«КУТБИЛИМ САБАКТА» ТАКШАЛГАН МУГАЛИМ
- 05.10.2023
- 0
Сузак районундагы №31 Ы.Чанаков атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Бусара Калмурзаева агартуучулардын сүйүктүү гезити «Кутбилим сабакта» өнүп-өстү десек жаңылышпайбыз, анткени ал усулдук гезиттин бир катар сынактарында жеңүүчү аталып, педагог катары такшалды, эмгеги көзгө илинип, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, мектеп директору болуп дайындалды.
Элеттик издемчил мугалимдин сабак иштелмелери менен биз, ЮСАИДге караштуу «Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында мыкты сабак иштелмелеринин ачык сынагын өткөрүп жаткан тушта, 2008-жылы, таанышканбыз. Талапкердин сабагы коюлган максаттарынын тактыгы, этаптарынын иреттүүлүгү, эң башкысы, теманын мазмун менен төп келгени аркылуу бөтөнчөлөнүп турду. Эсимде, конкурстук комиссиянын чечими менен Бусара Калмурзаева ошол таймашта жеңүүчүлөрдүн катарында болду. Анан ошондон тартып, элеттик эмгекчил мугалим «Кут Билим», «Кутбилим сабак» гезиттеринен кол үзбөдү. Усулдук гезит «Билайн», «Мегаком» компаниялары менен биргеликте уюштурган мыкты сабак иштелмелеринин республикалык сынактарында да жеңүүчү болуп, акчалай сыйлыктар менен бирге Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасына, «Кыргыз тил» төш белгисине, «Кут Билим» гезитинин сунушу менен «Билим берүүнүн мыктысы» сый даражасына ээ болду. Бул сыйлыктар айылдык агартуучуну мындан ары да билек түрүп шымалана иштөөгө багыттады. «Кутбилим сабак» басылмасына мазмундуу сабак иштелмелери менен бирге, алдыңкы агай-эжейлер, насаатчы мугалимдер тууралуу куш тилиндей кат-кабарлары жарык көрө баштады. Ошентип, аз-аздан болсо да агартуу журтчулугуна аты таанылып, өлкөбүздүн булуң-бурчунан Гүлүмкан Асанкадырова, Ырыс Карачева, Айна Осмонова, Акчал Атагулов, Замира Атакулова, Сыдык Мамыров, Марьям Ирисова өңдүү өз пикирлештерин тапты. 2013-жылы, «Кут Билим» гезити өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилөө алдында турганда, «Кутбилим сабакта» табышкан чыгармачыл агай-эжейлер алыскы Лейлекке сапар алды. Лейлекте калеми курч акын, таасирдүү таалимчи Тайир Аширбайдын демилгеси менен «Кут Билим» гезитинин 60 жылдык мааракесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде өтүп, конференциянын катышуучулары райондогу бир катар бала бакча, мектептердин алдыңкы тажрыйбасы менен жакындан таанышып, педагогикалык куржунун жаңы идеяларга толтуруп кайтышты. Лейлек билим сапары — Бусара эженин педагогикалык тажрыйбасындагы эң бир маанилүү доор болуп калды.
— Лейлекке барганымда Гапыр Мадаминовго жолугуп, окутуучулук ишиме зарыл нускоолорун өз оозунан уктум. «Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң, жөн киши» дегендей, Гапыр агайдын билими, анан албетте, жөнөкөйлүгү мага зор таасир калтырды, — дейт Бусара Калмурзаева.
Айтканындай эле, чыгармачылык менен изденип иштеген мугалим ушул бекем оюнан тайган жок. Жаңылыкка жакындыгы, талбаган чыгармачылык изденүүсү, жөнөкөйлүк сапаттары аркылуу өз кесиптештеринин арасында эле эмес, «Кутбилим сабактын» активдүү авторлорунун ичинде сый-урматка ээ болду. Бишкек шаарындагы профессор Айдаркан Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова кесиптеши тууралуу «Бусара Калмурзаеваны көп жылдардан бери билемин. Өз кесибине жан дилинен берилип иштеп, аз эмес убакытта эл-журтка нукура кесипкөй мугалим катары таанылды» десе, акын мугалим Тайир Аширбай «Бусара эже– өз ишине астейдил мамиле жасаган мугалим. Элет жеринде эмгектенген алдыңкы агартуучу. Дээрлик он жылдан ашуун мезгилден бери мен анын эң мыкты сабак иштелмелерин «Кут билим-Сабак» усулдук гезитинен окуп келем. Анын эң сонун сапаты – кумурскадай эмгекчилдик жана үзгүлтүксүз изденүүчүлүк!» – деп сыпаттайт.
Ал эми Аксы районунан мектеп директору Узен Атаканов «Бусара эженин педагогикалык ишмердүүлүгүн карап олтуруп, бул инсан педагогикага жөн жеринен келип калбагандыгын дароо эле байкайсын. Ал эң оболу баланы сүйө билген, балдардын эртеңине кайдыгер карабаган мугалим. Ошол эле учурда алдына көрө билген, башкаларды ээрчите алган жана өз ишин мыкты уюштурган жетекчи. Эженин жөнөкөйлүгү, башкалар менен тез тил табышып кете алгандыгы да аның мыкты инсан, чыныгы мугалим, жигердүү жетекчи экендигинен кабар берет» деп жазса, Сузак районунан «Кутбилим сабактын» дагы бир калемгери Үрүниса Нурбаева кесиптеши жөнүндө
«Бусара эжеке бийик адамгерчилиги, талыкпаган мээнеткечтиги менен көп жылдан бери билим берүүдө үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Эжекеге кандай сөз айтсак да жарашат» деп келип,
«Терметип билим кемесин
Талыкпай иштеп келесиз.
Бир үйгө эле эне эмес,
Бир айылга энесиз» деген төрт сап ырын арнайт.
Ооба, жогоруда ыр сабында айтылгандай, Бусара эже өзүнүн эмгекчилдиги, издемчилдиги, жөнөкөйлүк адамгерчилик сапаты аркасында өз балдарынын эле эмес, бүтүндөй айылдыктардын сый-урматына татыктуу болду.
— Бир тууган эжем, байкем мугалимдик кесипти тандашты. Атам мектеп директору болду. Кичинемден мектеп турмушуна аралашып өстүм, — дейт ал өзүнүн агартуучулук ишинин башатына кайрылып.
Айтуусунда, кийин турмушка чыкканда да көп таалимди кайненесинен алган. Кайненеси «мектепте иштесең, тийди-качты иштебей, мыкты иштегин» деп кулагына куюп, үйдөгү майда балдарын өзү карап калчу экен.
Арийне, мектепте иштеген аял мугалимдердин айыл жеринде түйшүгү түмөн. Бусара эжеге келсек, бул жагынан да анын бактысы тоодой экен. «Үй-бүлөмдө жолдошум мага көп жардам берет жана колдойт», — дейт жолдошунун татыктуу жубайы. Айтуусунда, эки уулун үйлөнтүп, бир кызын турмушка узатыптыр. «Кичүү кызым борбордо окуйт. Уулдарым мага көп жардам берет» — деди ал балдары тууралуу.
Бусара эже жаш мугалимдердин кесиптик калыптануусунда насаатчылардын орду жогору экенин айтып отурду.
— Мектеп директору катары мен насаатчылык ишке зор маани берем. Анткени менин толук кандуу педагог болушума насаатчыларым Усенов Токтонбек агай менен Жээнбекова Кундуз абдан жардам беришти. Токтонбек агай азыр да азыраак сабак менен иштейт. Ал эми Кундуз эжеке эс алууда, — дейт Бусара Калмурзаева.
Өз ишинин чыныгы устаты Бусара Калмурзаева буга чейин мектеп директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштегендиктен, 2021-жылы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өзү эмгектенген №31 Ы.Чанаков атындагы орто мектепке директор болуп дайындалды.
— Директор болуп иштегениме сыймыктанамын. Эң кыйын жери документтер көп убакытты алат, анан мугалимдер менен иштөөгө да аз эмес убакыт кетет экен. Ошого карабастан, ПИЗА сынагына, ЖРТга дыкат даярданып жатабыз, – деди мектеп жетекчиси.
Мектеп жамааты тууралуу суроо узатсам,
— Мугалимдерим менен аябай жакшымын, баары мени сыйлайт, мен да аларды сыйлаймын. Колуман келишинче жардам беремин. Бизде өздөрүнө тың мугалимдер арбын. Райондук семинарларда жакшы сабак өтүп жүрүшөт, –деген жоопту уктум.
Элеттик эмгекчил эжей эмгектенген мектепте бүгүнкү күндө 591 окуучу эки мөөнөттө билим алып, аларга 46 мугалим билим-тарбия берет.
— Бизде капремонт 2019-жылы башталып, 2020-жылы пандемия учурунда токтоп калган. 2021- жылы мектепти оңдоп-түзөө иштери кайрадан башталып, 2023-жылы сентябрь айында аяктады. 4-октябрда район жетекчилеринин катышуусунда кызыл лента кесилип, бул жакшылыкты белгиледик, – дейт мектеп директору.
Албетте, бүгүнкү күндө айыл жеринде мектеп директору болуу оңой эмес. Окуучу, мугалимдер эле эмес, жалпы коомчулук, ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп иш алып барууга туура келет. Бул үчүн мектеп директору ары билимдүү, ары кесипкөй, анан албетте, биздин каарман Бусара Калмурзаевадай жөнөкөй, адамгерчиликтүү болууга тийиш.
Эмесе, агартуудагы иштериңиздин ийгиликтери арбый берсин, Бусара эжей!
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер