«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КОЛДОО КӨРСӨТҮҮДӨ

  • 30.01.2024
  • 0

Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болду.

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КОЛДОО КӨРСӨТҮҮДӨ

Бул спорттук аянтчанын курулуш иштерине «Кумтөр Голд Компани» ЖАК колдоо көрсөтүп, 1,5 миллион сом бөлүп берген.

Мындан тышкары, Кочкор районунун Жаңы-Жол айылындагы орто мектептин информатика кабинетин жабдуу үчүн «Кумтөр Голд Компани» 1 млн сом бөлгөн. Жакынкы арада мектепке бардык керектүү жабдуулар алынып келинип, орнотулат.

Ошондой эле, социалдык милдеттенмелерди аткаруунун алкагында ишкана тарабынан үстүбүздөгү жылдын январь айында Кочкор районунда жашаган социалдык аялуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 100 тонна көмүр таратылган.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер