КТМУДА СТУДЕНТТИК КӨРГӨЗМӨ

  • 05.06.2023
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетиндеги графика жана живопись бөлүмүнүн студенттери тарабынан даярдалган «Адамдык сезимдер» аталышындагы сүрөт көргөзмө болуп өттү.

КТМУДА СТУДЕНТТИК КӨРГӨЗМӨ

 

Көргөзмөдө  студенттер тарабынан заманбап искусство ыкмасы менен жасалган Чыңгыз Айтматовдун, Мустафа Кемал Ататүрктүн портреттери жана сезимдерди чагылдырган сүрөттөр орун алды.  Иинсталляция, баскы техникасынын жардамында жасалган жетимиштен ашык эмгек коюлду. Студенттер алган теориялык билимин практика жүзүндө эркин түрдө ишке ашырышты. Сүрөт искусствосу бөлүмүндө инсталляция сабагы милдеттүү жана тандоо сабагы катары окутулат. Анда студенттерге теориялык билим берилип, көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында практикалык иштер жасалат.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана искусство сүйүүчүлөргө жаңы искусство түрүн жайылтуу болуп саналат.

Аталган факультеттин 3-курсунун студенти Айжан Ашимова ннсталляцияга адамдардын сезимдерин, тактап айтканда, дайыма тынчсызданган абалда болуп, көп ойлонгон адамдын сезимин чагылдырды.  Ал инсталляцияны үч айда жасаганын айтат.

  • Инсталляция сабагынан болуп жаткан көргөзмөдө адамдардын ичиндеги сезимди көргөзгүм келди. Бул эмгекти жасоого үч ай талап кылынды. Биринчи айда эскизин түзүп алсам, кантип, кандай матераилдар менен сапаттуу жасайм деп ойлонгонго эле эки ай убакыт кетти. Мисалы, кызыл жиптер аркылуу адамдын ойлорун бергенге аракет кылдым. Биздин башыбызда миң түркүн ойлор жатат. Ойлор бизди кармап тургандай сезилет, бирок, биз башыбыздагы чырмалышкан ойлордон чыга албайбыз. Канчалык аракет кылсак дагы жиптер бизди коё бербейт. Өзүм көрсөткүм келген сезимди так жана даана жеткире алдым деп ойлойм, —  дейт Айжан Ашимова.

Мындай иш-чаралар студенттердин жаратмандык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Ошондой эле искусство жаатында жаңы байланыштарды түзүүгө өбөлгө болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер