КР МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРЛОРУНУН ЖАНА МЕТОДИСТТЕРИНИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИНЕ КАРАТА СУНУШТАР

  • 16.08.2019
  • 0

2019-жылда Кыргызстанда август кеңешмелери төмөнкү жалпы тема боюнча өтөт:

“Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү стратегиясы”

КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-мартындагы №201 токтому менен бекитилген “КР 2012-2020-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү стратегияларына байланыштуу, Республикада мектепке чейинки билим берүү системасында ийгиликтүү практиканы ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүүнүн жаңы чечилиштерин изденүү мүмкүнчүлүктөрү айкын. «Баланын укуктары жөнүндөгү Эл аралык конвенциясынын» негизги жоболорунун (КР жогорку кеңешинин 1994жылдын 12-январындагы №1402 токтому), “Мектепке чейин билим берүү мыйзамынын (2009-жылдын 29-июну №198), «Мектепке чейин билим беүү жана балдарга комкордук кылуу» (КР өкмөтүнүн 2012жылдын 23-октябрындагы №742 токтому менен бекитилген), Төрөлгөндөн 3 жашка чейин балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча көрсөтмө (Базалык стандарттар, КББА нын Окумуштулар кеңеши тарабынан бекитилип, жарык көрүүгө сунушталган (2016-жылдын 28-октябрындагы №9 протоколу жана КР саламаттыкты сактоо министрилигинин жана КРББ жана ИМнин буйруктары менен) жана башка документтердин ишке ашырылышы уланууда. Мектепке чейин билим берүү системасы жаңыланууда. Учурда кыргызстанда, мамлекеттик, мунуципалдык, ведомствалык мектепке чейин билим беүү уюмдары жана бала бакчаларынын вариятивдик моделдери кеңейүүдө. Мектепке чейин билим беүү уюмдарына барбаган балдар үчүн жеткиликтүүлүк,мектепке чейин билим берүү сапаттык жогорулатуу, мектепке даярдоо, башталгыч мектептердин базасында “Наристе” – 480 саат Программасы боюнча даярдоо мектепке чейин билим берүү уюмдарынын түрдүү моделдеринде ишке ашырылууда.

ОО «Ырайым», Р.И.Отунбаеванын МОФ, ГСМ коомдук уюмдардын колдоосу менен “Энелер мектеби” өнүгүүдө.

Педагогдордун Базистик программалар: «Бирге чоңойобуз». «Кооптуу ситуациядагы мектепке чейинки балдардын коопсуздугу» парциалдык программалары жана «Балалык», «Алтын ачкыч» ж.б. кошумча программалар боюнча педагогикалык процессттерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Мектепке чейинки программалар окумуштуулардын кыргыз республикасындагы, КМШ мамлекеттеринде жана ыраакы чет элде тарбия берүү жана башталгыч билим берүү областындагы психологиялык-педагогикалык изилдөөлөрүнө негизделген. Бул документтер мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүнүн негизги багытарын ишке ашырууга багыталган: физикалык, когнитивдик, социалдык жана эстетикалык өнүгүү.

Республикада балдардын топторун электрондук кезек аркылуу түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мына ошонун натыйжасында топтогу балдардын саны азайууда.

Мектепке чейин билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты боюнча глобалдуу маселелер кадамдар боюнча чечилүүдө; Алар этно-маданияттык мазмунунда, КР да мектепке чейин билим берүү технологияларынын жана инновациялык методорунун, социалдык-маданияттык кайра өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жашоого, кадам жасоого, жаңы муун канчалык даярдык аларына түздөн түз байланыштуу. Мектепке чейин билим берүүчү педагогдордун квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоого кардарлыгы жогорулады.

Мектепке чейинки программаларда, мектепке чейин билим берүүчү педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу программаларында, мектепке чейинки балдарды тарбиялоодо, билим берүүдө, өнүктүрүүдө маанилүү болгон Кыргыз республикасынын маданиятын – улуттук, регионалдык, климматтык, географиялык, экономикалык шарттары эске алынат. Мектепке чейинки балдардын физикалык, когнитивдик, социалдык-эмоцианалдык жана эстетикалык өнүгүүсүнүн инновациялык багыттары каралат.

Мектепке чейинки жаштан баштап тарбиялоонун, окутуунун жана балдарды өнүктүрүү программаларын өздөштүүрүчү мониториңгдөөчү ишке ашыруу методдору кайрадан иштелип чыгат.

Бул учурда “Мектепке чейин билим берүү жана балдарга камкордук” мамлекеттик стандартында берилген балдардын өнүгүүсүнүн индикаторлоруна карата багыт алуунун зарылдыгы баса көрсөтүлгөн (КР өкмөтүнүн 2012 жылынан 23-октябрында №742 токтому менен бекитилген), төрөлгөндөн 3 жашка чейин эртелеп өнүктүрүү боюнча көрсөтмө (өнүктүрүүнүн базалык стандарты), КББА нын окумуштуулар кеңеши бекитип, (2016 жылдын 28-октябрындагы №9 протоколу жана КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги жана КР Билим берүү жана илим министирлигинин буйруктары менен) жарык көрүүгө сунушталган.

Заманбап шарттарда мектепке чейинки жаштагы балдардын республикада жашаган кыргыз жана башка улуттагы элдердин этикети, адеп ахлактыгы жана маданияты жөнүндөгү алгачкы элестөөлөрү жөнүндөгү тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү суроолоруна компетенттүүлүк мамиле белгиленет .

Мектепке чейин билим берүүнү, өзгөчө КРда мектепке чейин билим берүүнү регионалдаштырууну жакшыртуу максатында, квалификацияны жогорулатуу курсунда, семинарларда педагогдорго жана мектепке чейин билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, балдарды окутуу процессинде компютердик технологияларды колдонуу окутулат. МКТ педагогдордун жана ата-энелердин компетенттүүлүгүнүн шарты катары каралат.

Тема:

Мектепке чейинки жаштагы балдарды заманбап шарттарындагы этикет, адеп ахлахтуулук жана маданият жөнүндөгү алгачкы элестөөлөргө тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү суроолоруна компютердик технологияларды колдонуу менен компетенттүү мамиле.

Максат:

КР мектепке чейин билим берүү системасынын турактуу өнүгүү жана компетенттүүлүк мамиленин максатарынын контекстинде өнүктүрүү. Мамлекеттик, мунуципалдык жана вариятивдик модели мектепке чейин билим берүү уюмдарынын директорлорунун жана педагогдорунун балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүү суроолору боюнча заманбап шарттарда жалпы,кесиптик жана инсандык компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу. Мектепке чейин билим берүүдө, рационалдаштыруу, регионалдаштыруу жана компетенттүүлүк максатында компьютердик технологияларды колдонуу.

Уюштуруу формасы:

Адистердин секциялык иштерин өткөрүү

1) мамлекеттик жана мунуципалдык мектепке чейин билим берүү уюмдарында

2) вариативдик мектепке чейин билим берүү уюмдарында (жеке менчик балдар бакчасында, Энелер мектебинде, мектепке бараар алдындагы класстарда).

КРда мектепке чейин билим берүүнү өнүктүрүү стратегияларынын 2012-2020-жылга чейин ишке ашыруу суроолору боюнча киришүү жана вектордук презентацияларды камтыган “тегерек стол” формасында, нормативдик укуктук жана программалык камсыздоону сунуштайбыз.

Белгиленген тема боюнча дискуссия көргөзмөгө коюлуучу материал.

Киришүү жана вектордук презентациялардын сунушталуучу темалары:

  1. Туруктуу өнүгүү, этно-маданияттык аспект, гендердик теңчилик окутуудагы маданиятуулук, мектепке чейинки балдарды өнүктүрүчү жана тарбиялоо боюнча материалдарды тандоо жана пайдалануу.
  2. Мектепке чейин билим берүүдө регионалдаштыруу жана компетенттүүлүк мамиле максатарында компютердик технологияны пайдалануу.
  3. Баланы физикалык, когнитивдик, социалдык-эмоционалдык жана эстетикалык өнүктүрүү максатында сабактардын активдүү жана интерактивдүү формаларын уюштуруу.
  4. МКТ колдонуу менен интерактивдүү инсанга багытталган окутуу чөйрөсүн уюштуруу.
  5. Мектепке чейинки түрдүү жаштагы балдар үчүн оюн жана окуу иш аракетерин уюштуруу.
  6. Мектепке чейинки балдарды адеп-ахлактуу тарбиялоочу этно-маданиятык аспект.
  7. Республиканын аймактарында “энелер мектебинин” мисалында мектепке чейинки 8 жаштагы балдарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн, коомчулуктун жана педагогдордун өз ара аракеттери.
  8. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы моделдеринде мкт колдонуу менен мектепке чейинки программаларды ишке ашыруу проблемалары.
  9. Башталгыч мектеп алдында наристе – 480 саат мектепке даярдоо програмасын ишке ашыруу.
  10. Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө системалык мамиле.

Резолюция долбоорун кабыл алуу

Резолюция долборуна материал:

Мектепке чейин билим берүү системасында ийгиликтүү практикага жана жаңы чечимдерге жетишүү максатында, Республикада мектепке чейин билим берүү, туруктуу өнүктүрүүнү улантуу. КР өкмөтүнүн 2012-жылынын 3-мартында №201 токтому менен бекититилген КР 2012-2020-жылдарда мектепке чейин билим берүү стратегиясын өнүктүрүүгө байланышту “Балдардын укуктары жөнүндөгү Эл аралык конвенциянын негизги жоболорун (жогорку кенештин 1994жылы 12-январдагы №1402 токтому), «Мектепке чейин билим берүү закону (Бишкек ш. 2009-ж. №198).Туулгандан 3 жашка чейин балдарды өнүктүрү боюнча жетекчилик (өнүктүрүүнүн базалык стандарттары), КББА нын окумуштулар кеңеши тарабынан бекитилген жана жарык көрүүгө сунушталган протокол №9 29.10.2016-ж. жана КР Саламаттыкты сактоо министирлиги жана КР Билим берүүжана илим министрлигинин буйруктары менен), “Мектепке чейин билим берүү жана балдарга камкордук көрүү “Мамлекеттик стандартан (өкмөтүнүн №742 токтому менен 2012-жылы бекитилген) ишке ашырууну улантуу. КР ББ жана ИМнин жумушчу тобу бул документтин мазмунун жаңылоонун үстүндө активдүү иш алып барышууда.

Мектепке чейин билим берүү системасын жаңылоону жана өнүктүрүү процессин орчундуу активдештирүүнү колдо мамлекеттик, мунуципиалдык жана вариятивдик моделдеги мектепке чейин билим берүү уюлдарынын өз жерлеринде кеңейтүү.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барбаган балдар үчүн, «Энелер» мектебин кеңейтүү. Башталгыч мектептерде «Наристе» программасы боюнча мектепке даярдоо процессин өркүндөтүү.

Коюлган маселелерди чечүүнү камсыздоо максатында Базистик (жалпы өнүктүрүүчү) мектепке чейинки жаштагы балдарды тарбиялоо окутуу өнүктүрүү программасын сапаттуу аткаруу, 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо жалпы өнүктүрүү програмасын,мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик, мунуципалдык вариативдик моделдеги уюмдарынын шартында кошумча “Балалык”, «Алтын ачкыч» программаларын ишке ашыруу. Мектепке чейин тарбия берүүнүн инновациялык методдору жана мазмуну КРнын, кмш мамлекетеринин жана ыраакы чет элдеринин окумуштууларынын мектепке чейин жана башталгыч билим берүү психологиялык-педагогикалык областындагы илимий изилдөөлүрүнө негизделиши керек .

Мектепке чейинки билим балдарды тарбиялоо процессине Кыргыз Республикасынын улуттук-маданияттык, аймактык, киноматографиялык экономикалык бирге балдарды тарбиялоо, окутуу өнүктүрүү программасын өздөштүрүүнү мониторингдөөнү ишке ашыруу.

Мектепке чейин билим берүүнү рационализациялоо, регионалдаштыруу жана тизмектештирүү максатында компьютердик технологияларды колдонуу. МКТ аркылуу, ачык билим берүү ресурстарын камтуу менен педагогдордун, ата-энелердин, коомчулуктун мектепке илим билим берүү суроолору боюнча компетенттүүлүктөрүн кеңейттүү bilim/fripress. Педагогикалык процессте МКТ колдонуу боюнча методикалык сунуштар мектепке чейин билим берүүдө, МКТ пайдалануу багытындагы жетектөөчү кесип ээлери Бузмакова Светлана Владимировна, Кривопалова Галина Александровна маалыматташтыруу процессинин түйүндүү багыттары катары төмөнкүлөрдү белгилешет;

  1. Уюштуруучулук

— Методикалык кызматты модернизациялоо;

— материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү;

— белгилүү маалыматтык чөйрөнү түзүү.

  1. Педагогикалык

— мектепке чейин билим берүү мекемелеринин педагогдорунун МКТ компетенттүүлүгүн жогорулатуу;

— маалыматык-комуникациялык технологияларды билим берүү мейкиндигине киргизүү.

МКТ деген эмне?

Билим берүүдөгү маалыматтык-коммуникациялык технология (МКТ) – бул окуу – методикалык материалдарынын, педагогикалык процесстеги эсептөөчү техниканын техникалык жана инструменталдык каражаттарынын комплекси:

Билим берүү мекемелеринин кесип ээлеринин иш аракеттерин өркүндөтүү (администрация, тарбиячылар, кызматкерлер), ошондой эле балдарга билим берүү (өнүктүрүү, диагноздо, коррекциялоо) мектепке чейин билим берүү уюмдарынын педагогдорунун МКТ колдонуу областы.

  1. Документтерди иретке келтирүү.

— Билим берүү, иш-аракет процессинде педагог колледжин жана перспективалык пландарды түзөт жана сыпаттайт. Ата-энелер бурчун түзүүгө материалдарды даярдайт. Диагноздоону жүргүзүп жана натыйжасын басма ошондой эле электрондук түрдөбаяндап жазат. МКТ пайдалануунун негизги аспекти болуп педагогдорду аттестацияга даярдоо саналат. Бул жерде документтерди даярдоо, ошондой эле партфолионун электрондук версиясын даярдоо?

  1. Методикалык иш, педагогдун квалификациясын жогорулатуу.

Маалыматтык коомдо электрондук ресурс тармактары – бул өтө ыңгайлуу, ылдам жана заманбап методикалык идеяларды жана дидактикалык колдонуучу жана таратуунун жолдору,методистердин жана педагогдордон турган ыракка байланышуу жлолу. Маалыматтык-методикалык колдоо электрондук ресурс түрүндө педагогдордун сабакка даярдонуусунда, жаңы методикаларды үйрөнүүдө, сабакка керектүү көрсөтмө куралдарды тандоого колдонулушу мүмкүн.

Педагогдордун тармактык коомчулугу зарыл методикалык иштемелерди табууда жана пайдаланууда гана колдонулбастан, ошондой эле өз материалдарын орноштуруп, түзүп методикаларды, технологияларды пайдалануу боюнча педагогикалык тажрыйбасы менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышат.

Педагогдун ишинин маанилүү аспекти болуп түрдүү педагогикалык проекттери, дистанттык конкурстарга, викториналарга олимпиадаларга катышуулары, педагог катары өзүнүн ишин ошондой эле тарбиялануучуларды баалоо деңгээлин жогорулатат. Мындай иш-чараларга түздөн түз катышуу көпчүлүк учурда аймактын алыстыгынан, каржыны коротуу жана башка себептерден мүмкүн болбойт. Ал эми дистанттык катышуу баарыга жеткиликтүү. Бул учурда ресурстун ишенчиликтүүлүгүнө,катталган пайдануучулардын санына көңүл буруу зарыл. Педагогдун ишинин негизи – тарбиялык билим берүү процессин алып баруу болуп саналат.

  1. Тарбиялык – билим берүү процесси өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

— тарбиялануучунун билим алуу иш-аракетин түздөн-түз уюштурууну педагог менен балдардын бирдиктүү өнүгүү иш аракетин уюштурууну, проекттерди ишке ашырууну, өнүктүрүү чөйрөсүн түзүү (оюндар, колдонмолор, дидактикалык материалдарды). Мектепке чейинки жаштагы балдардын көрсөтмө образдык ой-жүгүртүүсү үстөмдүк кылат. Бул жаштагы балдардын иш-аракетин уюштурууда, башкы принцип болуп көрсөтмөлүүлүк принциби саналат.

Ар түрдүү иллюстративдик материалдарды колдонуу, статикалык, ошондой эле диномикалык болбосун мектепке чейин билим берүү уюмдарынын педагогдоруна, балдар менен бирдикте билим берүү иш аракетинде коюлган максатка тезирээк жетүүгө мүмкүнчүлүк алышат. internet-ресурстарды пайдалануу билим берүү процессин көлөмдүү маалыматтын, кызыктуу жана комфортуу кылууга мүмкүнчүк берет. МКТны пайдалануу менен өткөрүлүүчү сабактардын эки негизги түрүн бөлүп көрсөтүшөт:

  1. Мультимедиялык колдоо менен сабак өтүү мындай сабакта бир гана компютер “электрондук доска “катары пайдаланылат. Даярдонуну этабында электрондук жана маалыматтык ресурстар анализделинет. Сабак үчүн зарыл болгон материал тандалат. Айрым учурда, темасын түшүңдүрүүгө керектүү материалдарды тандоо кыйын.Ошондуктан powerpoint программасынын же мультимедиялык программанын жардамы менен презентациялык материалдар түзүлөт. Мындай сабактарды өткөрүү үчүн бир персоналдык компьютер (ноутбук), мультимедиялык проектор, колонкалар, экран зарыл.

Мультимедиялык презентацияларды пайдалануу сабакты эмоционалдуу, боектуу, кызыктуу кылуу менен эң жакшы көрсөтмө курал жана демонстрациялык материал болуп саналат, сабактын натыйжалуулугунда көмөк берет. Мультимедиялык презентациялардын жардамы менен балдар менен бирдикте, көрсөтмөлүү гимнастика, көрүүдөн чарчаган дыктан куткаруучу көнүгүүлөр жасалат.

Өнүктүрүү жана окутуучу маалыматарды берүүнүн максаты – бул бөбөктөрдүн ой-жүгүртүү образдар системасын калыптандыруу. Материалдарды мультимедиялык презентация түрүндө берүү окутуу убактысын кыскартат, балдардын ден соолук ресурстарын сактайт.

  1. Компьютердик колдоо менен сабак өткөрүү көпчүлүк учурда мындай сабактар оюндук окутуучу программаларды колдонуу менен өткөрүлөт. Мындай сабакта бир нече компьютер колдонулат, бир эле убакта бир нече тарбиялонуучу иштей алат. Электрондук окуу китебин пайдалануу (оюндук окутуучу – оюн балдар үчүн бул электрондук китеп) – бул программалык окутуу китеби менен иштөөдө,бала материалды өз алдынча үйрөнөт, зарыл болгон тапшырманы аткарат, андан кийин тема боюнча компетенттүүлүк текшерүүдөн өткөрүлөт.

Компьютердин мүмкүнчүлүгү сунушталган материалдын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Жарык экран өзүнө балдардын көңүлүн бурат, балдардын аудио кабыл алуусун визуалдык кабыл алууга бурат, анимациялык каармандар кызыктууну жаратат, натыйжада балдар бейпил абалга келишпейт. Бирок, бүгүнкү күндө тилекке каршы, мектепке чейинки жаштан балдар үчүн жакшы компьютердик программалар жетишсиз. Базардагы бул жаштагы балдарга ылайыктуу окутуучу программаларды төмөнкүчө классификациялоого болот:

  1. Эс тутуму электетүүнү, ой-жүгүртүүнү жана башка өнүктүрүү үчүн оюндар.
  2. Чет тилде “сүйлөөчү” эң жакшы анимациясы менен сөздүктөр.
  3. АРТ-студиялар, сүрөттөр китепканасы менен эң жөнөкөй графикалык редакторлору.
  4. Саякат – оюндары.
  5. Окууга, математикага окутуучу жөнөкөй программалар.

Бүгүнкү күндөайрым бала бакчалар компьютердик класстар менен жабдылууда. Ошол эле убакта төмөнкүлөр жокко эсе:

Мектепке чейин билим берүү процессинде МКТ пайдалануу методикасы:

Компьютердик өнүктүрүүчү программалардын системалаштыруу;

Компьютердик сабактар коюлуучу бирдиктүү программалык-методикалык талаптар;

Бүгүнкү күндө атайын билим берүү программасы менен регламенттелбеген жалгыз иш-аракеттин түрү.

Педагогдор өз алдынча ыкмаларды окуп үйрөнүп, өздөрүнүн иш-аракетине киргизүүгө туура келүүдө.

Сунуштар:

Мектепке чейин билим берүү уюлдарынын директорлорунун, методистеринин жана педагогдорунун компетентүүлүктөрүн калыптандыруу процессинде КР ББ жана ИМ, комдук социалдык институттары, КР ББИМ алдындагы РБКЖКДИ, КББА, КР бир тездет билим берүү башкармалыктарынын, проектердин жана коомчулуктардын бирдиктүү катышуусуна көмөн көрсөтүү.

Мектепке чейин билим берүү уюмдарынын педагогдорунун КР да, жакынкы жана алыскы чет элдерде квалификацияларын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн табуу.

Педагогдордун компетенттүүлүктөрүн жогорулатуу максатында педагогикалык практикада компьютердик технологияларды колдонуу боюнча курстарды уюштуруу

Усенко Л.В., кафедранын башчысы МчБМББ

Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту. Мектепке чейинки жана башталгыч мектепттик билим берүү кафедрасы. тел.: (0555) 715-204.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер