КОЙ БАГЫП АКЧА ТАПКАН МЕКТЕП

  • 25.11.2022
  • 0

Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылындагы Самудин Мурзакматов атындагы орто мектеби билим берүү менен гана чектелбестен 100 кой багып, башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздап, мектепке керектүү каражаттарын өзү камсыздайт.

КОЙ БАГЫП АКЧА ТАПКАН МЕКТЕП

Мамлекеттин көзүн карап отурбай, көмөкчү чарба уюштуруп, анча-мынча кем-карчысын толуктап алган мектептер өлкөбүздө аз эмес. Ошондойлордун бири – Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылындагы Самудин Мурзакматов атындагы орто мектеби. Учурда мектептин көмөкчү чарбасында 100 кой багылат. Алар башталгыч класстардын ысык тамагы үчүн союлуп, айрымдары сатылып, мектептин кем-карчына жумшалат.

КОЙ БАГЫП АКЧА ТАПКАН МЕКТЕП

Бул көмөкчү чарба кантип, кандай максатта түптөлгөн? Мектепке кандай пайда берип жатат? Бул тууралуу мектептин директору
Тыныбек Асанов, кененирээк маалымат берди:

– Бул көмөкчү чарба айыл тургундарынын жардамы менен 2012-жылы уюштурулган. Тактап айтканда, марафондо элеттиктер он бештей кой, эчки чыгарып берген. Бүгүнкү күндө 100 башка жетти. Койлорду жай мезгилинде жайлоого чыгарып, малчыларга бактырабыз. Айыл өкмөттөн акча бөлүнүп мектептин бир тарабына сарай салдырганбыз. Жайлоодон түшкөндө ошол сарайда багылат. Ал жакка атайын камералар да коюлган. Кароолчулар чөбүн салып, сугарып, карап турат. Аларга кылган эмгек акысы үчүн ошол койлордун төлүнөн берип турабыз. Ошондой эле айылдык активисттерден турган көзөмөлдөөчү комиссия бар. Алар баарын көзөмөлдөп, сатчу койлорду сатып, сойчусун союп берип турат.

Быйыл көмөкчү чарбанын эсебинен мектептин айланасын тосуп алышты. Ашкана үчүн атайын тамак-аш сактоочу кампа да уюштурушкан. Андан сырткары мектепке керектүү бардык каражаттарды алышат. Бул мектепте окуучулар да, мугалимдер да мектеп үчүн бир тыйын акча чогултпайт. Баарын ушул чарбанын эсебинен жумшашат.

– Айыл өкмөт үч гектар жерин бөлүп берген. Ал жерден койлорго тоют камдайбыз. Быйыл 650 боо чөп, бир тонна арпа жыйнадык. Ошондой эле төрт сотых жерге картошка айдап, бир тонна түшүм алдык. Бул башталгыч класстардын окуучуларынын ысык тамагына жумшалат. Ушул көмөк чарбанын эсебинен мектеп ичинде ар кандай кароо-сынактарды уюштуруп, кызыктыруучу белектерди коюп келебиз. Албетте, билим берүүдөн сырткары бул чарба иши өзүнчө түйшүк. Ошентсе да жоопкерчиликти моюнга алып, элибиз баштап берген ишти улантып, ушул көмөкчү чарбанын эсебинен мектебибиз үчүн жакшы иштерди жасап келе жатабыз. Мен ойлойм, бул биз үчүн абдан чоң жетишкендик. Себеби ар бир эле мектепте мындай иштер аткарыла бербейт. Биздин көмөкчү чарбанын ушунчалык өсүп, көбөйүп жатканы элибиздин, мугалимдерибиздин ынтымактуулугунан кабар берет. Эч ким бири-бирине атаандашпай, ар ким өз ишин так аткарып, бүгүнкү күнгө чейин иштешип келе жатабыз. Буюрса, көмөкчү чарбаны дагы да кеңейтели деген жакшы ойлорубуз бар, — деди ал.

КОЙ БАГЫП АКЧА ТАПКАН МЕКТЕП

Мектеп 2018-жылы 225 окуучуга ылайыкталып салынган. Азыркы учурда 276 бала окуйт. Андан сырткары мектепке чейинки даярдоо классында 20 окуучу билим алат. 30 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенет. Мектепте бардык шарттар бар. Ар бир класска сыналгы коюлуп, интернет киргизилген. Бир жылга 165 тонна көмүр керектелет. Учурда мектеп көмүр менен толук камсыз болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер