КРСУнун БИШКЕКТЕГИ ИШИНИН ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ

  • 07.02.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

КРСУнун БИШКЕКТЕГИ ИШИНИН ШАРТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ

Мыйзам 2024-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашууда Кыргыз-Россия Славян университетинин укуктук абалы жана ишмердүүлүгүнүн шарттары; билим берүү ишинин милдеттери жана уюштурулушу; университеттин ишмердүүлүгүн финансылык жактан камсыздоо; билим берүү программалары жана алар боюнча окууга кабыл алуу эрежелерин белгилөө, ошондой эле аталган университетте алган билимди жана квалификацияны өз ара таануу; билим берүү программаларын ишке ашыруунун алкагында билим берүү ишин лицензиялоо жана аккредитациялоо; университеттин табыштамасынын негизинде тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик/федералдык бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен окууга кабыл алуу үчүн орундардын санын белгилөө; Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан университеттин өтүнүчү боюнча илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча кеңештердин базасында уруксат берүүнүн шарттары; тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан университетке билим берүү жана илимий уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү караган илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык каралган.

Бөлүшүү

Комментарийлер