КОСМОНАВТ САЛИЖАН ШАРИПОВ ЖАШТАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫ

  • 10.01.2024
  • 0

КОСМОНАВТ САЛИЖАН ШАРИПОВ ЖАШТАРДЫ ШЫКТАНДЫРДЫ

Бишкектеги «Logos» Келечектеги лидерлер мектебинде  Бактыгүл Тиленбаева шахмат  борборунун  Кыргызстандын жеңүүчүлөрү жана чемпиондору менен Кыргыз Республикасынын Баатыры, космонавт Салижан Шарипов жана аталган мектептин окуучулары, студенттери менен кызыктуу жолугушууга Кыргызстандан Стэнфорд университетинин аэрокосмостук инженерия программасы боюнча бакалавр даражасына тапшырган биринчи окуучу кыз Нуркыз Ыдырысова катышты.

Кыргызстанда төрөлүп, өскөн орусиялык космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Россиянын Баатыры Салижан Шакирович эки ирет космоско учуп, эл аралык экспедициялардын катышуучусу болгон. Ал ар дайым жаштардын аракеттерин жана кызыкчылыктарын  колдоп, өзүнүн үлгүсү менен кыргызстандык жаштарды алдыга бийик максаттарды жана милдеттерди коюуга шыктандырып жана ишке ашырууга түрткү берип, кеп-кеңештерин айтып берди.

— Сиздердин космоско, илим-билимге кызыканыңар кубантырат. Салижан Шарипов  26 жашында космонавт болгон. Космоско кызыксаңар сиздер үчүн азыртан билим алып, даярдык көрсөңүздөр болот.  Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов  1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.

Өзгөндөн орто мектепти аяктагандан кийин, Приморьедеги жогорку учкучтар окуу жайын бүтүп, Токмоктогу аскердик-машыктыруучу полкто учкуч-инструктор болуп иштеп жүргөндө космонавттар борборуна кабыл алынган. Салижан Шарипов 1998-жылы 22-январда америкалык-россиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан Россиянын сексен сегизинчи, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп, “Шаттл-Спейc” космос кемеси менен космоско учкан.

Экинчи ирет космосто болуу бактысы да туш болуп,  2004-жылдын 14-октябрында «Союз-ТМА-5» космостук кораблинин командири жана Эл аралык космостук станциянын 10-экспедициясынын бортинженери болуп, 192 күн, 19 саат 2 мүнөт космосто болгон. Эки ирет 10 мүнөттөн ачык космос мейкиндигинде жүрүп, изилдөө иштерин жүргүзгөн. 2005-жылдын 25-апрелинде Жерге аман-эсен кайтып келген. Салижан Шарипов Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Баатыры, -деп жолугушуунун демилгечилеринин бири коомдук ишмер, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Асылгүл Абдурехменова космонавт тууралуу кеңири маалымат берди.

-Бул  Салижан Шарипов менен жолугушууга  “Келечектеги лидерлер мектебинен” билим алган Кыргызстандан биринчи болуп Стенфорд университетине кабыл алынган  Нуркыз Ыдырысова да катышып,  жаштарды дагы шыктандырды. Мында ушунда жолугушуулардан жаштар эмоциалдуу колдоо алып, шыктанып, илим-билимге болгон кызыгуусу артат. Ушундай ийгиликке жеткен инсандар менен жолугушуу жаш муун үчүн өрнөк жана үлгү болуп саналат,- деди “Келечектеги лидерлер мектебинин” жетекчиси Алтынбек Бегалиев .

-Биздин жаш шахматчылар үчүн жаңы жыл алдында эсте калаарлык жолугушуу болду.Биздин шахмат борборубуз ачылганына 9 жыл болуп, миңден ашуун балдар шахмат дүйнөсү менен таанышып, Азия, дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, өлкөбүздү таанытып келатышат.  Ким билет, балким ушул жолугушуу түрткү болуп, арасында космонавтиканы тандаган балдар чыгаар. Балким, ушул жолугушуудан энергия алышып, Салижан Шакирович космосту багындырган болсо, өспүрүмдөр, жаштар келечекте илим-билим, шахмат боюнча  дүйнөлүк аренаны багындыраар.  Шахматтан Азиядан буюрса бийиктиктерди багындырып жүрөбүз. Дүйнөлүк мелдештерде коңшу мамлекеттерден арттабыз, буга абдан арданам. Жаңырган 2024-жылы буюрса космонавтикага арнап, Салижан Шариповдун байгесине  Кубок өткөрөлүк деп, алгачкы космонавтыбыздын макулдугун алдык,-деди  Бактыгүл Тиленбаева.

Окуучулар, студенттер менен болгон маектешүүдө Кыргызстандан чыккан биринчи жана жалгыз космонавт Салижан Шарипов адам космоско чыкканда кандай сезимде болоорун, бул кесиптин өзгөчөлүктөрүн, машыгуулар,даярдыктар, эгер алар келечекте космонавт болууну чечишсе, кандай кыйынчылыктарга дуушар болорун тууралуу айтып берди.

Балдардын суроолоруна жооп берген Салижан Шариповдун айрым кызыктуу пикирлерин да ортого салууну ылайык көрдүм.

— Космонавт болуу үчүн, биринчиден, ден-соолукту чыңдаш керек. Анткени саламаттыгы мыкты адам гана космоско учат. Экинчиден, көп окуп, билим алуу зарыл. Бардык илимдерден түшүнүгү болушу зарыл. Астрономия, медицина, астрофизика, геофизика, биология, бардык илимдер боюнча билимдүү болушу шарт. Космосто фундаменталдуу изилдөө иштерин жүргүзүп келдик. Бул эксперменттер адамзат үчүн жаңы билим тармактарына жол ачат.

-Космоско учуу менен эч ким акча, кирише таппайт. Мамлекет мындай иш-чараны жүзөгө ашыруу үчүн көп каражат коротот. Бир эле жолу космоско 10 күнгө учуу эле 500 млн доллар каражат чыгымдалат. Ал эми турист болуп учуу үчүн бир жумага эле эң жок дегенде 50-70 млн доллар каражат төлөйт. Андан узак 2-3-4 ай же жарым жыл учуу үчүн 5 млрд доллардык станцияда иштеп, аны тейлөө үчүн кандай билим, күч-кубат кетээрин элестетип көргүлө. Ушундай татаал ишти аткаруу үчүн мамлекет тандалган гана космонавттарга ишеним көрсөтөт. Себеби, ушундай станцияны, кораблды иштетүү үчүн терең билим, тажрыйба керек. Ошондуктан көп убакыт даярданып, машыгабыз. Биринчи америкалык менен учуу үчүн биз бир жарым жыл бирге машыкканбыз.

— Жерге байкоо жүргүзүп, экологияны изилдейбиз. Кен байлыктар, нефть, газ тууралуу маалыматтар. А түгүл балык уулоо боюнча да иликтейбиз. Ачык космоско баары эле чыга бербейт. 500дөн ашык космоско учкан адамдан 100дөй адам гана ачык космоско чыккан. Мен эки ирет ачык космос мейкиндигине чыктым.

— Кеменин терезесинен  жерди кароо башкача, ал эми ачык космостон жер планетасын көрүү өзүнчө эле айтып бүткүс керемет, сүрөттөн көрүү башкача, өз көзүң менен биздин планетаны көрүү өзгөчө эсте калаарлык сезим. Жада калса Ысык-Көлүбүз көрүнүп турат. Ысык-Көл жердин жылмаюусундай, анткени адам чын жүрөктөн жылмайганда ооздун формасы көлүбүзгө окшош. Ал эрин сымал формада болгондуктан, ал дайыма ачык, тунук көл, бийик тоолор арасында жайгашкан жана бул албетте таасирдүү. Кыргызстан менин мекеним, космостон көп сүрөт, видеого тарттым, мунун баары менин архивимде сакталуу.

Президент болууну самаган адамды биринчи космоско учурсак, ал жерден баркын билет эле. Согуштар, чыр-чатактар болмок эмес.

— Космоско учкун келет, ал эми космоско учуп жүргөндө кайра жерге барууну каалайсың. Космосто жүрүү чынында эле абдан кыйын, түйшүктүү. 193 күн космосто болуу мен үчүн бир күндөй эле болуп калды. Себеби, көп экспермент жүргүзүп, көп иштерди аткардык. 2000дей ашуун системаны иштетип, көзөмөлдөп туруу түйшүктүү. 130 килограмм скафандрды кийип жүрүп, ачык космоско чыгуу өзүнчө эле кыйын, эсте калаарлык.

— Космостон учуп келгенден кийин жерде басуу да түйшүк жаратат. Бутка тура албайсың, өзүңө келүү үчүн убакыт талап кылынат. Стимулятордук аппарат жардам берет. Деңиз оорусу деп коет, башың айланат, ичкендериңди кусуп, көңүлүн чөгөт. Бирок мен бат эле көнүп кеттим.

-Мен да бош убактымда шахмат ойнойм. Футбол да жакшы ойнойм. Спорт менен ар дайым машыгып, тыбында болуу зарыл. 200 учкучтан мени тандап алуу үчүн 7-8 жыл даярдык көрдүм. Космоско Кыргызстандын желегин да алып бардым. Космос тууралуу абдан кенен айтуу үчүн абдан узак убакыт керек.

-Азыр мен  Россиядагы Юрий Алексеевич Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунда иштейм. Учурда борбордо космоско учкан бардык космонавттар окуудан жана машыгуулардан өтүп жатышат.  Ал эми активдүү учуу иши токтогондуктан, мен өзүм жаш космонавттарды окутуп даярдап жатам. Ошондой эле, ошол эле учурда мен жаштарга билим берүүчү космостук борборду жетектейм. Бизде чоң команда бар, жаштарга кесипке багыт берип жатабыз. Мектеп окуучуларын, студенттерди, жаш адистерди чакырабыз, албетте аларга космос, космонавттын кесиби, инженерлер жөнүндө кенен айтып беребиз.

— Биринчи ачык космоско чыкканыңызда кандай сезимде болдуңуз?

— Коркунучтуу болду! Мен буга америкалык да, орусиялык да скафандр менен даярдангам. Бассейнде машыгуу ал башка нерсе, бирок чыныгы жашоодо люкту ачып, сырттагы чоң станцияны караганыңызда башкача сезилет. Алгач жыгылып кетчүдөй сезилет, жүрөктүн кагышы күчөйт экен. Космоско чыгып, көзүмдү жумуп: «Мен биринчи эмесмин, акыркы да эмесмин» дедим.

Айтмакчы, учкан 600дөй космонавттын ичинен жүзгө жетпегени кемеден  гана ачык космоско чыгып, иштеген . Бул ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Космостогу таасирлер  туралуу айтсаңыз, Салмаксыздык сезими бизди да кызыктырат?

-Асылып, калкып турганда бул адаттан тыш сезим, бирок бул өтө адаттан тыш көрүнүш. Жана биринчи 2-3 күндө адам өзүн жаман сезет, бир капыстан кыймыл болсо, жегендин баарын кусуп, жаман ахыбалда болот.  Салмаксыздык сезими адам тескери илинип тургандай жана башына абдан чоң кан агып, анын айлануусу баш аркылуу өтөт. Жерде, тескерисинче, буту аркылуу кан айланса, ал эми космосто баш аркылуу. Алгачкы күндөрү тамак жеп, суу ичүү абдан кыйын. Кадимкидей ойлонуу кыйынчылык жаратат. Ошондуктан космонавттарды ден соолугуна карап тандашат.

 Бактыгүл Тиленбаеванын шахмат борбору 2014-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келет. Борбордун командасы ырааттуу түрдө республикалык деңгээлде гана эмес, эл аралык турнирлерде, мелдештерде өлкөбүздүн намысын коргоп жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет. Борбордун окуучуларынын арасында Дүйнө жана Азия чемпионаттарынын көп жолку байге ээлери Элдияр Орозбаев, Азиз Дегенбаев,Нуриддин Юнусов, Эмир Шаршенбеков, Аймончок Жунусбекова, Бегимай Жаныбекова , Азалия Мирлан кызы, Соломко Артур бар.  Бактыгүл Тиленбаева 2022-жылы Азиядагы эң мыкты аял машыктыруучу деп табылса, анын машыктыруучу борбору ошол эле жылы Кыргызстандагы эң мыкты шахмат мектеби деп танылган.

Ыдырысова Нуркыз – Кыргызстандык мектеп окуучусу, Келечектеги Лидерлер мектебинин студенти, өз өлкөсүнөн биринчи болуп, дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда турган Стэнфорд университетинин аэрокосмостук инженерия бакалавриат программасына тапшырган. Келечектеги лидерлер мектеби – КМШ өлкөлөрү үчүн уникалдуу долбоор, анын негизги миссиясы Кыргызстандын жаштарын дүйнөнүн алдыңкы университеттерине гранттык негизде окууга даярдоо болуп саналат. Беш жылдык талыкпаган эмгектин натыйжасында долбоор мыкты натыйжаларга жетишти: анын бүтүрүүчүлөрү АКШдагы  Lehigh University, Чикаго университети, Бостон университети, Duke University, ошондой эле KAIST (Түштүк Корея), Erasmus University of Rotterdam (Нидерланды), Xiamen University (Малайзия) сыяктуу алдыңкы университеттерге 100% арзандатуу менен тапшырышты.

Жолугушуунун акырында Салижан Шакирович кол жазмасы менен балдарга белек тапшырды. Ал  шахмат боюнча Азия чемпионаттарынын көп жолку жеңүүчүлөрү Э. Шаршенбеков, Б. Жаныбекова,Н. Юнусовго Чыңгыз Айтматовго арналган китептерди белек кылып, башка жаш шахматчыларга да ийгиликтерди каалады.

Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист

Бөлүшүү

Комментарийлер