колдонду.

—  Азамат, Актан! Эң туура сызып жатат!

— Бекзат, сызгыч кана, ар бирибизде сызгыч болушу керек.

— Экинчи мисалды аткарабыз! Узундугу канча экен?

— 9 см!

— Сызабыз!

Мугалим балдарга кайрылды:

— Мен колумду жогору көтөргөндө эмне кылабыз?

— Мугалимди карайбыз.

— Сабакты жыйынтыктайлы, балдар. Узундук чен бирдиктеринин эң кичинеси эмне?

— Миллиметр.

-Андан чоңураагы?

— Сантиметр, дециметр, метр жана километр.

— Азаматсыңар, балдар! Бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

— Жакты, Жаңыл эжей!

— Эмнеси менен жакты?

— Кошконду, чекиттерди туташтырганды, сызгыч менен иштегенди үйрөндүк.

— Дагы?

— Бири-бирибизге жардам бердик, — дешти балдар бир ооздон.

— Сабакта дагы эмне кылдык?

— Эсеп чыгардык, жаздык, окудук, ойнодук, ырдадык, бийледик.

КУУНАК САБАК

Көптөн бери ушундай жандуу, куунак сабакты сагынып калыпмын, окуучулардын терең билимине ыраазы болуп, менин жаңы тааныштарым — ак пейил балдар жана алардын эмгекчил эжейи менен кош айтышып, жолго чыктым.

А. Алибеков, «Кут Билим», АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер