«КУТ БИЛИМДИН» 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

  • 28.12.2022
  • 0

Жыл жаңырар алдында газетабыз менен жыл бою байланышын үзбөй, билим берүү жана илим тармагындагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыккан авторлорубуздун ысымын сыймык менен атоо биздин милдет деп ойлойбуз. Билим тармагындагы олуттуу окуяларга саресеп салып, маанилүү иште четте турбай, атуулдук позициясын тартынбай билдире алган, жазган макалалары аркылуу билим тармагынын жакшырышына өз салымын кошкусу келген, адамдык, кесиптик дареметин, тажрыйбасын айтуудан аянбаган мындай инсандарыбыз элдин туткасы дээр элек. Авторлорубуздун атуулдук позициясын сыйлоо менен бирге биз алардын курч мүнөздө жазылган макалаларын өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформаларга көмөгү тиер деп кубануу менен жарыялап турдук. “Кут Билимдин” кутун арттырган, арышын кеңейткенге ортоктош болгон инсандарыбызды Жаңы жылы менен ак дилден куттуктап, чың ден соолук каалайбыз.

Эмесе, “Кут Билимдин” 2022-жылдагы мыкты авторлорун сыймык менен атайлы!

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Абдылда МУСАЕВ

К.Карасаев атындагы БМУнун ректорунун “Потенциал интеграции ЦА в свете возвышения “Тюркского мира”, “Духовное развитие личности и система образования: Вызовы 21 века”, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынын поэтикасы” аттуу терең макалалары окурмандарыбыздын купулуна толду.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Советбек БАЙГАЗИЕВ

Жыл сайын гезитибиздин мыкты авторуна айланган көрүнүктүү окумуштуу агайыбыз быйыл да окурмандарга эң мыкты аналитикалык макалаларын тартуулады. “Жаңы доордогу билим берүү”, “Манастын тарбия сааты” аттуу көлөмдүү макалалары гезитибиздин мазмунун көтөрдү.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Ишенгүл БОЛЖУРОВА

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер эжекебиз «Как нам быть с подрастающим поколением в новое время?» деген аталыштагы орус тилиндеги көлөмдүү аналитикалык макаласы менен активдүү жарандык позициясын көрсөтө алды. Окумуштуунун тарбия жаатындагы пикири окурмандарыбыздын зор кызыгуусун туудурду.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Марьям ИРИСОВА

Катардагы карапайым мугалим, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреатынын “К 100-летию героя советского союза
Ч.Түлөбердиева”, “Сила слова и пера”, “Манас” – энциклопедия кыргызской жизни” аталышындагы усулдук сабактары мугалимдерге зор көмөкчү боло алды.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Гүлзада БИЛБАЕВА

Билим берүү жана илим министрлигинин белдүү кызматкеринин “Отраслевая наука – локомотив развития экономики”, “Насколко оправдывает себя наша наука”, “Т.Сыдыкбековдун көркөм чеберчилиги” өңдүү курч мүнөздө жазылган макалалары окурмандардын эсинде калды.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Динара ДАНКЕЕВА

Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусунун “Өлкө конституциясынын таалим-тарбияга берген жаңы багыттары жөнүндө”, “Нарктуулук бала кезден башталат” аталышындагы макалалары тарбия багытындагы тасирдүү эмгек болду.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Аида ДАВЛЕТОВА

Борборубуздагы №63 мектептин орус тили жана адабияты мугалими, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, белгилүү педагогдун “Школы России” деген көлөмдүү макаласынын мугалимдерге чоң жардамы тийди.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Зина КАРАЕВА

Кыргызстан эл аралык университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, котормочу эжекебиздин «Кыргызстандагы Ph.D программасы жана эл аралык талаптар» аталышындагы мазмундуу макаласы жана активдүү жарандык позициясы, ыктыярчылык ишмердүүлүгү окурмандарыбыздын чоң колдоосуна татыды.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Узен АТАКАНОВ

Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими «Улуу жазуучуга арналган «Акыл-Ордо», «Аксылык балдар достукка чакырат», «Улуттук адабият күнү мектепте», «Ыр сынагы өспүрүмдөрдү достоштурду» аттуу кыска-нуска кат-кабарлары окурмандарыбызды кайдыгер калтырган жок.

"КУТ БИЛИМДИН" 2022-ЖЫЛДАГЫ МЫКТЫ АВТОРЛОРУ

Тайир АШИРБАЙ

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалиминин жыл ичиндеги Лейлек району боюнча жаңылыктар түрмөгү жана «Чек араны кайтарган мугалиммин», «Кыргыз тилинин коомдогу орду мектепке байланыштуу» аттуу макалалары окурмандардын атуулдук сезимин ойготту.

Бөлүшүү

Комментарийлер