«КУТ БИЛИМДЕ» ООР ЖОГОТУУ. АЙНУРА КАНИМЕТОВАДАН АЙРЫЛДЫК

  • 26.08.2020
  • 0

«Кут Билим» гезитинин бөлүм редактору, билим берүүнүн отличниги Айнура Каниметова 25-августта 50 жашка караган курагында оор кеселден көз жумду.

"КУТ БИЛИМДЕ" ООР ЖОГОТУУ. АЙНУРА КАНИМЕТОВАДАН АЙРЫЛДЫК

Дээрлик чейрек кылым бою журналистиканын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келген, кесиптик милдетин дайыма жоопкерчилик менен аткарган калемдешибиздин каза болушу кабыргабызды кайыштырды. Шум ажал эрте алып кетти Айнураны.

Айнура Тобокеловна Каниметова 1970-жылы туулган. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарынын ортосунда Бишкек гуманитардык университетинин орус филологиясы факультетин аяктагандан кийин, «Кут Билимде» корректор болуп иштей баштаган. Андан кийин кабарчы, бөлүм редактору  болуп талыкпай иштеп, дээрлик чейрек кылым журналистикада ак кызматын өтөдү.

“Кут Билимден” тышкары Улуттук “Кабар” агенттигинде кабарчы,  Билим берүү жана маданият министрлигинин басма сөз катчысы болуп кынтыксыз иштеди.

Айнуранын кесиптик чеберчилиги жогору, чыгармачылык чабыты бийик, бардык кесиптештери менен мамилеси  абдан жакшы эле.

Арабыздан кетип, акка моюн сунган кесиптешибиздин ата-энесине, бир туугандарына, кызы Мадинага жана башка жакындарына кайгырып кайрат айтабыз, кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кош бол, Айнура…

 

«Кут Билим» гезитинин редакциясындагы кесиптештери

АК ПЕЙИЛ, ЖУМШАК МҮНӨЗ ЖАН ЭЛЕ

(Бул жарыктан эрте кеткен Айнура Каниметованы калемдештери эскерет)

Чолпон Кийизбаева:

— Биздин жамаат Айнура эжебизден айрылып калдык. Кандай сонун киши эле. Акырын сүйлөп, жылмая күлүп коюп жүрө берчү. Анда-санда кыргызча куйкумдуу сөздөрдү айтканда, жыргап күлчүбүз. Бизге окшоп диктофон колдонгонун такыр көргөн жокмун. Баарын мээсине сиӊирип келип эле, унчукпай отуруп чоӊ-чоӊ макалаларды жазып салчу.

Өзүнүн ишин мыкты билген, адамгерчиликтүү, ушак-тешекке аралашпаган, «аа, ясно» деп коюп иштей берген жан эле. Ооруп жатканын дагы эч бир жанга билгизгиси келбей жүрүп кете берди.

Айнура эже, тилекке каршы, сизге жабышкан оору акыры алып тынды. Эмне дейбиз, жаткан жериӊиз жайлуу болсун, биз сизди эч качан унутпайбыз.

Гүлнара Алыбаева:

— Айнура өзгөчө эле. Кубанычын да, кайгысын да токтоолук, сабырдуулук менен көтөрө билчү. Жаныбызда отурганда качан чыгып кеткенин билбей калчубуз. Анткени ал кайда болбосун акырын баскан, жумшак сүйлөгөн, кыт-кыт күлгөн момун жан эле. Ооруп калдым деп бир жолу да айткан жок. Зыӊкыйып жүрүп, зыӊкыйып өтүп кетти. Айнурка, арбагыӊа багыштап дуба кылгандан башка айла жок. Жараткан, жанаттан орун бере көр ушул пендеӊе.

Алимжан Алибеков:

— Айнура кандай маалымат болбосун, «Всё понятно!» деп алеки заматта жаза салган чебер журналист эле. Эми эч жерден таппайбыз. Тагдыры ушундай экен. Сабыр кылалы!

Жолдош Турдубаев:

— Айнура Билим берүү жана маданият министрлигинин маалымат катчысы болуп иштеген кезде түркүн адамдарды тосуп алып, арыз-арманын, дооматын кунт коё угуп отурганы эсимде. Ачууга алдырган кишилер менен да жылуу-жумшак сүйлөшүп, билген кеӊешин айтып, көӊүл жубатууга аракеттенчү. Орчундуу маселелердин создуктурулбай чечилишин каалап, ар кимге колунан келишинче көмөктөшүүгө даяр турчу. Гезитке жазганын мактасак, сүйүнүп калчу, бирок сынды да терикпей укчу, жаман көрчү эмес. Ишке жоопкерчилик менен караган, тапшырманы убагында, так аткарган журналист эле.

Бөлүшүү

Комментарийлер