КУРУЛТАЙ:АГАРТУУЧУЛАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

  • 02.12.2022
  • 0

25-26-ноябрда өткөн Элдик курултайга аймактардан 1072 делегат шайланып келсе, анын 101 билим берүү тармагынын өкүлдөрү. Курултайдын жүрүшүндө өлкө башчы Садыр Жапаров билим берүү системасына биринчи иретте көңүл буруларын баса белгилеп, эки-үч жылда бир да эски мектеп, бала бакча калбай турганын убадалап, элди кубанычка бөлөдү. Албетте, мындан сырткары да бул тармакта чече турган маселелер абдан көп. Убакыттын тардыгынан Курултайга делегат болуп келгендердин бардыгы көңүлүнө түйүп келген көйгөйлөрүн айта албагандыктан, билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө гезит бетинен орун бердик.

«БАЛА БАКЧАНЫН ЖОКТУГУ — АЙЫЛДЫН БИРИНЧИ КӨЙГӨЙҮ»

КУРУЛТАЙ:АГАРТУУЧУЛАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Керээз Ибраева, Нарын районунун Куланак айылындагы, Аялдар кеңешинин төрайымы:

— 3600 жарандын көйгөйүн көтөрүү максатында делегат болуп шайландым. Биздеги билим берүүгө байланыштуу көйгөйлөрдүн бири — бала бакчанын жоктугу. Биздин айыл өкмөттө 75 балага ылайыкташтырылган бир эле бала бакча бар. Ал эми бала бакчага бара турган балдардын саны 200дөн ашат.  Бала бакчага тартылбай калган балдардын күнү үйдө кезек күтүү менен өтүп жатат.  Билим берүү дал ушул бала бакчадан башталуусу кажет. Азыр көп жерде «үч жаштан кийин кеч болот» деп коңгуроо кагып келебиз. Үй-бүлөдөн кийинки балдардын тарбиялануучу чөйрөсү бала бакча болууга тийиш. Балдардын билим деңгээлине бала бакчадан баштап көнүл бурбасак, кийин эң көйгөйлүү маселеге айлануусу ыктымал. “Билим берүү жөнүндө» мыйзамда да ар бир бөбөк бала бакчага барууга тийиш экендиги баса белгиленген.  Ушул көйгөйдү чечүү максатында бала бакча куруп берүүнү суранып, болгон жерге кайрылуубузду таштадык. Факты катары балдардын бир бөлмөдө уктап, бир бөлмөдө окуп жатканын сүрөткө тартып да киргиздик. Эми жакшы кабар аларыбыздан үмүттөнүп күтүп жатабыз.

«ОКУУЧУЛАР АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕ БИЛИМ АЛУУДА»

КУРУЛТАЙ:АГАРТУУЧУЛАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Асылкан Айдосова,      Лейлек районундагы, Бешкент айыл өкмөтүнүн, «Келечек» орто мектебинин директору:

— Биздин мектеп 1939-жылы курулган.  Азыр эскилиги жетип жан кейитерлик авариялык абалга келди. Бөлмөлөр талапка жооп бербейт.  1114 окуучуну үч нөөмөттө окутууга аргасызбыз.  Көйгөйдөн улам жаңы мектепке муктаждык күчтүү болуп турат. 500 орундуу мектептин долбоору төрт жыл мурда башталып, бүгүнкү күнгө дейре курулуш иштери аягына чыкпай келет. Жыл сайын 70-80 окуучу мектепти аяктаса, 100-120 окуучуну биринчи класска кабыл алабыз. Курултайда бардык маселелер боюнча министрликтер менен жолугушуп, элдин атынан кайрылууларды тапшырдык.  Буюрса, биздин бул көйгөй дагы чечилет деген тилекте кайтып бара жатабыз.

КУРУЛТАЙ:АГАРТУУЧУЛАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Айжамал Турдалиева,  Аламүдүн районундагы Ленин атындагы мектебинин англис тили мугалими:

— Ленин атындагы мектеп 1973-жылы 750 окуучуга ылайыкташтырылып курулган. Бүгүнкү күнү 1865 окуучу билим алат. Окуучулардын саны көп болгонго кабинеттер жетишсиз,  кадимкидей тыгын болуп калат. Айласыздан ар кандай иш-чаралар өтүлүүчү акт залында, эмгек кабинеттеринде балдарды окутуп жатабыз. Мектептин жанындагы аянтка башталгыч класстар үчүн имарат куруп берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Же болбосо Ленин айылында атайын лицей үчүн бөлүнгөн имаратты мектептин карамагына өткөзүп берүү тууралуу да айттык. Андан сырткары мектеп жолдун боюнда жайгашкандыктан абдан кооптуу жагдайлар жаралат. Маселен, беш жыл мурда  мектептин алдынан окуучу кызды унаа сүзүп кеткен. Бул окуя быйыл да кайталанып, төртүнчү класстын окуучусу кырсыкка учурады.  Балдардын коопсуздук маселеси бизди бушайманга салууда.

МУГАЛИМДИН АР ТАРАПТУУ БОЛГОНУ  –КООМ ҮЧҮН НАТЫЙЖАЛУУ”

КУРУЛТАЙ:АГАРТУУЧУЛАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

 Достук Бердибек уулу, Түп районундагы Ысык-Көл медико-стоматологиялык колледжинин окутуучусу:

— Мугалимдер окуучуларды жаңы методдор, багыттар менен окутуусу үчүн ар кандай тренингдер, сабактар уюштурулуп турса деген маселени көтөрдүк. Себеби мугалим бардык багыттын, кесиптин башаты. Окуучуларды мектеп курагынан ар тараптуу болууга көндүрүү үчүн адегенде, мугалим өзү ар тараптан квалификациялуу, билим деңгээли жогору болуусу зарыл. Эгерде мугалим ар тараптуу билимдүү болбосо, анда окуучулардын ар тараптуу болуусуна  кыйынчылык жаралат.  Ошол себептен мугалимдин талаптарын да жогорулатып, ошону менен катар  конференция, семинарларды ар бир аймакта уюштуруп турса, жакшы жыйынтык болоруна ишенебиз. Бул маселени чечүү деле кыйын эмес. Мисалы, ар бир регион, облустардагы университеттердин алдыңкы дипломдук иштери, диссертациялары менен маалымат алмашып турса дейбиз.

“ТАМАККА БӨЛҮНГӨН АКЧАНЫ КӨБӨЙТҮҮ ЗАРЫЛ”

КУРУЛТАЙ:АГАРТУУЧУЛАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Бегайым Эркинбаева, Баткен облусундагы, Совет айылынын,  №72 кесиптик лицейинин  мугалими:

— Бүгүнкү күнү лицейдин окуучуларынын күнүмдүк тамак-ашына отуз сом гана бөлүнөт. Инфляцияга байланыштуу ал сумманы көбөйтүү боюнча сунуштама бердик. Күнүмдүк рационго керектелүүчү тамак-аштарды камтыган сумма кирсе жакшы болот эле. Себеби окуучулар жатаканада жатып окушат, күнүгө ошол жерден тамактанышат. Мектепке бөлүнгөн жерге күрүч айдап койгонбуз, андан түшкөн каражатты да балдардын тамак-ашына жумшайбыз. Чындыгында окуучулар этсиз тамактанышат, рационго кээ бир учурда гана кошууга мүмкүнчүлүк жетет. Андан сырткары класстарга заманбап проекторлорду коюу да сабактарды ар тараптан кызыктуу өтүүгө, окуучулардын кызыгуусун ойготууга өбөлгө болмок.

Айгерим ТОКТОБАЕВА,  “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер